Сепания 1:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Жүйүт падышасы Амон уулу Жошиянын тушунда Жехиския уулу, Амария уулу, Гедалия уулу, Куши уулу Сепанияга Теңирден болгон сөз.

2«Бардыгын жер үстүнөн жок кылам, – дейт Теңир. –

3Адамдарды да, жаныбарларды да, асман канаттууларын да, деңиз балыктарын да жок кылам, мыйзамсыздарды азгырыктары менен кошо жок кылам. Адамдарды жер үстүнөн жок кылам, – дейт Теңир.

4Мен Өз колумду Жүйүткө жана Иерусалимдин бардык тургундарына каршы сунам. Бул жерден Баалдын калдыгын, анын буткана кызматчыларынын ысымын да, кызматчыларын да жок кылам.

5Yйдүн үстүндө туруп алып, асман кошуундарына табынгандарды, Теңир менен ант бергендерди, өздөрүнүн падышалары менен ант бергендерди жок кылам.

6Теңирден баш тарткандарды, Теңирди издебегендерди, Ал жөнүндө сурабагандарды жок кылам.

7Кудай-Теңирдин алдында унчукпа, анткени Теңирдин күнү жакын. Чалына турган курмандыкты Теңир даярдап койгон, кимди чакырууну белгилеп койгон.

8Курмандык чалына турган Теңирдин күнү мындай болот: Мен төрөлөрдү, падышанын уулдарын жана бөтөн уруулардын кийимин кийгендердин бардыгын жазалайм.

9Мен ошол күнү босогодон секирип өткөндөрдүн баарын, өз Теңиринин үйүн зордук-зомбулукка, алдамчылыкка толтургандардын баарын жазалайм.

10Ошол күнү, – дейт Теңир, – Балык дарбазасынын алдында ый, башка дарбазалардын алдында өкүрүк, дөбөлөрдө чоң кыйроо болот.

11Шаардын төмөнкү бөлүгүндө жашагандар, боздоп ыйлагыла, анткени соода-сатык кылган эл бүт бойдон жок болот, күмүштүн түйшүгүн тарткандар кырылат.

12Ошол учурда мындай болот: Мен Иерусалимди чырактан менен карап чыгам да, өздөрүнүн ачыткысынын үстүндө отуруп алып, ичинен “Теңир жакшылык да, жамандык да кылбайт” дегендерди жазалайм.

13Алардын байлыгы олжого кетет, үйлөрү ээн калат: үйлөрдү салышат, бирок ал үйлөрдө жашашпайт, жүзүмдүктөрдү отургузушат, бирок алардын шарабын ичишпейт.

14Теңирдин улуу күнү жакын, абдан жакын, абдан шашып келе жатат. Теңир күнүнүн добушу угулуп жатат. Ошондо эң күчтүү да ачуу кыйкырат!

15Ал күн – каардын, кайгы менен кысымчылыктын, кыйроо менен бүлгүн-чапкындын, караңгы менен туңгуюктун, булут менен мунарыктын,

16сепил-чептүү шаарларга жана бийик мунараларга каршы сурнай тартуу жана согуш ураандарын чакыруу күнү.

17Мен адамдарды кысымга алам, ошондо алар сокурларга окшоп басып калышат, анткени алар Теңирге каршы күнөө кылышты, алардын каны топурактай, денелери кыктай туш-тушка чачылат.

18Теңирдин каары төгүлгөн күнү аларды күмүшү да, алтыны да куткара албайт, бул жер бүт бойдон Анын кызганычынын оту менен өрттөлөт, анткени Ал бул жерде жашагандардын бардыгын күтүлбөгөн жерден кырып жок кылат».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>