Сандар 4:1-49 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

2«Лебиден тараган Каат уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чык.

3Жыйын чатырындагы жумуштарды кылыш үчүн, кызмат кылууга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектерин санап чык.

4Каат уулдарынын жыйын чатырында кылган кызматы – ыйыктын ыйыгын көтөрүп жүрүү.

5Стан жолго чыгарда, Арун жана анын уулдары жыйын чатырына кирип, көшөгөнү чечип алып, аны менен келишим сандыгын жабышсын.

6Анан анын үстүнө деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабууну жабышсын, анын үстүнө ачык көк жүндөн токулган жабуу жабышсын, анан шыргыйларын киргизишсин.

7Нан тартуусу коюлуучу үстөлгө ачык көк жүндөн жасалган жабуу жабышсын, анын үстүнө идиштерди, табактарды, кумгандарды жана куюлуучу курмандыкка арналган чөйчөктөрдү коюшсун, анын үстүндө дайыма турчу нан да болсун.

8Анан ушулардын үстүнө кочкул кызыл түстөгү жабуу жабышсын, анын үстүнө деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу жабышсын, анан шыргыйларын киргизишсин.

9Ачык көк жүндөн жасалган жабуу менен чырактанды жана анын чырактарын, кычкачтарын, чырак өчүргүчтөрүн жана зайтун майы куюлган идиштерин жабышсын.

10Чырактанды жана ага тиешелүү бардык нерселерди деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу менен жаап, замбилдерге салышсын.

11Алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайдын үстүнө ачык көк жүндөн жасалган жабуу жаап, анын үстүнө деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу жаап, шыргыйларын киргизишсин.

12Ыйык жайда кызмат кылганда колдонулуучу буюмдарды ачык көк жүндөн жасалган жабууга ороп, анын үстүнө деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу жаап, замбилдерге салышсын.

13Анан курмандык чалынуучу жайдын күлүн чыгарып, анын үстүнө ачык кызыл түстөгү жабуу жабышсын.

14Анын үстүнө кызмат кылганда колдонулуучу буюмдарды: чок салгычтарды, айрыларды, калактарды, чараларды, курмандык чалынуучу жайдын бардык идиштерин салып, деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу менен жаап, шыргыйларын киргизишсин.

15Стан жолго чыгарда, Арун менен анын уулдары ыйык жайды жана анын бардык буюмдарын жаап бүткөндөн кийин, Кааттын уулдары аларды алып жөнөш үчүн келишсин, бирок ыйык жайга колдорун тийгизишпесин, болбосо өлүп калышат. Жыйын чатырынын бул буюмдарын Кааттын уулдары көтөрүп жүрүшсүн.

16Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Элазарга чырактанга куюлуучу зайтун майы, түтөтүлүүчү жыпар жыттуу зат, күндө алып келинүүчү нан курмандыгы, жыйын чатырына тиешелүү бардык нерселер тапшырылсын».

17Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

18«Лебилердин ичинен Каат уруусун тукум курут болуудан сактагыла.

19Алар ыйыктын ыйыгына жакын келгенде өлүп калбаш үчүн, мындай кылгыла: Арун менен анын уулдары келип, алардын кимиси эмнени көтөрөрүн көрсөтүп беришсин.

20Бирок Арун жана анын уулдары ыйык жайды жаап жатышканда, алар өлүп калбаш үчүн, жакын келип карашпасын».

21Теңир Мусага мындай деди:

22«Гейиршон уулдарын да уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чык.

23Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектерин санап чык.

24Алардын кылар кызматы жана көтөрөр жүгү бул:

25алар жыйын чатырынын жабууларын, жыйын чатырын, анын жабуусун, алардын үстүндөгү деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабууну жана жыйын чатырынын эшигиндеги көшөгөнү,

26жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын тегерегиндеги жабууларды, короонун эшигиндеги көшөгөнү, алардын аркандарын, аларга тиешелүү бардык буюмдарын көтөрүп жүрүшсүн жана ушул буюмдарга тиешелүү жумуштарды аткарышсын.

27Гейиршон уулдарынын көтөрө турган жүгү, аткара турган жумушу Арундун жана анын уулдарынын буйругу боюнча болсун. Аларга көтөрүп жүргөн буюмдарын сактоону тапшыргыла.

28Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Итамар көзөмөлдүк кылган Гейиршон уулдарынын жыйын чатырында кылар кызматы жана сактап жүрүүчү буюмдары мына ушулар.

29Мерари уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чык.

30Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектерин санап чык.

31Алардын жыйын чатырында кыла турган кызматы мындай: жыйын чатырынын устундарын, мамыларын, шыргыйларын, таканычтарын,

32короонун мамыларын, таканычтарын, казыктарын, аркандарын жана ага тиешелүү бардык нерселерин көтөрүп жүрүшсүн. Алар көтөрүп жүрүүгө милдеттүү болгон буюмдардын аттарын атап санап чыккыла.

33Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Итамар көзөмөлдүк кылган Мерари уулдарынын жыйын чатырындагы кылар кызматы ушул».

34Анан Муса менен Арун жана Ысрайыл уулдарынын башчылары Каат уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.

35Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектерди санап чыгышты.

36Аларды уруулары боюнча санап чыкканда, эки миң жети жүз элүү болду.

37Теңирдин буйругу боюнча Муса менен Арун санап чыккан Каат урууларынын ичинен жыйын чатырында кызмат кылгандары ушулар.

38Анан Гейиршон уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.

39Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектерди санап чыгышты.

40Аларды уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыкканда, эки миң алты жүз отуз болду.

41Теңирдин буйругу боюнча Муса менен Арун санап чыккан Гейиршон урууларынын ичинен жыйын чатырында кызмат кылгандары ушулар.

42Анан Мерари уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.

43Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектерди санап чыгышты.

44Аларды уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыкканда, үч миң эки жүз болду.

45Теңирдин буйругу боюнча Муса менен Арун санап чыккан Мерари урууларынын ичинен жыйын чатырында кызмат кылгандары ушулар.

46Ошентип, Муса менен Арун жана Ысрайылдын уруу башчылары лебилерди уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.

47Алар жыйын чатырында кызмат кылууга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки жүк көтөрө турган эркектерди санап чыгышты.

48Аларды санап чыкканда, сегиз миң беш жүз сексен болду.

49Муса Теңирдин буйругу боюнча алардын ар бирине кыла турган жумушун, көтөрө турган жүгүн дайындады жана Теңир буйругандай санап чыкты.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>