1Акырында айтарым, бир туугандарым, Теңир менен кубангыла. Муну кайталап жазуу мен үчүн оор эмес, силер үчүн болсо пайдалуу.
2Иттерден сактангыла, жамандык кылуучулардан сактангыла, жалган сүннөттөн сактангыла.
3Анткени чыныгы сүннөт бизбиз, себеби Кудайдын Руху менен кызмат кылгандарданбыз, Машайак Ыйса менен мактангандарданбыз, денеге таянгандардан эмеспиз.
4Дегинкиси, денеме таянууга менде негиз бар. Эгерде кимдир бирөө денесине таянам дей турган болсо, анда мен денеме ага караганда көбүрөөк таяна алам.
5Сегизинчи күнү сүннөткө отургузулгамын, Ысрайыл тукумунун Бенжемин уруусунанмын, эврейден чыккан эвреймин, окутуу боюнча фарисеймин,
6кызганчаактык жагынан Жыйынды куугунтуктоочумун, мыйзамдын негизиндеги адилеттик боюнча кемчиликсизмин.
7Бирок Машайак үчүн өзүмдүн артыкчылыктарымды пайдасыз деп эсептедим.
8Теңирим Машайак Ыйсаны таанып билүү артыкчылыгы үчүн башка нерсенин баарын пайдасыз деп эсептейм. Ал үчүн баарынан баш тарттым, Машайакка ээ болуу үчүн,
9мыйзамдан келген өз адилдигим менен эмес, Машайакка болгон ишеним аркылуу, ишенимдин негизинде Кудайдан келген адилдик менен, Ал аркылуу адил деп табылышым үчүн,
10Аны жана Аны тирилткен күчтү таанып билиш үчүн, Анын тарткан азаптарына ортоктош болуш үчүн, Ага окшоп өлүп,
11өлгөндөр менен бирге тирилиш үчүн, баарын таштанды деп эсептейм.
12Мен мунун баарына жеттим же жеткилең болдум дебейм. Бирок Машайак Ыйса мага жеткен сыяктуу, мен да жетүүгө аракет кылам.
13Бир туугандар, мен өзүмдү жеттим деп ойлобойм. Болгону, арттагыны унутуп, алдыга умтулам.
14Максатыма – Кудайдын Машайак Ыйса аркылуу бере турган жогорку сыйлыгына умтулуп жатам.
15Ошентип, арабызда ким жеткилең болсо, ушундай ой жүгүртсүн. Эмне жөнүндө башкача ой жүгүртүп жатсаңар, ошону Кудай силерге ачып берет.
16Эмнеге жеткен болсок, ошого жараша ой жүгүртүп, ошого ылайык жашайлы.
17Бир туугандар, менден үлгү алгыла. Бизден алган үлгү боюнча жашап жаткандарды карагыла.
18Анткени Машайактын айкаш жыгачынын душмандары катары жашагандар көп. Алар жөнүндө мен силерге мурун да көп айткам, азыр да көз жаш менен айтып жатам.
19Алардын акыры – өлүм, алардын кудайы – курсак, алар уятсыз иштери менен мактанышат, алар жердеги жөнүндө ойлошот.
20Ал эми биздин мекенибиз асманда. Асмандан Куткаруучубузду – Теңирибиз Ыйса Машайакты күтүп жатабыз.
21Ал Өзүнүн бардыгын багындыра ала турган кудуреттүү күчү менен биздин даңкынан ажыраган денебизди өзгөртүп, Өзүнүн даңктуу денесиндей кылат.