Сепания 2:1-15 KYB2004 - Bible AI

1Жүгөнсүз эл, өзүңөрдү жакшылап изилдегиле,

2Кудайдын өкүмү чыкканга чейин, топон сыяктуу сапырылып кеткениңерге чейин, силерди Теңирдин жалындуу каары каптаганга чейин, силерге Теңирдин катуу каары төгүлө турган күн келгенге чейин, өзүңөрдү изилдегиле!

3Жердеги бардык момундар, Теңирдин мыйзамдарын аткаргандар, Теңирди издегиле. Адилеттикти издегиле, момундукту издегиле. Балким, силер Теңирдин каары төгүлгөн күнү аман каларсыңар.

4Анткени Азаны таштай качышат, Ашкелонду ээн калтырышат, Азотту чак түштө кууп чыгышат, Экронду түп-тамыры менен жок кылышат.

5Деңиз жээгиндеги өлкөнүн тургундарына, Крит элине кайгы! Канаан, Пелишти жери, Теңирдин сөзү силерге каршы! Мен сени жок кылам, сенин тургундарың жок болот.

6Деңиз жээгиндеги өлкө койчулардын кой короосуна жана малдын кашаасына айланат.

7Бул аймак Жүйүттүн калдыгына тиет, ошол жерге мал жайышат, кечкисин Ашкелондун үйлөрүндө эс алышат, анткени аларга өздөрүнүн Кудай-Теңири келип, алардын туткундарын кайрып келет.

8Мен Мааптын шылдыңын, Амон уулдарынын жаман сөздөрүн уктум, алардын Менин элимди кандай кордогонун, анын аймактарында кандай текеберденгенин уктум.

9Ошондуктан – дейт Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, – Маап Содомдой, Амон уулдары Амордой болот, алар чалкан баскан жерге, шор баскан чуңкурчаларга, түбөлүк эрме чөлгө айланышат. Менин элимдин калдыгы аны талап-тоноп алат, Менин адамдарымдын ичинен аман калгандары аларды мурастап алышат, Мен тирүүмүн!

10Бул аларга алардын текебердиги үчүн, Себайот Теңирдин элине кордук көрсөтүп, менменсинишкени үчүн болот.

11Алар Теңирден коркуп калышат, анткени Ал жер үстүндөгү бардык кудайларды жок кылат. Бардык аралдардын элдери, ар бири өз жеринде Ага табынышат.

12Силер да, эфиопиялыктар, Менин кылычым менен өлтүрүлөсүңөр».

13Ал Өз колун түндүккө каршы сунуп, Ашурду жок кылат, Нинебини урандыга, чөл сыяктуу какшыган жерге айлантат.

14Ал жерге ар кандай мал жана жапайы жаныбарлар байыр алышат. Анын дарбазаларынын мамыларына биргазан менен кирпи чечен түнөйт. Алардын үндөрү терезелерден угулат, эшиктердин мамылары кыйраган, анткени аларга капталган кедр жыгачтары сыйрылып калган.

15Салтанат куруп, бейкапар жашаган, жүрөгүндө: «Мен эле бармын, менден башка эч ким жок», – деген шаарга ушундай болот. Ал кандай кыйрады! Ал жырткычтардын түнөгүнө айланды! Анын жанынан өткөн ар бир адам ышкырып, колун шилтейт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>