Сандар 5:1-31 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Мусага мындай деди:

2«Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук бер: Өздөрү жашап жаткан станды булгабашы үчүн, алар бардык пес оорулууларды, жыныстык мүчөсүнөн ириң аккандарды, өлүккө тийип булгангандарды,

3эркек болобу, аял болобу, стандын сыртына чыгарып салышсын, алардын арасында Мен жашап жатам».

4Ысрайыл уулдары ошондой кылышты, аларды стандын сыртына чыгарып салышты. Теңир Мусага кандай айтса, Ысрайыл уулдары ошондой кылышты.

5Теңир Мусага мындай деди:

6«Ысрайыл уулдарына айт: “Эркек болобу, аял болобу, адамга каршы кандайдыр бир күнөө кылса, анда ал Кудайга каршы кылмыш кылган болот, ал адам күнөөлүү.

7Ал кылган күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурасын, кандай зыян келтирсе, ошону толугу менен төлөп берсин. Кимге каршы күнөө кылса, ошол адамдын кунунун үстүнө кунунун бештен бир бөлүгүн кошуп төлөп берсин.

8Эгерде ал адамдын кунун ала турган мураскору жок болсо, анда анын кунун Теңирге берсин. Анын кунун күнөөсү үчүн чалынуучу кочкор менен кошо ыйык кызмат кылуучуга берсин.

9Ысрайыл уулдарынын алып келген ыйык курмандыктарынын ичинен өйдө көтөрүп алып келген тартууларынын баары ыйык кызмат кылуучуга таандык.

10Кимдир бирөө тарабынан арналган нерсе ыйык кызмат кылуучуга таандык. Ким ага эмне алып келсе, ошонун баары ага таандык”».

11Теңир Мусага дагы мындай деди:

12«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Кимдин аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салып, бейопалык кылса,

13ким ал аял менен жатып, эрендигин агызса, бирок муну күйөөсү билбесе, аялы муну жашыруун кылса, үстүнөн чыккан күбөлөр болбосо, бети ачылбаса,

14бирок ал аялдын күйөөсү шектенип кызганса, же аялы бузулса-бузулбаса да шектенип кызганса,

15анда ал аялын ыйык кызмат кылуучуга алып келсин. Аялы үчүн курмандыкка эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк арпа унунан алып келсин, бирок ага зайтун майын куйбасын, ладан салбасын, анткени бул – мыйзамсыздыкты эске салган, кызганыч үчүн алып келинген курмандык.

16Ыйык кызмат кылуучу ал аялды, Теңирдин алдына алып келсин да,

17чопо идишке ыйык суудан куюп, жыйын чатырынын жеринен топурак алып, сууга салсын.

18Анан ыйык кызмат кылуучу ал аялды Теңирдин алдына алып келип, жылаңбаштап, мыйзамсыздыкты эске салган, кызганыч үчүн алып келинген курмандыкты колуна берсин, ыйык кызмат кылуучунун колунда каргышка калтыра турган ачуу суу болсун.

19Ыйык кызмат кылуучу аялга: “Эгерде эч ким менен жатпасаң жана булганбасаң, күйөөңдүн көзүнө чөп салбасаң, анда каргышка калтыра турган мына бул ачуу суудан эч кандай зыян тартпайсың.

20Эгерде күйөөңдүн көзүнө чөп салсаң, булгансаң, күйөөңдөн бөлөк бирөө менен жатсаң,

21анда сага Теңирдин каргышы тийсин, элиңдин да каргышы тийсин, жатының куурап, ичиң шишип кетсин.

22Каргышка калтыра турган мына бул суу ичиңди аралап өтсүн, ичиң шишип, жатының куурап калсын”, – деп каргыш айтып, ант ичирсин. Аял болсо “Оомийин, оомийин” десин.

23Анан ыйык кызмат кылуучу кагазга ошол каргыш сөздөрдү жазып, аны ачуу сууга жууп салсын.

24Анан каргышка калтыра турган сууну аялга ичирсин, ошондо каргышка калтыра турган суу аялдын ичине кирип, ага зыян келтирет.

25Анан ыйык кызмат кылуучу аялдын колунан кызганыч үчүн алып келинген нан курмандыгын алып, Теңирдин алдында өйдө көтөрүп, курмандык чалынуучу жайга алып барсын.

26Анан ыйык кызмат кылуучу мыйзамсыздыкты эске салган нан курмандыгынан бир ууч алып, аны курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн, андан кийин аялга жанагы сууну ичирсин.

27Сууну ичиргенден кийин, эгерде аял таза эмес болсо, күйөөсүнө каршы кылмыш кылса, каргышка калтыра турган ачуу суу ичине кирип, зыян келтирип, ичин шишитип, жатынын кургатат, ал аял эл ичинде жек көрүндү болот.

28Эгерде аял булганбаган болсо, таза болсо, анда ал эч кандай зыян тартпайт, бала төрөй алат.

29Кызганыч жөнүндөгү мыйзам ушул. Аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салып булганса,

30же күйөөсү аялынан шектенип кызганса, анда ал аялын Теңирдин алдына алып келсин, ошондо ыйык кызмат кылуучу ушул мыйзамды аткарсын.

31Ошондо күйөөсү күнөөдөн таза болот да, аялы өз күнөөсүн өзү көтөрөт».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>