1Ошентип, мен сүйгөн жана сагынган бир туугандар, силер менин кубанычым жана таажымсыңар, Теңир жолунда бекем тургула, сүйүктүүлөрүм.
2Эйдиядан жана Синтихеден өтүнөрүм, Теңир жолунда оюңар бир болсун.
3Жан досум, сенден да өтүнөм, бул аялдарга жардам бер. Анткени алар мени менен, Килемес менен жана ысымдары өмүр китебине жазылган башка кызматташтарым менен бирге Жакшы Кабар таратуу ишине катышышты.
4Ар дайым Теңир менен кубангыла, дагы да айтам: кубангыла.
5Силердин момундугуңар бардык адамдарга маалым болсун, Теңир жакын.
6Эч нерсе тууралуу кам санабагыла, ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла.
7Ошондо Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы силердин жүрөгүңөрдү жана ойлоруңарды Машайак Ыйса аркылуу сактайт.
8Ошентип, бир туугандарым, эмне чындык, эмне туура, эмне адилеттүү, эмне таза болсо, эмне адептүүлүккө жатса, эмне мактоого арзырлык болсо, ошол жөнүндө ойлогула.
9Менден эмнени үйрөнсөңөр, эмнени кабыл алсаңар, эмнени уксаңар, эмнени көрсөңөр, ошону аткаргыла. Ошондо тынчтыктын булагы болгон Кудай силер менен болот.
10Мага кайрадан кам көрө баштаганыңар үчүн, Теңир менен абдан кубандым. Буга чейин деле мага кам көрүүнү ойлочусуңар, бирок ишке ашырууга ыңгайы келбей жүргөн.
11Муну муктаж болгонумдан улам айтып жаткан жокмун, себеби болгонуна ыраазы болууга үйрөнгөм:
12жокчулукта да, молчулукта да жашай алам. Мен бардыгына үйрөнгөм: ачкачылыкка да, токчулукка да, барга да, жокко да көнгөм.
13Мага күч-кубат берген Ыйса Машайак аркылуу бардыгын кыла алам.
14Бирок менин кайгыма ортоктош болгонуңар жакшы болду.
15Филипиликтер, өзүңөр билесиңер, Жакшы Кабар таратыла баштаганда, Македониядан кеткенимде, жардам жиберүү жана кабыл алуу ишинде силерден башка эч бир Жыйын мага көмөктөшкөн жок.
16Тесалоникада жүргөндө муктаж болгонумда, силер мага бир нече ирет жардам жөнөттүңөр.
17Силерден жардам үмүт этип жаткан жокмун. Силердин пайдаңар үчүн көбөйүп жаткан жемишти каалап жатам.
18Мен бардыгын алдым, менде бардыгы бар. Эпафродит аркылуу берип жибергендериңерди алдым. Ал тартууларыңар – Кудайга жаккан жыпар жыттуу, жагымдуу курмандыктар.
19Менин Кудайым силердин бардык кем-карчыңарды Машайак Ыйса аркылуу Өзүнүн даңктуу байлыгы менен толуктайт.
20Кудай Атабыз кылымдан кылымга даңкталсын! Оомийин.
21Машайак Ыйсага ишенген ар бир ыйыкка салам айткыла. Менин жанымдагы бир туугандардын баары силерге салам айтып жатышат.
22Бардык ыйыктар, айрыкча падыша сарайындагылар силерге салам айтып жатышат.
23Баарыңарга Теңирибиз Ыйса Машайак ырайымын төгө берсин!
Оомийин.