Сандар 7:1-89 KYB2004 - Bible AI

1Муса жыйын чатырын орноткондон кийин, жыйын чатырын жана ага тиешелүү бардык нерселерди майлоочу май менен ыйыктады. Анан курмандык чалынуучу жайды жана ага тиешелүү бардык нерселерди майлап ыйыктады.

2Анан Ысрайыл урууларын санап чыккан уруу башчылары келишти. Алар – Ысрайылдын он эки уруусунун башчылары.

3Алар Теңирдин алдына курмандыкка он эки өгүзгө чегилген чүмкөмө алты майдан араба алып келип, жыйын чатырынын алдына коюшту. Алардын ар бири бирден өгүз чыгарды, ал эми эки башчы биригип бирден майдан араба чыгарды.

4Анан Теңир Мусага мындай деди:

5«Алардын курмандыктарын ал, алар жыйын чатырынын жумуштарына керек, аларды лебилерге кызматына жараша бөлүштүрүп бер».

6Муса майдан арабалар менен өгүздөрдү алып, лебилерге берди.

7Гейиршондун уулдарына кызматына жараша эки майдан араба менен төрт өгүздү берди.

8Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Итамардын көзөмөлү астындагы Мераринин уулдарына кызматына жараша төрт майдан араба менен сегиз өгүздү берди.

9Ал эми Кааттын уулдарына берген жок, анткени алардын кызматы – ыйыктын ыйыгын ийиндерине көтөрүп жүрүү, алар ыйыктын ыйыгын ийиндерине көтөрүп жүрүшү керек.

10Курмандык чалынуучу жайды ыйыктап майлай турган күнү уруу башчылары курмандыктарын алып келип, курмандык чалынуучу жайдын алдына коюшту.

11Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Курмандык чалынуучу жайды ыйыкташ үчүн, күнүнө бирден уруу башчы өз курмандыктарын алып келсин».

12Биринчи күнү Жүйүт уруусунан Аминадаптын уулу Нахшон өз курмандыктарын алып келди.

13Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

14Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

15Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

16күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

17тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Аминадаптын уулу Нахшондун курмандыктары.

18Экинчи күнү Исахар уруусунун башчысы Суардын уулу Натанаел өз курмандыктарын алып келди.

19Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

20Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

21Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

22күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

23тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Суардын уулу Натанаелдин курмандыктары.

24Yчүнчү күнү Забулун уруусунун башчысы Хейлондун уулу Элийап өз курмандыктарын алып келди.

25Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

26Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

27Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

28күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

29тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Хейлондун уулу Элийаптын курмандыктары.

30Төртүнчү күнү Рубейин уруусунун башчысы Шедейурдун уулу Элитсур өз курмандыктарын алып келди.

31Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

32Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

33Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир, букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

34күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

35тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Шедейурдун уулу Элитсурдун курмандыктары.

36Бешинчи күнү Шымон уруусунун башчысы Суришадайдын уулу Шелумиел курмандыктарын алып келди.

37Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

38Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

39Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

40күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

41тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Суришадайдын уулу Шелумиелдин курмандыктары.

42Алтынчы күнү Гат уруусунун башчысы Ребуелдин уулу Элийасап өз курмандыктарын алып келди.

43Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

44Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

45Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

46күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

47тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Ребуелдин уулу Элийасаптын курмандыктары.

48Жетинчи күнү Эпрайым уруусунун башчысы Амийуттун уулу Элишама өз курмандыктарын алып келди.

49Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

50Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

51Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

52күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

53тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Амийуттун уулу Элишаманын курмандыктары.

54Сегизинчи күнү Менаше уруусунун башчысы Пыдатсурдун уулу Гамлиел өз курмандыктарын алып келди.

55Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

56Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

57Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

58күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

59тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Пыдатсурдун уулу Гамлиелдин курмандыктары.

60Тогузунчу күнү Бенжемин уруусунун башчысы Гидонинин уулу Абидан өз курмандыктарын алып келди.

61Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

62Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

63Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

64күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

65тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Гидонинин уулу Абидандын курмандыктары.

66Онунчу күнү Дан уруусунун башчысы Амишадайдын уулу Ахиезер өз курмандыктарын алып келди.

67Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

68Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

69Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

70күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

71тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Амишадайдын уулу Ахиезердин курмандыктары.

72Он биринчи күнү Ашыр уруусунун башчысы Охрандын уулу Пагиел өз курмандыктарын алып келди.

73Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

74Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

75Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

76күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

77тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Охрандын уулу Пагиелдин курмандыктары.

78Он экинчи күнү Напталы уруусунун башчысы Эйнандын уулу Акира өз курмандыктарын алып келди.

79Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

80Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

81Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

82күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

83тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Эйнандын уулу Акиранын курмандыктары.

84Курмандык чалынуучу жайды ыйыктап майлаган күнү Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларынын алып келген курмандыктары мына булар: он эки күмүш чара, он эки күмүш табак, он эки алтын идиш.

85Ар бир чаранын салмагы жүз отуз күмүш шекел, ар бир табактын салмагы жетимиш күмүш шекел. Ошентип, ыйык шекел менен эсептегенде, бул идиштердин жалпы салмагы эки миң төрт жүз күмүш шекел болду.

86Түтөтүлүүчү заттар салынган он эки алтын идиштин ар биринин салмагы, ыйык шекел менен эсептегенде, он шекел болду. Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштердин алтынынын жалпы салмагы жүз жыйырма шекел болду.

87Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бодо малдан он эки букачар, он эки кочкор, бир жылдык он эки козу, ошондой эле нан курмандыгына жана күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка он эки теке,

88тынчтык курмандыгына бодо малдан бардыгы болуп жыйырма төрт букачар, алтымыш кочкор, алтымыш теке, бир жылдык алтымыш козу алып келишти. Курмандык чалынуучу жайды ыйыктап майлагандан кийин алып келинген курмандыктар ушулар.

89Муса Теңир менен сүйлөшүү үчүн жыйын чатырына киргенде, келишим сандыгынын капкагынын үстүндөгү эки керуптун ортосунан өзүнө сүйлөгөн Теңирдин үнүн угуп, Аны менен сүйлөштү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>