Филипиликтерге 2:1-30 KYB2004 - Bible AI

1Ошентип, эгерде силерде Машайактан келген кандайдыр бир сооронуу, кандайдыр бир сүйүү кубанычы, Рух менен болгон кандайдыр бир баарлашуу, кандайдыр бир кайрымдуулук жана боорукердик бар болсо,

2анда мени кубанткыла: бир ойго, ошол эле сүйүүгө ээ болгула, ынтымактуу жана бир пикирдүү болгула.

3Эч бир нерсени атаандаштык жана көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору санагыла.

4Ар кимиң өзүңдү гана эмес, өзгөнү да ойло.

5Анткени силердин ой жүгүртүүңөр Машайак Ыйсаныкындай болушу керек.

6Ал Кудайдын бейнеси болгонуна карабастан, Өзүнүн Кудай менен теңдигин олжо деп эсептеген жок.

7Бирок кул кейпин кийип, адамга окшош болуп, сырткы көрүнүшү боюнча адамдай болуп, Өзүн Өзү басынтты.

8Өлгөнгө чейин, айкаш жыгачта өлгөнгө чейин тил алчаак болуп, Өзүн басынтты.

9Ошондуктан Кудай Аны жогорулатып, Ага бардык ысымдардан жогору ысым берди.

10Ыйсанын ысымынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер түпкүрүндөгүлөрдүн баары тизе бүгүшү үчүн,

11«Ыйса Машайак – Теңир, Кудай Атанын даңкы» деп, ар бир тил ачык таанышы үчүн ушундай кылды.

12Ошентип, менин сүйүктүүлөрүм, араңарда болгонумда гана эмес, айрыкча, азыр араңарда жок болгонумда да, дайыма тил алчаак болгонуңардай эле, куткарылууңарды коркуу жана титирөө менен жүзөгө ашыргыла.

13Анткени Кудай силердеги тилекти да, аракетти да Өзүнүн жакшы ниети боюнча жаратат.

14Бул дүйнөдө жылдыздай жаркырап турушуңар үчүн, кежир, бузулган бул муундун арасында Кудайдын таза, кемчиликсиз, кемтиксиз уулдары болушуңар үчүн, бардыгын наалыбастан, шектенбестен кылгыла.

16Бекерге чуркап, эмгегим текке кетпей, Машайактын күнүндө силер менен сыймыктангыдай болушум үчүн, өмүр сөзүн бекем туткула.

17Ишеним кызматыңар жана курмандыгыңар үчүн курмандык боло турган болсом, мен кубанам, баарыңар менен бирге кубанам.

18Буга силер да кубангыла, мени менен бирге кубангыла.

19Силердин ал-абалыңарды билип, көңүлүм тынчыш үчүн, жакында силерге Тиметейди жиберем деп, Ыйса Теңирден үмүттөнөм.

20Анткени силер үчүн чындап кам көргөн андан башка эч кимим жок.

21Анткени баары тең эле Ыйса Машайакка жакканды эмес, өздөрүнө жакканды көздөшөт.

22Анын ишенимдүү экенин билесиңер. Анткени Жакшы Кабар таратуу ишинде ал мага уулу атасына кызмат кылгандай кызмат кылды.

23Менин эмне болорум белгилүү болор замат аны силерге жөнөтөм деген үмүтүм бар.

24Жакында өзүм да барып калам деп, Теңирге бекем ишенем.

25Мени менен бирге иштеген, бирге күрөшкөн, муктаж болуп турганымда жардамчы болгон, өзүңөр жиберген бир тууганыбыз Эпафродитти силерге кайра жиберүүнү зарыл деп таптым.

26Анткени ал баарыңарды абдан сагынды, өзүнүн ооруп калганы тууралуу силердин да кабардар болгонуңарга аябай тынчсызданды.

27Чынында эле, ал катуу ооруп, өлүм алдында жаткан эле. Бирок Кудай ага ырайым кылды, ага гана эмес, кайгыма кайгы кошулбашы үчүн, мага да ырайым кылды.

28Аны кайра көрүп кубанышыңар үчүн, өзүм да бир аз кубанып калышым үчүн, аны силерге жиберүүгө шаштым.

29Аны Теңирдин урматына кубаныч менен кабыл алгыла, мындай адамдарды сыйлагыла.

30Силерди жоктотпой, мага кызмат кылуу үчүн, ал өз өмүрүн тобокелге салды. Машайактын иши үчүн өлүмгө да баш байлады.

ticle>