Сепания 3:1-20 KYB2004 - Bible AI

1Козголоңчул, булганган, ырайымсыз шаарга кайгы!

2Ал сөздү укпайт, акыл-насаатты кабыл албайт, Теңирге таянбайт, өз Кудайына жакындабайт.

3Анын төрөлөрү – ырылдаган арстандар, башкаруучулары – иңирдеги карышкырлар, алар таңга чейин бир да сөөк калтырышпайт.

4Анын пайгамбарлары – жеңил ойлуу, ишенимсиз адамдар. Анын ыйык кызмат кылуучулары ыйык нерселерди булгашат, мыйзамды тебелеп-тепсешет.

5Адилет Теңир анын ичинде, адилетсиздик жасабайт, ар дайым эртең менен Өзүнүн адилет өкүмүн көрсөтүп турат. Бирок мыйзамсыз адам уят-сыйытты билбейт.

6«Мен элдерди кырдым, алардын чептери кыйратылды. Алардын көчөлөрүн ээн калтырдым, эми ал көчөлөрдөн эч ким баспайт. Алардын шаарлары талкаланды: аларда эч ким жашабай калды, бир да адам калган жок.

7Мен ага: “Менден гана корк, акыл-насаатты кабыл ал!” – дегем. Менден коркуп, акыл-насаатымды кабыл алганда, анын турак жайы кыйратылмак эмес, ал үчүн Мен белгилеген нерсе анын башына түшмөк эмес. Бирок алар өздөрүнүн бардык жаман иштерин тырышчаактык менен улантып жатышты.

8Ошондуктан Мен кыйратуу үчүн ордуман турган күнгө чейин, Мени күткүлө, – дейт Теңир, – анткени Мен элдерди чогултуш үчүн, падышачылыктарды чакырыш үчүн, аларга Өзүмдүн каарымды, Өзүмдүн жалындаган каарымды төгүш үчүн өкүм чыгардым. Анткени бүт жер жүзүн Менин кызганычымдын оту жалмайт.

9Ошондо бардык элдер Теңирдин ысымын чакырсын деп, Ага бир кишидей кызмат кылсын деп, Мен аларга кайрадан таза ооз берем.

10Эфиопия дарыяларынын аркы өйүзүндөгү өлкөлөрдөн Мага табынуучулар – Менин чачырап кеткен элимдин балдары Мага тартуу алып келишет.

11Ошол күнү сен өзүңдү Мага каршы жасаган ар кандай күнөөлүү иштериң менен булгабайсың, анткени Мен ошол күнү сенин ичиңден сенин атагың менен мактангандарды жок кылам, ошондон кийин Менин ыйык тоомдо өзүңдү жогору көтөрбөйсүң.

12Бирок сенин ичиңе момун, жөнөкөй элди калтырам, алар Теңирдин ысымына таянышат.

13Ысрайылдын калдыгы адилетсиздик кылбайт, жалган сүйлөбөйт, алардын оозунда айлакер тил болбойт. Алар тынч оттоп, жайылып жүргөн койлордой болушат, эч ким алардын тынчын албайт».

14Кубан, Сион кызы! Салтанат кур, Ысрайыл! Бүт жүрөгүң менен кубан, шаттан, Иерусалим кызы!

15Теңир сени жазалабай турган болду, сенин душманыңды кууп чыкты! Теңир, Ысрайыл Падышасы, сени менен, мындан ары жамандыктан коркпойсуң.

16Ошол күнү Иерусалимге: «Коркпогун», Сионго: «Сенин колуңдан күч кетпесин!

17Сенин Кудай-Теңириң сени менен, Анын сени куткарганга күчү жетет. Ал сен үчүн абдан кубанат, Өз сүйүүсү менен сага ырайым кылат, сен жөнүндө шаттанып салтанат курат», – дешет.

18«Салтанаттуу майрамдар үчүн кайгыргандарды Мен чогултам. Алар сенин адамдарың, алардын үстүндө маскарачылык жатат.

19Мына, Мен ошол учурда сени кысымга алгандардын баарын жок кылам, аксагандарды куткарам, чачырап кеткендерди чогултам, алар кайсы жерде кордолушса, ошол жерде аларды атактуу, даңктуу кылам.

20Ошол учурда силерди алып келем, ошол эле учурда силерди чогултам. Мен силердин туткундарыңарды көз алдыңарда кайрып келип, силерди жер үстүндөгү бардык элдердин арасында атактуу, даңктуу кылам», – дейт Теңир.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>