1Мисир жеринен чыгышкандан кийин, үчүнчү айдын биринчи күнү, ай жаңырган күнү Ысрайыл уулдары Синай чөлүнө келишти.
2Алар Репидимден чыгып, Синай чөлүнө келип, станы менен жайланышышты. Ысрайыл эли ошол жердеги тоонун бет маңдайына станы менен жайланышты.
3Муса Кудай менен сүйлөшүү үчүн, тоого чыкты. Тоодон Теңир ага мындай деп кайрылды: «Жакыптын элине, Ысрайыл уулдарына мындай дегин:
4“Менин мисирликтерге эмне кылганымды көрдүңөр, Мен силерди бүркүт балапанын канатына көтөргөндөй көтөрүп жүрүп, Өзүмө алып келдим.
5Ошондуктан силер Мени угуп, Менин келишимимди сактасаңар, анда бүт элдердин ичинен силер Менин энчим болосуңар, анткени бүт жер Меники.
6Силер Мен үчүн ыйык кызмат кылуучулардын падышачылыгы жана ыйык эл болосуңар”. Сенин Ысрайыл уулдарына айта турган сөзүң ушул».
7Муса келип, эл аксакалдарын чакырды да, Теңир осуяттаган ушул сөздөрдү айтты.
8Ошондо бүт эл бир добуштан: «Теңир эмнени айтса, ошонун баарын аткарабыз», – деп жооп берди. Муса элдин айткан сөзүн Теңирге жеткирди.
9Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Сени менен сүйлөшкөнүмдү эл угушу үчүн жана сага дайыма ишениши үчүн, Мен сага калың булуттун ичинде келем». Муса элдин айткан сөздөрүн Теңирге айтып берди.
10Ошондо Теңир Мусага: «Элге барып, аларды бүгүн да, эртең да ыйыкта. Алар кийимдерин жууп тазалашсын.
11Yчүнчү күнгө даяр болушсун, анткени үчүнчү күнү Теңир бүт элдин көз алдында Синай тоосуна түшүп келет.
12Эл турган жерди тегерете сызып кой. Анан аларга мындай де: “Сак болгула, тоого чыкпагыла, тоонун этегине да жакындабагыла. Ким тоого жакындаса, ал өлүүгө тийиш.
13Ал адамга эч ким колун тийгизбесин, аны таш бараңга алышсын же жаа менен атышсын, мал болобу, адам болобу, тирүү калбасын”. Сурнай үнү чыкканда гана тоого чыкса болот», – деди.
14Муса тоодон түшүп келип, элди ыйыктады. Алар өз кийимдерин жууп тазалашты.
15Ошондо Муса элге: «Yчүнчү күнгө даяр болгула. Аялыңарга жакындабагыла», – деди.
16Yчүнчү күнү таң атары менен күн күркүрөдү, чагылган чартылдады, калың булут тоонун башына келди, анан сурнай үнү катуу жаңырды. Ошондо стандагы эл абдан коркуп кетти.
17Муса элди стандан Кудай менен жолугушуу үчүн алып чыкты. Алар тоонун этегинде турушту.
18Теңир от ичинде түшкөндүктөн, Синай тоосу түтөп жатты. Түтүн тоодон мештен чыккан түтүндөй болуп чыгып жатты, тоо катуу солкулдап турду.
19Сурнай үнү барган сайын катуулай берди. Муса сүйлөп жатты, Кудай болсо катуу үн менен жооп берип жатты.
20Анан Теңир Синай тоосуна түшүп келип, тоонун башынан Мусаны чакырды, Муса тоонун башына чыкты.
21Ошондо Теңир Мусага: «Ылдый түшүп, элге эскерт, алар Теңирди көрөм деп жулунбасын, ошентем деп, көпчүлүгү өлүп калбасын.
22Теңирге жакындай турган ыйык кызмат кылуучулар болсо, Теңир аларды өлтүрүп салбашы үчүн, өздөрүн ыйыкташсын», – деди.
23Ошондо Муса Теңирге: «Эл Синай тоосуна чыга албайт, анткени Сен бизге: “Тоону тегерете сызып, аны «ыйык» деп жарыяла деп эскерткенсиң”», – деди.
24Теңир ага: «Ылдый түшүп кел. Кайра өйдө чыгып келе жатканыңда, Арунду ала кел, бирок ыйык кызмат кылуучулар менен эл тоого чыгып, Теңирге барам деп жулунбасын, Теңир аларды кырып салат», – деди.
25Муса түшүп келип, элге ушунун баарын айты.