Чыгуу 16:1-36 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Эйлим жеринен чыгышты. Алар Мисир жеринен чыккандан кийин, экинчи айдын он бешинчи күнү Эйлим менен Синайдын ортосундагы Син чөлүнө келишти.

2Ысрайыл уулдарынын жамааты чөлдө Муса менен Арунга кайрадан наалый баштады.

3Ысрайыл уулдары аларга: «Биз Мисир жеринде нанды тоё жеп, этке толгон казандын жанында отурганда эле, Теңирдин колунан өлүп калсак эмне! Силер бизди чөлгө ачкадан өлтүргөнү алып келген турбайсыңарбы», – деп наалышты.

4Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Мен силерге асмандан нан жаадырам. Эл күн сайын сыртка чыгып, бир күнгө жеткидей нан жыйнап алсын. Ушул аркылуу Мен элди Менин мыйзамымды аткарабы, жокпу, сынап көрөм.

5Алтынчы күнү болсо алып келгендерин даярдашсын, ошондо ал күн сайын жыйнагандарынан эки эсе көп болот».

6Муса менен Арун Ысрайыл элине мындай деди: «Силерди Мисир жеринен Теңир алып чыкканын кечинде билесиңер.

7Эртең менен Теңирдин даңкын көрөсүңөр, анткени Ал силердин Теңирге наалыганыңарды укту. Бизге наалыганыңардай, биз ким элек?»

8Муса мындай деди: «Теңир силерге кечинде эт, эртең менен тоё жегидей нан берет, анткени Теңир силердин Өзүнө нааразы болуп, наалыганыңарды укту. Биз ким элек? Силер бизге эмес, Теңирге наалып жатасыңар».

9Анан Муса Арунга мындай деди: «Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына мындай деп айт: “Теңирдин алдына баргыла, себеби Ал силердин наалыганыңарды укту”».

10Арун Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына кайрылганда, алар чөлгө бурулушту. Ошондо Теңирдин даңкы булуттан көрүндү.

11Теңир Мусага мындай деди:

12«Мен Ысрайыл уулдарынын наалыганын уктум. Аларга мындай деп айт: “Кечинде эт жейсиңер, эртең менен нанга тоёсуңар, Менин силердин Кудай-Теңириңер экенимди ошондо билесиңер”».

13Кечинде бөдөнөлөр учуп келип, станды каптады, ал эми эртең менен стандын тегерегине шүүдүрүм түштү.

14Шүүдүрүм бууланып кетери менен, жердин бетин кыроо каптагансып, чөлдө данга окшогон майда нерселер калды.

15Ысрайыл уулдары аны көргөндө, бири-биринен: «Бул эмне?» – деп сурашты. Анткени алар анын эмне экенин билишчү эмес. Ошондо Муса аларга мындай деди: «Бул – Теңирдин силерге жегенге берген наны.

16Теңир силерге мындай буйрук берди: “Ар кимиңер жешиңерче жыйнагыла. Ар ким өз чатырында жашаган кишинин санына жараша, киши башына бир гомордон жыйнасын”».

17Ысрайыл уулдары ошондой кылышты: бири көп, бири аз жыйнады.

18Жыйнагандарын гомор менен ченешти. Көп жыйнагандыкы ашып калган жок, аз жыйнагандыкы жетпей калган жок. Ар ким жешине жараша жыйнады.

19Муса аларга: «Эртең мененкиге калтырбагыла», – деди.

20Бирок алар Мусанын айтканын угушкан жок. Кээ бирөөлөрү жыйнагандарынан эртең мененкиге калтырып коюшту, бирок анысы курттап, сасып кетти. Ошондо аларга Мусанын ачуусу келди.

21Алар күндө эртең менен өздөрүнө жеткидей жыйнашчу. Күн ысыганда, ал эрип кетчү.

22Алтынчы күнү алар нанды эки эсе көп, киши башына эки гомордон жыйнашты. Муну жамаат башчылары Мусага айтып келишти.

23Муса аларга мындай деди: «Теңир мындай деди: “Эртең дем алыш, Теңирдин ыйык ишембиси. Отко бышыра турганыңарды бүгүн бышырып, кайната турганыңарды бүгүн кайнатып алгыла, артып калганын алып коюп, эртең мененкиге чейин сактагыла”».

24Алар Муса айткандай кылып, артып калгандарын эртең мененкиге калтырып коюшту, ал сасыган да жок, курттаган да жок.

25Муса аларга: «Муну бүгүн жегиле, анткени бүгүн Кудайдын ишембиси. Бүгүн муну талаадан таппайсыңар.

26Аны алты күн жыйнагыла. Ал эми жетинчи күн – ишемби. Бул күнү манна болбойт», – деди.

27Кээ бирөөлөр жетинчи күнү жыйнаганы чыгышты, бирок эч нерсе таба алышкан жок.

28Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Качанкыга чейин Менин осуяттарым менен мыйзамдарымды аткаруудан баш тартасыңар?

29Эсиңерден чыкпасын, ишембини силерге Теңир берди, ошон үчүн Ал силерге алтынчы күнү эки күндүк нан берип жатат. Ишемби күнү ар ким өз үйүндө болсун, эч ким өз үйүнөн чыкпасын».

30Ошентип, эл жетинчи күнү эс алды.

31Ысрайыл эли бул нанды «манна» деп атады. Ал нандын өңү кориандрдын уругундай аппак, даамы бал кошулган нандай эле.

32Муса аларга мындай деди: «Теңир мындай деп буйруду: “Укум-тукумуңарга сактап коюу үчүн, бир идишке бир гомор манна толтургула, силерди Мисирден алып чыккандан кийин, Мен силерди чөлдө кандай нан менен азыктандырганымды алар көрүшсүн”».

33Анан Муса Арунга мындай деди: «Бир идиш алып, ага бир гомор манна толтур да, укум-тукумуңарга сактап коюу үчүн, аны Теңирдин алдына коюп кой».

34Теңир Мусага буйругандай, Арун аны сактап коюу үчүн, келишим сандыгынын алдына алып барып койду.

35Ысрайыл уулдары өздөрү жашай турган жерге жеткиче, маннаны кырк жыл жешти. Алар Канаан жеринин чек арасына келгенге чейин манна жешти.

36Гомор болсо эйфанын ондон бир бөлүгү.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>