Хабакук 3:1-19 KYB2004 - Bible AI

1Хабакук пайгамбардын сыйынуусу, ырдоо үчүн.

2Теңир! Мен Сенин үнүңдү угуп, коркуп кеттим. Теңир! Жакынкы жылдары Өз ишиңди бүтүр, жакынкы жылдары аны жүзөгө ашыр. Каарданып жатканыңда, ырайым жөнүндө эсте.

3Кудай Теймандан келе жатат, Ыйык Паран тоосунан келе жатат. Анын улуулугу асманды каптады, жер Анын даңкына толду.

4Анын жаркырашы күндүн жарыгындай. Анын колунан нур чачырайт. Анын күчү сакталган жашыруун жер – ошол жер!

5Анын алдында жугуштуу дарт бара жатат, артында куйкалоочу шамал келе жатат.

6Ал туруп, жерди солкулдатты. Карап, элдерди калтыратты. Байыркы тоолор кулады, алгачкы адырлар урады. Анын жолдору түбөлүктүү.

7Мен эфиопиялыктардын чатырларынын кайгыга батканын көрдүм. Мидиан жериндеги алачыктар солкулдап жатат.

8Теңир, Сенин каарың дарыяларга жалындады беле? Өз аттарыңа минип, Өзүңдүн куткаруучу майдан арабаларыңа түшкүдөй, Сен дарыяларга кыжырдандың беле же деңизге каардандың беле?

9Урууларга берген антың боюнча Сен Өз кылычыңды кынынан суурудуң. Сен жерди суулар менен жардың.

10Сени көрүп, тоолор титиреди, суулар ташыды, туңгуюк өз добушун чыгарды, өз колдорун бийик көтөрдү.

11Сенин атылган жебелериңдин жарыгынан, Сенин жалтылдаган найзаларыңдын жарыгынан күн менен ай өз ордунда токтоп калды.

12Сен жер үстүндө каарданып басып жүрдүң, кыжырданып, элдерди тебеледиң.

13Сен Өз элиңди куткарыш үчүн, Өзүңдүн майланганыңды куткарыш үчүн чыктың. Сен мыйзамсыз үйдүн башчысын кыйраттың, ал үйдү пайдубалынан төбөсүнө чейин жылаңачтадың.

14Сен анын аскер башчысын өзүнүн найзасы менен башка сайдың. Алар мени кыйратыш үчүн, куюндай жулкунуп келишти. Алардын кубанычы жакырды жашыруун жутуп алгысы келгендин кубанычына окшош.

15Сен Өз аттарың менен деңиздерден, чоң суулардын иримдеринен өттүң.

16Муну укканда, менин ички дүйнөм титиреп кетти. Бул кабардан эриндерим дирилдеп, сай-сөөгүм сыздап кетти, тизелерим титиреди. Бирок мен алаамат түшкөн күнү, элиме талоончу келгенде, кабатыр болбошум керек.

17Анжыр гүлдөбөй калса да, жүзүм сабагы мөмө бербей калса да, зайтун дарагы жемиш бербей калса да, эгин талаасы аштык бербей калса да, короодо майда мал калбай калса да, акырларда байланган бодо мал калбай калса да,

18мен Теңирим менен кубанам, мени куткарган Кудайым менен шаттанам.

19Кудай-Теңир менин күчүм, Ал менин буттарымды бугунун буттарындай кылат, мени өзүмдүн бийик жерлериме чыгарат! (Ырчылар тобунун башчысына).

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>