Титке 1:1-16 KYB2004 - Bible AI

1Кудай тандап алгандар ишениши үчүн жана такыбаалыкка жеткире турган чындыкты таанып билиши үчүн, Ыйса Машайактын элчиси болуп дайындалган Кудайдын кулу Пабылдан салам!

2Элчилик ишим түбөлүк өмүргө болгон үмүткө негизделген. Ал өмүрдү жалган сүйлөбөгөн Кудай кылым менен белгиленген убакыт баштала электен мурун эле убада кылган.

3Убагы келгенде, Кудай Өз сөзүн менин жар салуум аркылуу жарыялады. Жар салуу Куткаруучубуз Кудайдын буйругу боюнча мага ишенип тапшырылган.

4Ишеним жолундагы чыныгы уулум Титке Кудай Атабыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайак ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

5Мен сени бүтпөй калган иштерди бүтүрүшүң үчүн жана мен буйругандай, бардык шаарлардагы Жыйындарга башчыларды дайындашың үчүн Критте калтыргам.

6Жыйын башчысы болуп дайындала турган адам кемчиликсиз, бир эле жолу үйлөнгөн адам болсун. Анын балдары жаман жолго түшүп же ээнбаштык кылып жаманатты болбогон, Теңирге ишенген балдар болушу керек.

7Жыйын жетекчиси Кудайдын Жыйынын башкаруучу катары кемчиликсиз болушу керек. Ал өзүнүкүн бербеген, ачуулуу, ичимдикке жакын, мушташты сүйгөн, дүнүйөкор адам болбошу керек.

8Тескерисинче, меймандос, жакшылыкты сүйүүчү, адеп-ахлактуу, адилеттүү, такыбаа, өзүн өзү кармай билген,

9туура окутууга үйрөтө билиши үчүн жана каршы чыккандардын айыбын ача билиши үчүн, окутууга ылайык келген чындык сөзүн карманган адам болушу керек.

10Анткени баш ийбегендер, сөз деп эле сүйлөй бергендер, алдамчылар көп. Мындайлар, айрыкча сүннөткө отургузулгандардын арасында көп.

11Алардын жаагын жап кылуу керек. Алар өз керт башынын уятсыз кызыкчылыктары үчүн, окутпаш керек болгон нерсени окутуп, кээ бир үй-бүлөлөрдү толугу менен бузушат.

12Өздөрүнүн эле арасынан бирөө, алардын бир акыны: «Криттиктер дайыма калп айтышат, алар – ырайымсыз жырткычтар, жалкоо соргоктор», – деп айткан.

13Бул күбөлөндүрүү туура. Ошол себептен алар жүйүттөрдүн тамсилдерине жана чындыктан тайган адамдардын буйруктарына көңүл бурбастан,

14ишенимди туура тутушу үчүн, алардын айыбын аёосуз ашкереле.

15Тазалар үчүн бардыгы таза. Ал эми таза эмес жана ишенимсиз адамдар үчүн таза нерсе жок, анткени алардын акылы да, абийири да булганган.

16Алар Кудайды билебиз деп ырасташат, бирок кара ниет, баш ийбес, жакшы иштерди кылууга жөндөмсүз болушкандыктан, кылган иштери менен Аны танышат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>