Сандар 6:1-27 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Мусага дагы мындай деди:

2«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Эркек же аял Теңирдин назири болууга өзүн арнаш үчүн, назир болуу убадасын берүүгө чечим чыгарса,

3анда ал шараптан, ичимдиктен баш тартсын. Ал ачуу шараптын сиркесин, күчтүү ичимдиктин сиркесин, жүзүмдөн жасалган эч бир суусундукту ичпесин, жүзүмдүн өзүн да, кургатылганын да жебесин.

4Назир болуп турган убагында жүзүмдүн данегин да, кабыгын да, жүзүмдөн жасалган эч бир нерсени жебесин.

5Назир болууга убада берген күндөрүндө анын башына устара тийбесин, өзүн Теңирдин назири болууга арнаган күндөрү бүткөнгө чейин, ал ыйык болуп эсептелет. Чачын өстүрсүн.

6Өзүн Теңирдин назири болууга арнаган күндөрү өлүккө жакындабасын.

7Эгерде атасы же энеси, агасы же иниси, эжеси же карындашы өлсө, алардын өлүгүнө жакындап булганбасын, анткени анын өзүн Кудайга арнаган белгиси өзүнүн башында.

8Өзүн назирликке арнаган күндөрү ал Теңирдин ыйыгы болуп эсептелет.

9Эгерде анын жанында бирөө кокустан өлүп, назир экенин билдирген башын булгап алса, анда ал күнөөдөн тазалана турган жетинчи күнү чачын алдырсын.

10Сегизинчи күнү эки бактекти же эки жаш көгүчкөндү алып келип, жыйын чатырынын алдындагы ыйык кызмат кылуучуга берсин.

11Ыйык кызмат кылуучу эки канаттуунун бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка чалып, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалсын. Өлүккө тийип булганган аны ошентип тазалап, ошол күнү анын башын ыйыктасын.

12Анан Теңирдин назири болууга арнаган күндөрүн кайрадан улантыш үчүн, айып үчүн чалынуучу курмандыкка бир жылдык козу алып келсин, анткени анын назирлиги бузулуп, мурдагы күндөрү эсептелбей калды.

13Назир жөнүндөгү мыйзам мындай: анын назирлик күндөрү бүткөндөн кийин, аны жыйын чатырынын алдына алып келиш керек,

14ал Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемчилиги жок бир жылдык козу, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка кемчилиги жок бир жылдык ургаачы козу, тынчтык курмандыгына кемчилиги жок бир кочкор,

15бир себетке буудай унунан жасалган ачыткысыз нан, зайтун майы кошулуп бышырылган нан жана зайтун майы сыйпалган ачыткысыз токоч, бул нан курмандыгы менен бирге куюлуучу курмандык алып келсин.

16Ыйык кызмат кылуучу ушулардын баарын Теңирдин алдына алып келсин. Анан анын күнөөсү үчүн алып келген курмандыгын, бүтүндөй өрттөө үчүн алып келген курмандыгын чалсын.

17Анан Теңирге арнап тынчтык курмандыгына кочкор, аны менен кошо бир себет ачыткысыз нан алып келсин, ыйык кызмат кылуучу анын нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыгын да Теңирдин алдына алып келсин.

18Назир болгон адам жыйын чатырынын алдына келип, назирлигин билдирген чачын алып, өрттөлүп жаткан тынчтык курмандыгынын астындагы отко салсын.

19Назир өзүнүн назирлигин билдирген чачын алгандан кийин, ыйык кызмат кылуучу кочкордун бышкан санын, себеттеги ачыткысыз нандан бирди, ачыткысыз токочтон бирди алып, анын колуна берсин.

20Анан ыйык кызмат кылуучу аларды Теңирдин алдында силкилдетсин. Силкилдетиле турган төш менен өйдө көтөрүлө турган сандан тышкары бул ыйык курмандык да ыйык кызмат кылуучуга таандык. Назир болгон адам ушундан кийин гана шарап ичсе болот.

21Назир болууга сөз берген адам жөнүндөгү, назирлиги үчүн алып келе турган курмандыгы жөнүндөгү, андан сырткары мүмкүнчүлүгүнө жараша алып келе турган курмандыгы жөнүндөгү мыйзам ушул. Ал назирлик жөнүндөгү мыйзамда жазылгандан сырткары кандай убада берсе, ошону аткарсын”».

22Теңир Мусага дагы мындай деди:

23«Арунга жана анын уулдарына айт, алар Ысрайыл уулдарына мындай деп бата беришсин:

24“Теңир сага батасын берсин, сени сактасын!

25Теңир сени мээримдүү жүзү менен карасын, сага ырайым кылсын!

26Теңир сага назарын салсын, сага тынчтык берсин!”

27Алар Менин атымдан Ысрайыл уулдарына ушинтип бата беришсин, ошондо Мен аларга батамды берем».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>