Чыгуу 12:1-51 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Мисир жеринде Муса менен Арунга мындай деди:

2«Ушул ай силер үчүн айлардын башталышы болсун. Ушул ай жыл ичиндеги айлардын биринчиси болсун.

3Ысрайыл жамаатына мындай дегиле: Ушул айдын онунчу күнү ар ким өз үй-бүлөсүнө бирден козу камдасын, ар бир түтүн бирден козу даярдасын.

4Эгерде үй-бүлөдөгү кишинин саны аз болуп, бир козуну жеп түгөтө албай турган болсо, анда ал үй-бүлө өзүнө жакын жашаган коңшусунун үй-бүлөсү менен бирге, кишинин санына жараша камдасын. Бир козуну канча киши жеп түгөтө алса, ошончо киши чогулсун.

5Ал кемчилиги жок бир жылдык эркек мал болушу керек. Аны койдун же эчкинин арасынан тандап алгыла.

6Силер аны ошол айдын он төртүнө чейин сактап тургула. Аны Ысрайыл жамааты кеч кирери менен сойсун.

7Эт жей турган үйдүн эшигинин эки кашегине, эшиктин маңдайчасына анын канынан сыйпап коюшсун.

8Этин отко кактап бышырып, ачыткысыз нан жана ачуу чөптөр менен ошол түнү жеп түгөтүшсүн.

9Этти чала бышырып же сууга бышырып жебегиле, баш-шыйрагын, ичеги-карынын кошуп, отко кактап бышырып жегиле.

10Андан эртең мененкиге калтырбагыла. Эртең мененкиге калганын өрттөп жибергиле.

11Аны белиңерди курчап, бут кийимиңерди кийип, таягыңарды колуңарга алып, шашылыш түрдө жегиле. Бул – Теңирдин Пасахы.

12Мен дал ошол түнү Мисир жерин аралап, Мисир жеринде жашаган адамдардын тунун, малдарынын биринчи төлүн жок кылам. Мисирдин бардык кудайларына сот жүргүзөм. Мен Теңирмин!

13Силер отурган үйлөрдөгү ошол кан силердин белгиңер болот, канды көрүп, силерден кыя өтүп кетем. Мисир жерин кыйратып жатканымда, силердин башыңарга алаамат түшпөйт.

14Ошол күн силердин эсиңерде калсын, ошол күндү түбөлүккө белгиленген майрам катары Теңирге арнап, укумдан-тукумга майрамдагыла.

15Жети күн ачыткысыз нан жегиле. Биринчи күндөн тартып үйүңөрдөгү ачыткы кошулган тамактарды жок кылгыла. Ким биринчи күндөн жетинчи күнгө чейин ачыткы кошулган нерсе жесе, ал Ысрайыл элинин арасынан жок кылынат.

16Биринчи күнү да, жетинчи күнү да ыйык чогулуш өткөргүлө. Бул күндөрү эч кандай жумуш кылынбасын, ичип-жей турган гана тамагыңарды жасасаңар болот.

17Ачыткысыз нан майрамын өткөрүп тургула, анткени дал ошол күнү Мен силердин кошуундарыңарды Мисир жеринен алып чыккам. Ошол күндү түбөлүккө белгиленген күн катары укумдан-тукумга белгилеп тургула.

18Биринчи айдын он төртүнчү күнүнүн кечинен баштап ошол эле айдын жыйырма биринчи күнүнүн кечине чейин ачыткысыз нан жегиле.

19Жети күн бою силердин үйүңөрдө ачыткы кошулган тамак болбошу керек, себеби ким ачыткы кошулган тамак жесе, ал келгин болобу, ошол жердин жергиликтүү тургуну болобу, Ысрайыл жамаатынан жок кылынат.

20Ачыткы кошулган эч нерсе жебегиле, кайсы жерде болсоңор да, ачыткысыз нан жегиле».

21Муса Ысрайыл аксакалдарын чакырып алып, аларга мындай деди: «Yй-бүлөңөрдөгү кишинин санына жараша мал тандап, Пасахка арнап сойгула.

22Бир тутам иссоп алып, идиштеги канга малып, эшиктин маңдайчасы менен эки каптал кашегине сыйпагыла. Өзүңөр болсо таңга чейин үйүңөрдөн чыкпагыла.

23Теңир Мисирди кыйратуу үчүн бара жатканда, эшигиңердин маңдайчасы менен эки кашегиндеги канды көрүп, кыя өтүп кетет, кыйратуу үчүн келе жаткан кыйратуучуну силердин үйүңөргө киргизбейт.

24Муну силер өзүңөр үчүн да, балдарыңар үчүн да түбөлүк мыйзам катары сактагыла.

25Теңир берген жерге киргениңерде, Ал Өзү айткандай, ушул ийбадатты сактагыла.

26Балдарыңар силерден: “Бул эмне деген ийбадат?” – деп сурашса,

27“Бул – Теңирге арналган Пасах курмандыгы. Ал мисирликтерди кыйратып жатканда, Мисирдеги Ысрайыл уулдарынын үйлөрүнөн кыя өтүп кеткен, биздин үйлөрүбүздү куткарып калган”, – дегиле». Ошондо калың эл тизе бүгүп таазим кылды.

28Анан Ысрайыл уулдары тарап кетишти. Теңир Муса менен Арунга кандай буйруса, алар так ошондой кылышты.

29Түн ортосунда Теңир Мисир жериндеги бардык тун балдарды: тактыда отурган фараондун тун баласынан баштап зынданда жаткан туткундун тун баласына чейин өлтүрдү. Ошондой эле малдын биринчи төлүнүн баарын кырып салды.

30Ошондо фараон өзү, бүт кулдары, бүткүл Мисир эли түн ичинде орундарынан турушту. Мисир жеринен катуу өкүрүк чыкты, анткени өлүк чыкпаган үй болгон жок.

31Фараон түн ичинде Муса менен Арунду чакыртып алып: «Тургула, Ысрайыл уулдары, менин элимдин арасынан кеткиле, өзүңөр айткандай, Теңириңерге ийбадат кылганы кеткиле.

32Өзүңөр айткандай, майда жана бодо малыңарды ала кеткиле. Мага да батаңарды бергиле», – деди.

33Ошентип, мисирликтер: «Кетпесеңер, баарыбыз өлүп калабыз», – дешип, аларды ал жерден тезирээк чыгып кетүүгө мажбурлашты.

34Ошондо Ысрайыл уулдары ачыткы кошулбаган камырын челеги менен кошо кийимдерине байлап, ийиндерине көтөрүп алып жөнөштү.

35Ысрайыл уулдары Мусанын айтканындай кылып, мисирликтердин алтын-күмүш буюмдарын, кийимдерин сурап алышты.

36Теңир болсо мисирликтердин көз алдында Өз элине ырайым кылды. Мисирликтер алардын сураганын беришти. Ошентип, алар мисирликтерди тоноп алышты.

37Ысрайыл уулдары Раамсестен чыгып, Сукотко жөнөштү. Балдарды эсептебегенде, алардын саны алты жүз миң жөө эркек эле.

38Алар менен бирге ар кайсы уруудан көп сандаган адамдар да чыгышты. Алар көп сандаган майда жана бодо малы менен чыгышты.

39Мисирден ала чыгышкан ачыткысыз камырдан токоч жасашты, Мисирден шашылыш түрдө куулуп чыккандыктан, жолго тамак-аш да камдай албай калышкан эле.

40Ысрайыл уулдары Мисирде төрт жүз отуз жыл жашашты.

41Туура төрт жүз отуз жыл болгон күнү түн ичинде Теңирдин бүткүл кошууну Мисир жеринен чыкты.

42Бул түн – өздөрүн Мисирден алып чыккандыгы үчүн уктабай өткөрө турган, Теңирге арналган түн. Бул түндү Ысрайыл уулдары укумдан-тукумга сакташы керек.

43Теңир Муса менен Арунга мындай деди: «Пасах курмандыгынын мыйзамы мындай: аны башка уруунун бир да кишиси жебесин.

44Аны күмүшкө сатылып алынган ар бир кул сүннөткө отургузулгандан кийин жесе болот.

45Аны келгин киши менен жалданма киши жебесин.

46Аны бир үйдө отуруп жегиле, этин сыртка алып чыкпагыла, сөөктөрүн сындырбагыла.

47Муну Ысрайылдын бүткүл жамааты аткарсын.

48Эгерде сенин жаныңа көчүп келген келгин Теңирдин Пасахын өткөргүсү келсе, анда анын бардык эркек аттуулары сүннөткө отургузулсун. Ошондон кийин өткөрө берсин. Ошондо ал ошол жердин жергиликтүү тургуну болуп калат. Сүннөткө отургузулбаган адам аны жебесин.

49Жергиликтүү тургунга да, силердин араңарга көчүп келген келгинге да бирдей мыйзам болсун».

50Теңир Муса менен Арунга кандай буйруса, Ысрайыл уулдары так ошондой кылышты.

51Дал ошол күнү Теңир Ысрайыл уулдарын Мисирден кошуундары менен алып чыкты.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>