1Теңир Мусага мындай деди: «Мен фараонду жана мисирликтерди дагы бир жолу жазалайм. Ошондон кийин гана ал силерди бул жерден коё берет. Коё бергенде да, силерди бул жерден шашылыш кууп чыгат.
2Элиңе айтып кой, ар бир эркек, ар бир аял өз кошунасынан алтын-күмүш буюм сурап алсын».
3Теңир Өз элине мисирликтердин көз алдында ырайым кылды. Муса да Мисир жеринде, фараондун кулдарынын алдында, элдин алдында эң улуу адам болду.
4Муса мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Түн ортосунда Мен Мисир жерин аралап өтөм.
5Ошондо Мисир жериндеги тун балдардын баары, тактыда отурган фараондун тун баласынан баштап, жаргылчак тартып отурган күңдүн тун баласына чейин өлөт, малдын биринчи төлүнүн баары кырылат.
6Ошондо бүткүл Мисир жери боздоп ыйлайт. Мындай ый мурун да болгон эмес, кийин да болбойт”.
7Ал эми Ысрайыл уулдары жана алардын малы эч кандай зыян тартпайт. Ошондо Теңир мисирликтер менен ысрайылдыктардын ортосуна кандай айырма койгонун көрөсүңөр.
8Сенин кулдарыңдын баары менин алдыма келип тизе бүгүп: “Жетектеп жүргөн элиң менен кошо чыгып кет”, – дешет. Мен ошондон кийин гана чыгып кетем». Анан Муса фараондон каарданып чыгып кетти.
9Теңир Мусага мындай деди: «Мисир жеринде кереметтеримди көрсөтө беришим үчүн, фараон силерди укпай койду».
10Муса менен Арун ушул кереметтердин баарын фараондун алдында көрсөтүштү. Бирок Теңир фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, ал Ысрайыл уулдарын өз жеринен коё берген жок.