Сандар 9:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыккандан кийин, экинчи жылдын биринчи айында, Синай чөлүндө Теңир Мусага мындай деди:

2«Ысрайыл уулдары Пасах майрамын өзүнүн белгиленген убагында өткөрүшсүн.

3Пасах майрамын ушул айдын он төртүнчү күнү кечинде, өзүнүн белгиленген убагында өткөргүлө. Аны бардык мыйзамы, тартиби боюнча өткөргүлө».

4Анан Муса Ысрайыл уулдарына: «Пасахты өткөргүлө», – деди.

5Ошондо алар биринчи айдын он төртүнчү күнү кечинде Синай чөлүндө Пасах өткөрүштү. Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары ошондой кылып өткөрүштү.

6Ошол күнү өлгөн адамдын денесине кол тийгизип, таза эмес болгон адамдар да болду, ошондуктан алар Пасахты өткөрө алышкан жок. Ошол күнү алар Муса менен Арунга келип, мындай дешти:

7«Биз өлгөн адамдын денесине кол тийгизип, таза эмес болуп калдык. Эмне үчүн бизди Ысрайыл уулдары менен бирге Теңирге белгиленген убакта курмандык алып келүү укугунан ажыратып жатышат?»

8Ошондо Муса аларга: «Токтогула, силер тууралуу Теңир кандай буйрук берерин угайын», – деди.

9Анан Теңир Мусага мындай деди:

10«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Эгерде силердин араңардан же силердин тукумуңардын ичинен кимдир бирөө өлгөн адамдын денесине тийип, таза эмес болуп калса, же болбосо алыскы сапарда жүрсө, ошондо да ал Теңирдин Пасахын өткөрүүгө тийиш.

11Андай адамдар экинчи айдын он төртүнчү күнү кечинде Пасахты ачыткысыз нан, ачуу чөп жеп өткөрүшсүн.

12Пасахтын тамагынан эртең мененкиге калтырышпасын, анын сөөктөрүн сындырышпасын, Пасахты өзүнүн бардык эрежеси менен өткөрүшсүн.

13Таза адам же сапарда жүрбөгөн адам Пасахты өткөрбөй койсо, ал эл арасынан жок кылынсын, анткени белгиленген убакта ал Теңирге курмандык алып келген жок, өз күнөөсүн өзү көтөрсүн.

14Эгерде силердин араңарда келгин жашаса, ал да Теңирдин Пасахын өткөрүүгө тийиш. Ал аны бардык мыйзамы, тартиби менен өткөрүүгө тийиш. Келгин үчүн да, жергиликтүү тургун үчүн да бирдей мыйзам болсун».

15Жыйын чатырын орноткон күнү жыйын чатырын булут каптап, ал жыйын чатырынын үстүндө кеч киргенден таң атканга чейин от сыяктуу болуп турду.

16Дайыма ушундай болуп турду. Ал күндүз булут мамы, түнкүсүн от мамы болуп турду.

17Булут жыйын чатырынан көтөрүлгөндө, Ысрайыл уулдары жолго чыгышчу, булут токтогон жерге Ысрайыл уулдарынын станы токточу.

18Ысрайыл уулдары Теңирдин буйругу боюнча жолго чыгышчу, Теңирдин буйругу боюнча токтошчу. Булут жыйын чатырынын үстүндө канча турса, алар да ошончо турушчу.

19Эгерде булут жыйын чатырынын үстүндө узак убакытка туруп калса, анда Ысрайыл уулдары Теңирдин ушул буйругу боюнча токтоп турушчу.

20Кээде булут жыйын чатырынын үстүндө аз эле убакыт турчу, ошондо алар Теңирдин буйругу боюнча токтошчу, Теңирдин буйругу боюнча жолго чыгышчу.

21Кээде булут жыйын чатырынын үстүндө кеч киргенден таң атканга чейин туруп, таң атканда көтөрүлчү, ошондо алар жолго чыгышчу же булут бир күн, бир түн туруп көтөрүлгөндө, алар жолго чыгышчу.

22Булут жыйын чатырынын үстүндө эки күн, же бир ай, же бир нече күн турганда, Ысрайыл уулдары жолго чыгышчу эмес, ал көтөрүлгөн кезде гана алар жолго чыгышчу.

23Алар Теңирдин көрсөтмөсү боюнча токтошчу, Теңирдин көрсөтмөсү боюнча жолго чыгышчу. Алар Теңирдин Муса аркылуу берген буйругу боюнча Теңирдин көрсөтмөсүн аткарышчу.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>