1Мидиандык буткана кызматчысы, Мусанын кайнатасы Итро Кудайдын Мусага жана Өз элине эмне кылганынын баарын, Теңирдин Ысрайылды Мисирден кантип алып чыкканын укту.
2Мусанын кайнатасы Итро ошондон мурунураак келген Мусанын аялы Сипорду,
3анын эки уулун алып, Мусага келди. «Мен бөтөн жерде келгин болуп калдым», – деп, Муса биринчи уулуна Гейиршом деген ат койгон эле.
4«Атамдын Кудайы мага жардам берип, мени фараондун кылычынан куткарды», – деп, экинчи уулуна Элиезер деген ат койгон эле.
5Мусанын кайнатасы Итро анын уулдары менен аялын алып, чөлгө, Мусага келди. Муса Кудайдын тоосунун жанына станы менен жайланышкан эле.
6Ал Мусага: «Мен, кайнатаң Итро, аялың менен эки уулуңду алып, сага бара жатам», – деп кабар жиберди.
7Муса кайнатасын тосуп чыгып, жүгүнүп, аны өптү. Экөө учурашкандан кийин, чатырга киришти.
8Ошондо Муса кайнатасына Теңирдин Ысрайыл үчүн фараон менен мисирликтерге эмне кылганын, жолдо кандай кыйынчылыктарга туш болгонун, Теңир аларды кантип куткарганын бүт айтып берди.
9Итро Теңирдин Ысрайылды мисирликтердин колунан куткарганда көрсөткөн бардык жакшылыгын угуп кубанды.
10Ошондо Итро: «Силерди мисирликтердин жана фараондун колунан куткарган, бул элди Мисирдин бийлигинен бошоткон Теңирге даңк!
11Теңирдин бардык кудайлардан улуу экенин эми билдим, анткени алар ысрайылдыктарга кыйынсынышканда, Ал Өзүнүн кудуреттүүлүгүн көрсөттү», – деди.
12Анан Мусанын кайнатасы Итро Кудайга арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана башка курмандыктарды алып келди. Ошондо Арун Ысрайылдын бүт аксакалдарын ээрчитип, Мусанын кайнатасы менен бирге Кудайдын алдында тамак жегени келди.
13Эртеси күнү Муса элге сот жүргүзүү үчүн отурду. Эл болсо эртеден кечке Мусанын алдында турду.
14Ошондо Мусанын кайнатасы анын элге сот жүргүзүп жатканын көрүп, мындай деди: «Элди эмне кылып жатасың? Эмне үчүн сен жалгыз отурасың? Эмне үчүн бүт эл эртеден кечке алдыңда турат?»
15Муса кайнатасына мындай деп жооп берди: «Эл мага Кудайдын эркин суроо үчүн келип жатат.
16Алардын кандайдыр бир талашы болсо, мага келишет, мен аларга сот жүргүзөм, Кудайдын көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын айтам».
17Ошондо Мусанын кайнатасы ага мындай деди: «Сенин мындай кылганың жакшы эмес.
18Сен өзүңдү да, алдыңдагы элди да кыйнап жатасың, анткени бул иш сага оордук кылат. Сен муну жалгыз аткара албайсың.
19Ошондуктан менин айтканымды ук. Мен сага акыл айтайын, Кудай сени менен болот. Сен болсо эл үчүн Кудайдын алдында арачы болуп, элдин иштерин Кудайга жеткирип тур.
20Аларга Кудайдын көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын үйрөтүп, алар жүрө турган Кудайдын жолун жана алар кыла турган иштерди көрсөт.
21Эл ичинен жөндөмдүү, Кудайдан корккон, ач көздүктү жек көргөн, адилет адамдарды тандап алып, аларды элге миң башы, жүз башы, элүү башы жана он башы кылып дайында.
22Ошолор элге ар убак сот жүргүзүшсүн, маанилүү иштерди сага билдирип турушсун, ал эми майда иштерди өздөрү чечишсин, ошондо сага жеңилирээк болот, алар оор жүктү сени менен бирге көтөрүшсүн.
23Эгерде сен ушундай кылсаң, Кудай сага эмне кылыш керек экенин айтып турат. Ошондо сен бекем тура аласың, эл да өз ордуна тынчтык менен тарап кетет».
24Муса кайнатасынын сөзүнө макул болуп, ал айткандын баарын кылды.
25Муса ысрайылдыктардын ичинен жөндөмдүү адамдарды тандап алып, аларды миң башы, жүз башы, элүү башы жана он башы кылып, элди башкарууга дайындады.
26Алар ар убак элге сот жүргүзүштү. Оор иштерди Мусага айтып, ал эми майда иштерди өздөрү чечип турушту.
27Анан Муса кайнатасын узатып жиберди. Ал өз жерине кетти.