Титке 3:1-15 KYB2004 - Bible AI

1Ишенгендерге эскерт: алар башкаруучулар менен бийликтегилерге баш ийишсин, тил алышсын жана бардык жакшы иштерди жасоого даяр болушсун,

2эч кимге жаман сөз айтышпасын, жаңжалчыл эмес, жоош болушсун жана бардык адамдарга момундук менен мамиле кылышсын.

3Анткени биз да бир кезде акылсыз, баш ийбес, адашкан, кумарлардын жана ар кандай күнөөлүү каалоолордун кулу болгон, жамандык, көрө албастык кылып жашаган, жек көрүндү, бири-бирибизди жек көргөн адамдар элек.

4Бирок Куткаруучубуз Кудайдын жакшылыгы жана адамдарга болгон сүйүүсү айкын болгондо,

5Ал бизди адил иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн ырайымынын негизинде кайра төрөлтүү менен жуунтуу жана Ыйык Рух аркылуу жаңылантуу менен куткарып алды.

6Биз Кудайдын ырайымынын негизинде акталып, үмүтүбүзгө ылайык түбөлүк өмүрдүн мураскорлору болуп калышыбыз үчүн,

7Кудай ал Ыйык Рухту Куткаруучубуз Ыйса Машайак аркылуу үстүбүзгө мол төктү.

8Бул сөз чындык, ошондуктан Кудайга ишенгендер жакшы иштерди кылууга тырышчаактык менен аракеттенүүлөрү үчүн, мен сенин ушул жөнүндө ынандырышыңды каалайм. Анткени бул жакшы жана адамдарга пайдалуу.

9Акылсыз уруш-талаштардан жана ата-текти териштирүүдөн, мыйзам тууралуу талашып-тартышып чатакташуудан кач, анткени мунун бардыгы пайдасыз жана маанисиз.

10Бир же эки жолу эскерткенден кийин, бөлүп-жаруучу адамдардан четтегин.

11Анткени сен мындай адамдын бузулганын, күнөө кылып жатканын, ошентүү менен өзүн өзү айыптуу кылып жатканын билесиң.

12Мен сага Артемасты жана Тихикти жиберем. Алар баргандан кийин, сен мага, Никополго келүүгө аракет кыл, анткени мен кышты ошол жерден өткөрүүнү чечтим.

13Мыйзам окутуучу Зенас менен Аполосту жолго чыгарарыңда, алар үчүн кам көр, эч нерсеге муктаж болбогудай болушсун.

14Жемишсиз болуп калбаш үчүн, биздикилер да жакшы иштерди кылууга көнүгө беришсин, керек болгон учурда башкалардын муктаждыктарын канааттандыргыдай болушсун.

15Жанымдагылардын бардыгы сага салам айтып жатышат. Ишеним жолунда бизди сүйгөндөрдүн бардыгына салам айт. Кудай бардыгыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>