Чыгуу 17:1-16 KYB2004 - Bible AI

1Ошентип, Теңирдин буйругу боюнча Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Син чөлүнөн чыгып, Репидимге келип, станы менен жайланышты. Ал жерде ичерге суу жок эле.

2Ошондо эл Мусаны: «Бизге ичкенге суу бергиле», – деп жемеледи. Муса аларга: «Силер эмне мени жемелеп жатасыңар? Эмнеге Теңирди сынап жатасыңар?» – деди.

3Ошол жерде эл сууга зар болуп, Мусага мындай деп наалыды: «Сен бизди Мисирден эмнеге алып чыктың? Бизди балдарыбыз, малыбыз менен кошо сууга чаңкатып өлтүрөйүн дедиңби?»

4Ошондо Муса Теңирге мындай деп боздоп жиберди: «Бул элди мен эмне кылам? Алар мени таш бараңга алып өлтүрүүгө даяр».

5Теңир Мусага мындай деди: «Элдин алдына өтүп, Ысрайыл аксакалдарынын бир нечесин жана сууну чапкан таягыңды алып, жөнө.

6Мен сенин алдыңда, Хорептеги асканын үстүндө турам. Сен асканы чапканда, андан суу чыгып, эл суу ичет». Муса Ысрайыл аксакалдарынын көз алдында ошондой кылды.

7Ысрайыл уулдарынын жемелегенине байланыштуу ал жерге Маса жана Мериба деген ат койду, анткени алар Теңирди: «Биздин арабызда Теңир барбы же жокпу?» – деп сынашты.

8Ошондо амалыктыктар Репидимге келип, ысрайылдыктар менен согушушту.

9Муса Жашыяга: «Эркектерди тандап алып, амалыктыктар менен согуш. Эртең мен дөбөнүн башында турам, Кудайдын таягы менин колумда болот», – деди.

10Жашыя Мусанын айтканындай кылып, амалыктыктар менен согушканы жөнөдү. Ал эми Муса, Арун жана Хур дөбөнүн башына чыгышты.

11Муса колдорун көтөргөндө, Ысрайыл жеңип, колдорун түшүргөндө, амалыктыктар жеңип жатты.

12Бирок Мусанын колдору талыды, ошондо Мусанын астына таш коюп беришти, ал таштын үстүнө отурду. Арун менен Хур болсо, бири бир жагынан, экинчиси экинчи жагынан Мусанын колдорун сүйөп турушту. Ошентип, анын колдору күн батканча көтөрүлүп турду.

13Жашыя амалыктыктарды кылыч мизине алып кыйратты.

14Ошондо Теңир Мусага: «Ушуну эстелик үчүн китепке жазып кой. Амалыктыктарды жер үстүнөн таптакыр жок кыларымды Жашыянын кулагына куй», – деди.

15Муса Кудайга курмандык чалынуучу жай куруп, аны Жахаба-Ниси деп атады.

16Анткени ал: «Колум Теңирдин тактысында. Теңирдин амалыктыктарга каршы согушу укумдан-тукумга уланат», – деди.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>