Чыгуу 2:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Леби уруусунан бир адам ошол эле уруудан аял алды.

2Аялынын боюна бүтүп, эркек бала төрөдү. Баласынын абдан жакшынакай экенин көрүп, ал аны үч ай жашырып жүрдү.

3Бирок ал андан ары жашыра албай калгандыктан, камыштан жасалган кол себет алып, аны илээшме ылай жана чайыр менен каптады да, баланы себетке салып, дарыянын жээгиндеги камыштын арасына коюп койду.

4Эмне болор экен деп, баланын эжеси алыстан карап турду.

5Ошол убакта фараондун кызы сууга түшкөнү дарыяга келди. Анын нөкөр кыздары дарыя жээктеп жүрүшкөн эле. Фараондун кызы камыштын арасындагы себетти көрүп, аны алып келүүгө күңүн жиберди.

6Ал себетти ачып, баланы көрүп: «Бул эврей балдарынан экен», – деди. Бала ыйлап жаткандыктан, ага боору ооруду.

7Баланын эжеси фараондун кызына: «Мен барып, эврей аялдарынан баланы эмизип багып бере турган аялды чакырып келейинби?» – деди.

8Фараондун кызы ага: «Барып кел», – деди. Кыз барып, баланын энесин чакырып келди.

9Фараондун кызы ага: «Бул баланы алып, мага багып бер. Акысын төлөп берем», – деди. Аял баланы алып, бага баштады.

10Бала чоңойгондо, аял аны фараондун кызына алып келди. Ал аны бала кылып алды. «Мен аны суудан чыгарып алгам», – деп, баланын атын Муса койду.

11Арадан көп убакыт өтүп, Муса чоңоюп эр жеткенден кийин, өз бир туугандарына (Ысрайыл уулдарына) барып, алардын жумушу оор экенин көрдү. Бир эврей бир тууганын мисирлик бир адам сабап жатканын көрүп калды.

12Эки жагын карап, эч ким жок экенин байкады да, мисирликти өлтүрүп, кум менен көөмп салды.

13Эртеси күнү эки эврейдин чатакташып жатканын көрүп, кордоп жатканына: «Эмне үчүн бир тууганыңды уруп жатасың?» – деди.

14Ал болсо: «Ким сени бизге башкаруучу же соттоочу кылып койду? Мисирликти өлтүргөндөй, мени да өлтүргүң келип турабы?» – деди. Ошондо Муса: «Чын эле, бул жөнүндө билип калышкан турбайбы», – деп, коркуп кетти.

15Фараон бул жөнүндө укканда, Мусаны өлтүргүсү келди. Бирок Муса фараондон Мидиан жерине качып барып, кудуктун жанына отурду.

16Мидиандык буткана кызматчысынын жети кызы бар эле. Алар атасынын койлорун сугарыш үчүн, кудукка келип, суу сузуп алып, аштоолорго суу толтуруп жатышкан.

17Аңгыча койчулар келип, аларды кууп жиберишти. Ошондо Муса тура калып, кыздарды коргоп, койлорун сугарып берди.

18Кыздары атасы Ребуелге келишкенде, атасы алардан: «Бүгүн эмне эрте келдиңер?» – деп сурады.

19Алар ага: «Мисирлик бир киши бизди койчулардан коргоп калды. Атүгүл, кудуктан суу сузуп, койлорубузду сугарып берди», – дешти.

20Ошондо ал кыздарына: «Ал кайда? Эмне үчүн аны таштап келдиңер? Барып, чакырып келгиле, тамак ичсин», – деди.

21Мусага ал кишинин үйүндө жашоо жагып калды. Ал киши Мусага Сипор деген кызын берди.

22Сипор уул төрөдү. «Мен бөтөн жерде келгин болуп калдым», – деп, Муса ага Гейиршом деген ат койду.

23Арадан көп убакыт өткөндөн кийин, Мисир падышасы өлдү. Ысрайыл уулдары оор жумуштан кыйналып, боздоп ыйлап жатышты, алардын боздогон үнү Кудайга жетти.

24Кудай алардын ыйын угуп, Өзүнүн Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен түзгөн келишимин эстеди.

25Кудай Ысрайыл уулдарын көрүп, аларга назарын салды.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>