1Теңир Мусага мындай деди:
2«Ысрайыл уулдарына айт, алар артка кайрылып, Баал-Сыпондун маңдайына, Мигдол менен деңиздин ортосуна, Пи-Ахиротко барып, станы менен жайланышсын. Баал-Сыпондун каршысына, деңиз жээгине жайланышкыла.
3Фараон Ысрайыл уулдары жөнүндө: “Алар бул жерде адашып, чөлгө камалып калышты”, – деп ойлойт.
4Мен болсо фараондун жүрөгүн катуулантып коём, ошондо ал силердин артыңардан кууп жөнөйт. Мен Өз даңкымды фараон аркылуу, анын аскери аркылуу көрсөтөм. Ошондо мисирликтер Менин Теңир экенимди билишет». Ысрайыл уулдары ошондой кылышты.
5Мисир падышасына «Ысрайыл эли качып кетти» деген кабар берилди. Ошондо фараондун жана анын кулдарынын ойлору өзгөрүп: «Бул эмне кылганыбыз, эмне үчүн ысрайылдыктарды өзүбүзгө иштетпей коё бердик?» – деп өкүнүштү.
6Ошондо фараон майдан арабасын чегип, эли менен,
7тандалган алты жүз майдан арабасы менен, Мисирдин бардык майдан арабалары менен, майдан араба башчылары менен чыкты.
8Теңир Мисир падышасы фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, ал Ысрайыл уулдарынын артынан кууп жөнөдү. Ысрайыл уулдары болсо күчтүү колдун астында бара жатышты.
9Ошентип, мисирликтер алардын артынан кууп жөнөштү. Фараондун майдан арабаларын тарткан аттар, атчан аскерлер, бүт аскерлер аларды деңиздин жанындагы, Баал-Сыпондун маңдайындагы Пи-Ахироттун жанына жайланышкан жеринде кууп жетишти.
10Фараон жакындап калганда, Ысрайыл уулдары артын карашса, мисирликтер кууп келе жатышыптыр. Ошондо алар аябай коркуп кетип, Теңирге боздоп кайрылышты.
11Анан Мусага: «Сен бизди чөлдө өлтүргөнү алып келдиң беле? Мисирде бизге көрүстөн жокпу? Бизди Мисирден алып чыгып, кыларың ушул беле?
12Биз сага Мисирде жүргөндө эле: “Бизди жайыбызга кой, мисирликтерге иштей берели”, – деп айткан жок белек? Чөлдө өлгөнчө, мисирликтерге кул болгонубуз жакшы эмес беле?» – дешти.
13Ошондо Муса элге кайрылып: «Коркпогула, чыдап турсаңар, Теңир бүгүн силерди кандай куткарып аларын өз көзүңөр менен көрөсүңөр. Бүгүн силер көрүп турган мисирликтерди мындан кийин түбөлүккө көрбөйсүңөр.
14Силер үчүн Теңир күрөшөт, силер болсо тынчсызданбагыла», – деди.
15Теңир Мусага: «Эмне үчүн Мага боздоп жатасың? Ысрайыл уулдарына айт, жолун уланта беришсин.
16Сен болсо таягыңды көтөрүп, колуңду деңизге сунуп, деңизди экиге бөл. Ошондо Ысрайыл уулдары деңиздин ортосундагы кургак жер менен өтүшөт.
17Мен болсо мисирликтердин жүрөгүн катуулантып коём, алар элдин артынан кууп жөнөшөт. Ошондо Мен Өз даңкымды фараон аркылуу, анын аскерлери, майдан арабалары менен атчан аскерлери аркылуу көрсөтөм.
18Мен Өз даңкымды фараон аркылуу, анын майдан арабалары, атчан аскерлери аркылуу көрсөткөндө, мисирликтер Менин Теңир экенимди билишет», – деди.
19Ошондо Ысрайыл кошуунунун алдында жүргөн Кудайдын периштеси ордунан жылып, алардын артына келип турду. Алардын алдындагы булут мамы да ордунан жылып, алардын артына келип,
20Мисир кошууну менен Ысрайыл кошуунунун ортосуна туруп калды. Булут мамы түнкүсүн бирине караңгылык каптатып, экинчисине жарык берип турду, ошондуктан мисирликтер түнү бою ысрайылдыктарга жакын келе алышкан жок.
21Муса колун деңизге сунганда, Теңир түнү бою чыгыштан катуу шамал соктурду. Ошондо суулар эки жакка тартылып, деңиздин ортосу кургап калды.
22Ысрайыл уулдары деңиздин ортосундагы кургак жер менен жөнөштү. Суу болсо алардын оң жагы менен сол жагында дубалдай болуп көтөрүлүп турду.
23Мисирликтер кууп жөнөштү. Фараондун аттары, майдан арабалары жана атчан аскерлери алардын артынан деңиздин ортосуна киришти.
24Таңга маал Теңир булут мамы менен от мамыдан мисирликтердин кошуунун карап, аларга дүрбөлөң салды.
25Алардын майдан арабаларынын дөңгөлөктөрүн чыгарып салды, алар майдан арабаларын араңдан зорго сүйрөп бара жатышты. Ошондо алар мындай дешти: «Ысрайылдыктардан качпасак болбойт, анткени Теңир алар үчүн мисирликтер менен күрөшүп жатат».
26Теңир Мусага: «Колуңду деңизге сун, ошондо суу мисирликтерди майдан арабалары, атчан аскерлери менен кошо басып калат», – деди.
27Муса колун деңизге сунду, таңга маал суу өз ордуна келди. Мисирликтер суудан качышты. Ошентип, Теңир мисирликтерди деңиздин ортосуна чөктүрдү.
28Ордуна келген суу ысрайылдыктардын артынан деңизге кирген фараондун аскерлеринин майдан арабаларын жана атчан аскерлерин басып калды. Алардан бирөө да тирүү калган жок.
29Ысрайыл уулдары болсо деңиздин ортосундагы кургак жер менен өтүп кетишти. Суу алардын оң жагы менен сол жагында дубалдай болуп көтөрүлүп турду.
30Ошентип, ошол күнү Теңир ысрайылдыктарды мисирликтердин колунан куткарып алды. Ошондо ысрайылдыктар мисирликтердин деңиз жээгинде өлүп жатканын көрүштү.
31Ысрайылдыктар Теңирдин мисирликтерге көрсөткөн улуу күчүн көрүп, Теңирден коркуп калышты. Алар Теңирге да, Анын кулу Мусага да ишенип калышты.