1Мен өз күзөт ордумда турдум, мунара үстүндө туруп, Теңир мага эмне деп айтарын билиш үчүн, менин даттануума эмне деп жооп берерин билиш үчүн, күтүп турдум.
2Ошондо Теңир мага мындай деп жооп берди: «Көрүнүштү жаз, окуй турган адам оңой окуй алыш үчүн, аны таш лоокторго даана жазып кой.
3Анткени көрүнүш белгилүү бир мезгилге таандык, ал акыркы күн жөнүндө айтат, алдабайт. Анын аткарылуу убактысы создуктурулуп жатса да, күт, анткени ал сөзсүз ишке ашат, аткарылбай койбойт.
4Текебер адам тынч ала албайт, ал эми адил адам өз ишеними менен тирүү болот.
5Текебер адам ачыган шарапка окшош, тынчыбайт. Ал өлгөндөр жаткан жайга окшоп араанын ачат, өлүмгө окшоп эч нерсеге тойбойт, ал өзүнө бардык элдерди чогултат, бардык урууларды жыйнайт.
6Бирок элдердин баары ал тууралуу лакап айтып, шылдыңдуу ыр чыгарып: “Өзүн өзүнүкү эмес, башка бирөөнүкү менен ченемсиз байыткан, өзүнө күрөөнү үйүп алган адамга кайгы! Бул качанкыга чейин созулат дейсиң!” – дешет.
7Сени тытып жей тургандар капысынан чыкпайт бекен? Талап-тоноочулар сага каршы көтөрүлбөйт бекен? Алар сени талап-тоношот.
8Сен көп элдерди талап-тоногонсуң, адам канын төккөнсүң, өлкөнү, шаарды жана анда жашагандардын баарын кыйраткансың, ошон үчүн сени да башка элдер талап-тоношот.
9Өзүн жамандыктан сакташ үчүн, уясын бийик жерге салыш үчүн, арам жол менен байлык жыйнаган адамга кайгы!
10Сен көп элдерди кырып, өз үйүңдү уят кылдың, өз жаныңа каршы күнөө кылдың.
11Дубалдардын таштары боздоп ыйлашат, жыгач устундар аларга мындай деп жооп беришет:
12“Кан төгүп шаар курганга, мыйзамсыздык менен чеп курганга кайгы!”»
13Элдердин эмгегин от жалмап жатканы, уруулардын өздөрүн өздөрү бекер кыйнап жатышканы Себайот Теңирден эмес бекен?
14Анткени суулар деңизди толтургандай, жер Теңирдин даңкын таанып билүүгө толот.
15Сага кайгы, анткени сен жакыныңа өзүңдүн кыянаттыгың кошулган ичимдик берип жатасың, анын жылаңач этин көрүш үчүн, аны мас кылып жатасың!
16Сен даңкка эмес, маскарачылыкка тойдуң. Сен да ич, жылаңач этиңди көрсөт. Теңирдин оң колундагы чөйчөк сага да жетет. Сага даңк эмес, маскарачылык келет.
17Анткени сен Лебанондо кыянаттык кылдың, үрөйү учкан жаныбарларды кырдың, адам канын төктүң, өлкөнү, шаарды жана анда жашагандардын баарын кыйраттың.
18Сүрөтчү жасаган буркандан, куюлуп жасалган бул жалган окутуучудан эмне пайда? Уста сүйлөбөгөн кудайларды жасап, өз чыгармасына таянганы менен, андан эмне пайда?
19Жыгачка: «Тур!» – деген, үнсүз ташка: «Ойгон!» – деген адамга кайгы! Ошолор бир нерсеге үйрөтө алышабы? Ал алтын-күмүш менен капталган, анын жаны жок.
20Теңир болсо Өзүнүн ыйык ийбадатканасында. Анын алдында бүт жер жүзү үндөбөсүн!