Чыгуу 21:1-36 KYB2004 - Bible AI

1Сен аларга бере турган мыйзамдар мындай:

2Эгерде эврей кул сатып алсаң, ал алты жыл иштесин. Ал эми жетинчи жылы эркиндикке бекер чыксын.

3Эгерде ал жалгыз келсе, жалгыз чыксын. Эгерде анын аялы бар болсо, аялы менен чыксын.

4Эгерде кулдун кожоюну ага аял алып берсе, аялы ага уул же кыз төрөп берсе, анда аялы менен балдары кожоюнунда калып, ал өзү жалгыз чыксын.

5Эгерде кулу: “Мен кожоюнумду да, аялымды да, балдарымды да жакшы көрөм, эркиндикке чыкпайм”, – десе,

6анда кожоюну аны башкаруучулардын алдына алып келип, эшиктин же кашектин жанына тургузуп, кулагын шибеге менен тешсин, ошондо ал ага өмүр бою кул болуп калат.

7Эгерде кимдир бирөө кызын күңдүккө сатса, анда анын кызы башка кулдардай болуп эркиндикке чыга албайт.

8Эгерде күң өз кожоюнуна жакпаса, кожоюну аны албаса, анда күңдүн кунун төлөп алууга башкага уруксат берсин. Бирок ал өзү андан баш тарткандыктан, аны бөтөн элге сатууга акысы жок.

9Эгерде аны өз уулуна никелеп койсо, анда өз кызындай көрсүн.

10Эгерде уулуна башка аял алып берсе, анда ал күң тамактан, кийимден жана жубайлык укугунан ажырабашы керек.

11Эгерде кожоюн ал күң үчүн ушул үч шартты аткарбаса, анда ал эркиндикке кунсуз, бекер чыксын.

12Кимдир бирөө бирөөнү уруп жибергенде, ал өлүп калса, анда ал өлүм жазасына тартылсын.

13Бирок ал атайылап өлтүрбөсө, анын өлүмүнө Кудай жол берген болсо, анда өлтүргөн киши качып кете турган жерди сага Өзүм көрсөтөм.

14Ал эми кимдир бирөө жакынын атайылап өлтүрсө, анда аны Менин курмандык чалынуучу жайымдан алып кетип, өлүм жазасына тарт.

15Ким атасын же энесин урса, ал өлүм жазасына тартылсын.

16Ким киши уурдап сатса же ал анын колунан табылса, анда ал өлүм жазасына тартылсын.

17Ким атасына же энесине жаман айтса, ал өлүм жазасына тартылсын.

18Эки адам чатакташа кетип, бири экинчисин таш менен же муштум менен урса, ал тирүү калып, бирок төшөккө жатып калса,

19ордунан туруп, таяк таянып үйдөн чыгууга жараса, урган киши өлүм жазасына тартылбайт, бирок анын токтоп калган жумушу үчүн жана дарылануусу үчүн төлөп берсин.

20Ким өз кулун же күңүн таяк менен уруп, ал анын колунан өлүп калса, анда ал жазалансын.

21Эгерде ал бир-эки күндөн кийин туруп кетсе, ал жазаланбасын, анткени алар анын күмүшүнө келген.

22Эки адам мушташа кетип, бири кош бойлуу аялды уруп жиберип, аялдын боюнан түшүп калса, бирок башка зыян тартпаса, анда ал аялдын күйөөсү салган салыкты төлөп берсин, ал салыкты соттордун көзөмөлү астында төлөп берсин.

23Эгерде аялдын денеси зыян тарткан болсо, анда жанга жан,

24көзгө көз, тишке тиш, колго кол, бутка бут,

25күйүккө күйүк, жараатка жараат, көгөргөн жер үчүн көгөргөн жер.

26Ким кулун же күңүн көзгө уруп, көзүнө зыян келтирсе, анда көзү үчүн аларды эркиндикке чыгарсын.

27Ким кулунун же күңүнүн тишин ыргыта урса, анда тиши үчүн да аларды эркиндикке чыгарсын.

28Эгерде эркек кишини же аял кишини бука сүзүп өлтүрсө, анда ал буканы таш бараңга алып өлтүргүлө, бирок этин жебегиле, ал эми буканын ээси күнөөлүү эмес.

29Эгерде букасынын мурда эле сүзөнөөк экенин ээси билип туруп карабаса, ал эркекти же аялды сүзүп өлтүрсө, анда ал буканы таш бараңга алып өлтүргүлө, ээси да өлүм жазасына тартылсын.

30Эгерде андан кун талап кылышса, өз жаны үчүн ошол кунду төлөп берсин.

31Бирөөнүн уулун сүзсө да, кызын сүзсө да, ага ушул эле мыйзам колдонулсун.

32Эгерде бука кулду же күңдү сүзсө, анда алардын кожоюнуна буканын ээси отуз күмүш шекел төлөсүн, ал эми бука таш бараңга алынсын.

33Эгерде кимдир бирөө жабык чуңкурду ачып же чуңкур казып, үстүн жаппай койсо, ага бука же эшек түшүп кетсе,

34анда чуңкурдун ээси мал ээсине күмүш төлөп берсин, ал эми өлгөн мал аныкы болот.

35Эгерде кимдир бирөөнүн букасы коңшусунун букасын сүзүп өлтүрсө, анда өлтүргөн буканы сатып, акчасын тең бөлүп алышсын. Ошондой эле өлгөн буканы да тең бөлүп алышсын.

36Эгерде букасынын мурда эле сүзөнөөк экенин билип туруп, ээси аны карабаса, анда ал буканын ордуна бука төлөп берсин, ал эми өлгөн бука аныкы болот.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>