1Ошондо Муса менен Ысрайыл уулдары Теңирди мактап, мына бул ырды ырдашты: «Теңирге ырдаймын, анткени Ал даңазаланды, атчан аскерди аты менен кошо деңизге чөктүрдү.
2Теңир менин сепилим, мактоо ырым, Ал мени куткарды. Ал менин Кудайым, Аны даңктаймын. Ал – атамдын Кудайы, Аны даңазалаймын.
3Теңир – майдан жоокери, Жахаба – Анын ысымы.
4Фараондун майдан арабаларын, аскерин деңизге чөктүрдү, тандалган аскер башчылары Кызыл деңизге чөгүп өлүштү.
5Аларды суу басып калды, алар суунун түбүнө таш чөккөндөй чөгүштү.
6Теңир, Сенин оң колуң даңкталды. Сенин оң колуң душманды талкалады.
7Өзүңө каршы чыккандарды Өзүңдүн даңкыңдын улуулугу менен кыйраттың. Сенин каарың аларды саман сыяктуу өрттөп жиберди.
8Теңир, Сенин демиңен деңиз эки жакка тартылды, суу көтөрүлүп, дубалдай болуп калды, айлампалар деңиздин ортосунда токтоп калды.
9Душман: “Сая кууп жетем, олжону бөлүп алам, олжого тунам, кылычымды кынынан сууруп алып, аларды өз колум менен кырам”, – деди.
10Сен үйлөгөндө, аларды деңиз басып калды, коргошун сууга чөккөндөй, алар чоң сууга чөгүп өлүштү.
11Теңир, кудайлардын ичинде Сендей ким бар? Ыйыктыгы менен улуу, мактоого татыктуу, кереметтерди жаратуучу Сендей ким бар?
12Сен Өзүңдүн оң колуңду сунганда, аларды жер жутуп кетти.
13Сен Өзүң куткарган ушул элди ырайымың менен жетелеп баратасың. Ыйык жайыңа Өзүңдүн күчүң менен коштоп баратасың.
14Элдер угуп, титиреп жатышат: Пелиштинин тургундарын коркунуч басты.
15Эдом төрөлөрү дүрбөлөңгө түшүштү, Мааптын жол башчылары калтырап коркушту, Канаандын бүт тургундарынын көңүлү чөктү.
16Аларды чоң коркунуч бассын. Теңир, Өз элиң, Өзүң жараткан элиң өтүп кеткенче, алар Сенин улуу күчүңдөн таштай катып калышсын.
17Теңирим, Сен Өз элиңди Өзүңдүн улуу тооңо, Сен Өзүң турак жай кылып алган жерге, Эгедерим, Өзүң жасаган ыйык жерге алып барып жайгаштыр!
18Теңир кылымдан кылымга, түбөлүккө падышачылык кылат!
19Фараондун аттары менен майдан арабалары жана атчан аскерлери деңизге киргенде, Теңир аларды карай деңиз суусун бурду, ал эми Ысрайыл уулдары деңиздин ортосундагы кургак жер менен өтүп кетишти».
20Арундун карындашы, пайгамбар аял Мириям, колуна дап алды. Бүт аялдар дап кагып, шаттанып, анын артынан чыгышты.
21Ошондо Мириям алардын алдында: «Теңирге ырдагыла. Анткени Ал даңазаланды, атчан аскерди аты менен кошо деңизге чөктүрдү», – деп ырдады.
22Муса ысрайылдыктарды Кызыл деңизден алып чыкты. Алар Шур чөлүнө келишти. Чөлдө үч күн жол жүрүштү, ичкенге суу таппай коюшту.
23Анан Марага келишти, бирок ал жердин суусун иче албай коюшту, анткени ал суу ачуу болчу. Ошондуктан ал жер Мара деп аталып калган.
24Ошондо эл Мусага: «Эмне ичебиз?» – деп наалыды.
25Муса Теңирге боздоп кайрылды, ошондо Теңир ага бир жыгачты көрсөттү. Муса аны сууга ыргытканда, суу таттуу болуп калды. Ошол жерде Кудай элге мыйзамдары менен көрсөтмөлөрүн берип, ошол жерде элдин ишенимин сынады.
26Теңир аларга мындай деди: «Эгерде Кудай-Теңириңди уксаң, Анын алдында Ага жаккан иштерди жасасаң, Анын осуяттары менен мыйзамдарын аткарсаң, анда Мен Мисирдин башына салган илдеттердин бирин да сага жолотпойм, анткени Мен сени айыктыруучу Теңирмин».
27Анан Ысрайыл уулдары Эйлим деген жерге келишти. Ал жерде он эки булак, жетимиш курма дарагы бар эле. Алар суулардын боюна станы менен жайланышты.