1Ошондо Теңир мына бул сөздөрдү айтты:
2«Сени Мисир жеринен алып чыккан, кулчулуктан бошоткон Кудай-Теңириң Менмин.
3Менден башка кудайларың болбосун.
4Өзүңө буркан жана жогорку асмандагы, төмөнкү жердеги, жерден төмөн суудагы нерселердин түспөлүн жасаба.
5Аларга табынба, кызмат кылба, анткени Кудай-Теңириң Менмин. Мени жек көргөндөрдүн балдарын ата-бабаларынын күнөөсү үчүн үчүнчү, төртүнчү тукумуна чейин жазалаган кызганчаак Кудаймын.
6Мени сүйгөндөрдүн, Менин осуяттарымды сактагандардын миңинчи тукумуна чейин ырайым кылган Кудаймын.
7Кудай-Теңириңдин атын курулай эле айта бербе, анткени Анын атын курулай эле айта бергендерди Теңир жазасыз калтырбайт.
8Ишемби күндү ыйык тутууну эсиңден чыгарба.
9Алты күн иштеп, ар кандай ишиңди кыл.
10Ал эми жетинчи күн – Кудай-Теңириңдин ишемби күнү. Ал күнү өзүң да, уулуң да, кызың да, кулуң да, күңүң да, малың да, үйүңдө жүргөн келгин да эч кандай жумуш кылбасын.
11Анткени алты күндө Теңир асманды, жерди, деңизди жана аларда жашагандын бардыгын жаратып бүткөн, ал эми жетинчи күнү эс алган. Ошондуктан Теңир ишемби күнгө батасын берип, аны ыйыктап койгон.
12Кудай-Теңириң берип жаткан жерде өмүрүң узун болсун десең, ата-энеңди сыйла.
13Киши өлтүрбө.
14Ойноштук кылба.
15Уурдаба.
16Жакыныңа жалаа жаппа.
17Жакыныңдын үйүнө көз артпа. Жакыныңдын аялына, кулуна, күңүнө, өгүзүнө, эшегине, эч нерсесине көз артпа».
18Бүт эл күндүн күркүрөгөнүн, сурнай үнүн угуп, жалынды, түтөгөн тоону көрүп турду. Муну көргөн эл артка кетенчиктеп, алыс барып турду.
19Анан алар Мусага: «Биз менен сен сүйлөш, сени угалы, биз менен Кудай сүйлөшпөсүн, болбосо өлүп калабыз», – дешти.
20Муса элге кайрылып: «Коркпогула, Кудай силерди сыноо үчүн, Андан коркушуңар үчүн, күнөөгө батпашыңар үчүн келди», – деди.
21Эл алыста турду. Муса болсо Кудай турган караңгы булутка кирди.
22Ошондо Теңир Мусага: «Ысрайыл уулдарына айт: “Менин силерге асмандан кантип сүйлөгөнүмдү көрдүңөр.
23Менин алдымда өзүңөргө күмүштөн же алтындан кудай жасабагыла”.
24Мага курмандык чалынуучу жайды топурактан жаса. Анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңды, тынчтык курмандыктарыңды, койлоруңду, өгүздөрүңдү курмандыкка чал. Ошондо Мен Менин ысымымды эстетип турган жерге келип, сага батамды берем.
25Эгерде Мага курмандык чалынуучу жайды таштан жасай турган болсоң, анда аны жылмаланган таштан жасаба. Анткени сүргүч тийгизер замат, аны булгап койгон болосуң.
26Жылаңач этиң көрүнүп калбашы үчүн, Мен үчүн курган курмандык чалынуучу жайга тепкич менен чыкпа.