1Сен болсо туура окутууга ылайык келген нерсени айт.
2Карыялар кыраакы, оор басырыктуу, адеп-ахлактуу болушсун, алардын ишеними, сүйүүсү жана чыдамдуулугу туура болсун.
3Ошондой эле улгайган аялдар өздөрүн такыбаа алып жүрүшсүн, алар ушакчы жана шараптын кулу болушпасын, жакшылык кылууга үйрөтүшсүн,
4Кудай сөзүнө тил тийбеши үчүн, алар жаш аялдарды күйөөсүн, балдарын сүйүүгө,
5адеп-ахлактуу, таза, үйгө камкор, кең пейил болууга, күйөөсүнө баш ийүүгө үйрөтүшсүн.
6Жаштарды да адеп-ахлактуу болууга чакыр.
7Жакшы иштерди кылып, бардык нерседе өзүң үлгү бол, окутууда тууралыкты, олуттуулукту көрсөт,
8сөзгө калбагыдай болуп, туура сөздөрдү сүйлө. Каршы чыккан адам биз жөнүндө эч бир жаман сөз айта албай, уят болсун.
9Кулдарга айт, бардык жагынан биздин Куткаруучубуз Кудайдын окутуусуна жасалга болуш үчүн, алар өз кожоюндарына бардык нерседе баш ийишсин, алар менен айтышпай, уурулук кылбай,
10тескерисинче, бардык нерседе ишенимдүүлүк көрсөтүп, кожоюндарынын көңүлүнө жагышсын.
11Анткени Кудайдын бардык адамдарды куткара турган ырайымы айкын болду.
12Бул ырайым бизди кудайсыздык менен бул дүйнөнүн кумарларын четке кагууга, азыркы мезгилде адеп-ахлактуулук менен, адилеттүү жана такыбаа жашоого үйрөтүп жатат.
13Биз ыйык үмүттү, улуу Кудайыбыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын даңкынын көрүнүшүн күтүп жашашыбыз керек.
14Бизди бардык мыйзамсыздыктан куткарып, тазалап, бизден Өзүнө таандык, жакшы иштерди кылууга тырышкан эл жаратуу үчүн, Машайак биз үчүн Өзүн берген.
15Ушуну бийлик менен айт, акыл-насаат айт, ашкереле. Эч ким сени тоотпой койбосун.