1Филипидеги Жыйын башчылары жана диакондор менен бирге эле Машайак Ыйсанын бардык ыйыктарына Машайак Ыйсанын кулдары Пабыл менен Тиметейден салам!
2Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!
3Силерди эстеген сайын, Кудайыма ыраазычылык билдирем.
4Сыйынган сайын, баарыңар үчүн ар дайым кубаныч менен сыйынам.
5Себеби силер биринчи күндөн тартып азыркыга чейин Жакшы Кабар таратуу ишинде бизге кызматташ болуп келе жатасыңар.
6Силерде баштаган жакшы ишин Кудай Ыйса Машайактын күнүнө чейин аягына чыгарарына бекем ишенем.
7Баарыңар жөнүндө мен ушундай ойлоого тийишмин. Силер ар дайым менин жүрөгүмдөсүңөр, анткени кишенде жүргөнүмдө болобу, Жакшы Кабарды коргоп, бекемдеп жатканымда болобу, баарыңар мени менен бирге ырайымга шериктешсиңер.
8Баарыңарды Ыйса Машайактын сүйүүсү менен сүйөрүмө Кудай күбө.
9Силердин сүйүүңөр таанып билүү жана ар кандай сезимталдык жагынан өсө бериши үчүн сыйынам.
10Эң жакшысын ажырата билип, Машайактын күнүндө таза жана кемчиликсиз болушуңар үчүн,
11Кудай даңкталышы жана макталышы үчүн, Ыйса Машайак аркылуу адилдиктин жемишине артыгы менен ээ болушуңар үчүн сыйынам.
12Бир туугандар, мен туш болгон жагдайлар Жакшы Кабар таратылышы үчүн жакшы шарт түзүп бергенин билишиңерди каалайм.
13Машайак үчүн кишенделгеним падыша сарайынын бардык сакчыларына жана башкаларга маалым болду.
14Менин кишендерим Теңир жолундагы бир туугандардын көбүнө дем берди. Алар Кудай Сөзүн кайраттуулук менен, коркпостон тарата башташты.
15Ырас, кээ бирөөлөрү Машайак жөнүндө таза ниет менен, кээ бирөөлөрү ичи тардык жана атаандаштык менен жар салып жатышат.
16Жакшы Кабарды коргоо мага дайындалганын билишип, кээ бирөөлөрү сүйүү менен жар салып жатышат.
17Дагы бирөөлөрү болсо туткунда жаткан мага азап тарттыруу үчүн, Машайак жөнүндө таза ниет менен эмес, атаандаштык менен жар салып жатышат.
18Анткорлонуп болобу же чын жүрөктөн болобу, кандай болсо да, Машайак жөнүндө жар салып жатышат. Мен буга кубанам жана кубана бермекчимин.
19Анткени силердин сыйынууңар жана Теңир Ыйсанын Рухунун колдоосу менин кутулуума шарт түзөрүн билем.
20Эч нерседе уятка калбайм деп бекем ишенем жана үмүттөнөм. Машайак менин денем аркылуу ар дайым даңкталып келгендей, мындан ары да, жашасам да, өлсөм да даңкталат деп, кайраттуулук менен айта алам.
21Мен үчүн өмүр – Машайак, ал эми өлүм – утуп алуу.
22Эгерде жердеги жашоом үзүрлүү эмгек менен коштолуп жатса, анда кайсынысын тандап алууну билбейм.
23Мен тигинисине да, мунусуна да тартылам. Бул дүйнөдөн кетип, Машайак менен бирге болгум келет, анткени бул эң жакшы.
24Бирок калганым силер үчүн пайдалуу.
25Ишеним жолунда ийгиликке жетип, кубанычка ээ болушуңар үчүн, каларымды жана баарыңар менен бирге болорумду жакшы билем.
26Ошентип, силерге экинчи ирет барганымда, мен аркылуу Машайак Ыйсаны көбүрөөк мактай аласыңар.
27Бирок Машайактын Жакшы Кабарына татыктуу жашагыла. Барып, силерди көрсөм да, силерден алыс жүрсөм да, силер тууралуу «Жакшы Кабар таратылышы үчүн бир ой, бир тилек менен бардык күч-аракетин жумшап жатышат» деген сөздү уккандай болоюн.
28Силерге каршы чыккан адамдардан эч коркпогула. Бул – алар үчүн өлүмдүн, ал эми силер үчүн куткарылуунун белгиси, бул Кудайдан.
29Анткени силерге Машайакка ишенүү гана эмес, Ал үчүн азап чегүү артыкчылыгы да берилген.
30Мындай күрөштү мурун менин жашоомдон көргөн болсоңор, азыр угуп жатасыңар.