Чыгуу 13:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Мусага мындай деди:

2«Мага ысрайылдыктардын тундарын арна, адамдын туну болобу, малдын биринчи төлү болобу, алар Мага тиешелүү».

3Муса элге кайрылып, мындай деди: «Силер Мисирден чыккан, кулчулуктан бошонгон ушул күндү эсиңерден чыгарбагыла, анткени Теңир силерди ал жерден күчтүү колу менен алып чыккан. Ачыткы кошулган тамак-аш жебегиле.

4Силер бүгүн, Абыт айында чыгып жатасыңар.

5Теңир сени ата-бабаларыңа берем деп убада кылган сүт менен бал аккан жерге, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып барганда, ушул айда Теңирге ушул ийбадатты кыл.

6Жети күн ачыткысыз нан же, ал эми жетинчи күн – Теңирге арналган майрам.

7Ачыткысыз нанды жети күн же. Сенде ачыткы кошулган нан болбосун, сенин жериңде ачыткы кошулган тамак-аш болбосун.

8Ошол күнү өз уулуңа мындай деп айт: “Мен бул майрамды Теңир мени Мисирден алып чыккандыгы үчүн майрамдап жатам”.

9Теңирдин мыйзамы оозуңдан түшпөшү үчүн, бул майрам сенин колуңдагы белги жана маңдайыңа байлаган эскертүү болсун, анткени Теңир сени Мисирден күчтүү колу менен алып чыккан.

10Ушул мыйзамды жыл сайын өз убагында аткар.

11Теңир сага жана сенин ата-бабаларыңа берем деп убада кылган Канаан жерине сени алып барганда, ал жерди сага бергенде,

12тундарыңды Теңирге бөлүп кой. Малыңдын биринчи төлүнүн эркегин Теңирге арна.

13Эшегиңдин биринчи төлүн козуга айырбашта. Эгерде айырбаштабасаң, кунун төлө. Тун эркек балдарыңардын да кунун төлөгүлө.

14Кийин уулуң сенден: “Эмнеге мындай кылып жатасың?” – деп сураса: “Теңир бизди күчтүү колу менен Мисирден алып чыккан, кулчулуктан бошоткон.

15Фараон бизди коё бербей жатканда, Теңир Мисир жериндеги бардык тунгучтарды: тун балдарды, малдын биринчи төлүн жок кылган. Ошондуктан мен малымдын биринчи төлүнүн эркектеринин бардыгын Теңирге арнап курмандыкка чалып жатам, ал эми тун уулдарымдын кунун төлөп жатам”, – деп жооп бер.

16Бул майрам сенин колуңдагы белги жана маңдайыңа байлаган эскертүү болсун, анткени Теңир бизди Өзүнүн күчтүү колу менен Мисирден алып чыккан».

17Фараон элди коё бергенден кийин, кыска жол болгонуна карабастан, Кудай аларды Пелишти жерине барчу жол менен алып өткөн жок. Анткени Кудай: «Эл согушту көргөндө өкүнүп, Мисирге кайтып кетпесин», – деди.

18Ошондуктан Кудай элди Кызыл деңизге чөл аркылуу алып барды. Ысрайыл уулдары Мисир жеринен куралданып чыгышты.

19Муса Жусуптун сөөгүн ала чыкты, анткени Жусуп Ысрайыл уулдарынан: «Кудай силерге сөзсүз келет, ошондо сөөгүмдү бул жерден ала чыккыла», – деп убада алган.

20Ошентип, Ысрайыл уулдары Сукоттон чыгып, чөлдүн четиндеги Эйтамга келип, станы менен жайланышты.

21Күнү-түнү жол жүрсүн деп, Теңир күндүз аларга булут мамынын ичинде жол көрсөтүп, ал эми түн ичинде от мамынын ичинде жарык болуп, алардын алдында бара жатты.

22Күндүзү булут мамы, түнкүсүн от мамы элдин алдынан кеткен жок.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>