Хабакук 1:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Хабакук пайгамбар көргөн көрүнүш.

2Теңир, мен качанга чейин боздой берем? Сен мени качанга чейин укпайсың? Сага качанга чейин зордук-зомбулук тууралуу зар какшай берем? Сен качанга чейин куткарбайсың?

3Эмне үчүн Сен мага кыянат иштерди, кыйынчылыктарды көрсөтүп жатасың? Талап-тоноочулук менен зордук-зомбулукту өз көзүм менен көрүп жатам, касташуулар менен уруш-чатактар болуп жатат.

4Ушундан улам мыйзам өз күчүн жоготту, адилеттүү сот жок. Мыйзамсыз адам адил адамга үстөмдүк кылгандыктан, сот да туура эмес жүрүп жатат.

5«Башка элдерге көз жүгүртүп, кунт коюп карагылачы, ошондо силер абдан таң каласыңар. Анткени Мен силердин күндөрүңөрдө бир иш жасайм, эгерде ал жөнүндө силерге айтышса, ишенмек эмессиңер.

6Анткени Мен каздимдерди, жерди узун-туурасынан аралап жүргөн ырайымсыз жана жүгөндөлбөгөн элди, өздөрүнө таандык эмес айыл-кыштактарды басып алууга көтөрөм.

7Ал – коркунучтуу, каардуу эл. Анын өкүмү да, бийлиги да өзүнөн чыгат.

8Анын аттары илбирстерден күлүк, иңирдеги карышкырлардан ыкчам. Анын атчан аскерлери ар тарапка чапкылашат. Анын атчандары алыстан келишет, жемине шукшурулуп келип тийген бүркүттөй болуп учуп келишет.

9Алардын баары талап-тонош үчүн келишет. Ал алдыга умтулуп, кумдай сансыз адамдарды туткундап кетет.

10Ал падышаларды шылдың кылат, төрөлөр анын күлкүсүнө айланат. Ал бүт сепилдерге күлөт, курчоо жалын үйүп, аны каратып алат.

11Ошондо ал текеберденет, жаалданып, ары-бери басат. Анын кудайы – өзүнүн күчү».

12Бирок менин Кудай-Теңирим, менин Ыйыгым эзелтен бери эле Сен эмес белең? Биз өлбөйбүз! Сен, Теңир, аны сот үчүн койгонсуң. Менин аска-зоом! Сен аны жазалаш үчүн дайындагансың.

13Сенин таза көздөрүң кыянат иштерди карап тура албайт, Сен мыйзамсыздыкты карап тура албайсың. Бирок эмне үчүн Сен кыянат иш кылгандарды карап турасың, эмне үчүн Сен мыйзамсыз адам өзүнөн адилеттүүрөөк адамды жутуп жатканда унчукпайсың?

14Эмне үчүн Сен адамдарды башчысы болбогон деңиз балыктарындай, жерде сойлоочулардай кылып таштап салдың?

15Ал алардын баарын кайырмактары менен сүйрөп чыгып, тору менен кармап, балык кармаган торлоруна чогултуп жатат, ошон үчүн кубанып, салтанат куруп жатат.

16Ошон үчүн өз торуна арнап курмандыктарды чалып жатат, балык кармаган торуна арнап жыпар жыттуу зат түтөтүп жатат, анткени алар аркылуу анын үлүшү майлуу, тамак-ашы мол.

17Эмне, ал өз торун ошон үчүн бошотуп жатабы? Ошон үчүн элдерди аёосуз уруп-согуп жатабы?

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>