Чыгуу 1:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Жакып менен бирге өз-өз үй-бүлөсү менен Мисирге келген Ысрайыл уулдары булар:

2Рубейин, Шымон, Леби, Жүйүт,

3Исахар, Забулун, Бенжемин,

4Дан, Напталы, Гат жана Ашыр.

5Жакыптын тукуму жетимиш адам эле, Жусуп Мисирде болчу.

6Кийин Жусуп да, анын бир туугандары да, ошол муундун адамдары да көз жумушту.

7Бирок Ысрайыл уулдары укумдап-тукумдап көбөйүп, күч алып, Мисир жерине толушту.

8Мисирде Жусупту билбеген жаңы падыша такка отурду.

9Ал өз элине мындай деди: «Ысрайыл эли бизден алда канча көп жана күчтүү болуп кетти.

10Көбөйүп кетпеши үчүн, аларды алдайлы, антпесек согуш болсо, алар душмандарыбызга кошулуп, бизге каршы чыгып, жерибизден чыгып кетишет».

11Ошентип, фараон оор жумушка салып эзиш үчүн, алардын үстүнөн башчыларды койду. Азык-түлүк сактоо үчүн, алар фараонго Питом жана Раамсес деген шаарларды курушту.

12Аларды канчалык эзген сайын, алар ошончолук көбөйүштү. Алар канчалык көбөйгөн сайын, мисирликтер алардан ошончолук кооптоно башташты.

13Ошондуктан мисирликтер Ысрайыл уулдарын ырайымсыздык менен зордоп жумушка салышты.

14Аларды ылай менен кышка салып, ар кандай талаа жумуштарына ырайымсыздык менен зордоп иштетип, алардын жашоосун азаптуу кылып жиберишти.

15Мисир падышасы Шипра жана Пуя деген аначы эврей кемпирлерге мындай деп буйрук кылды:

16«Силер эврей аялдарды төрөтүп жатканда, карагыла. Эгерде эркек төрөлсө, аны өлтүрүп салгыла. Эгерде кыз төрөлсө, жашай берсин».

17Бирок аначы кемпирлер Кудайдан коркушчу. Ошондуктан Мисир падышасынын айтканын кылбай, балдарды тирүү калтырып жатышты.

18Мисир падышасы аначы кемпирлерди чакырып алып: «Эмне үчүн мындай кылып жатасыңар, эмнеге балдарды тирүү калтырып жатасыңар?» – деп сурады.

19Аначы кемпирлер фараонго: «Эврей аялдар мисирлик аялдардай эмес экен. Алардын ден соолугу чың экен, ошондуктан алар аначы кемпирлер келгиче эле төрөп коюп жатышат», – деп жооп беришти.

20Бул үчүн Кудай аначы кемпирлерге жакшылык кылды. Эл болсо көбөйгөндөн көбөйүп, абдан күч алды.

21Аначы кемпирлер Кудайдан корккондуктан, Кудай алардын үй-бүлөсүнө батасын берди.

22Ошондо фараон өз элине мындай деп буйрук берди: «Эврейлердин жаңы төрөлгөн эркек балдарын дарыяга ыргыткыла. Ал эми кыздарын тирүү калтыргыла».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>