1Эгерде кимдир бирөө өгүз же кой уурдап союп алса же сатса, анда бир өгүз үчүн беш өгүз, бир кой үчүн төрт кой төлөйт.
2Эгерде кимдир бирөө түнкүсүн уурунун үстүнөн чыгып, аны уруп өлтүрүп салса, анын каны үчүн жооп бербейт.
3Эгерде күндүз уурунун үстүнөн чыгып өлтүрүп салса, анда анын каны үчүн жооп берет. Уурдаган киши төлөш керек. Эгерде төлөй албаса, анда уурдалгандын ордуна өзү сатылсын.
4Эгерде уурдалган мал: өгүз болобу, эшек болобу, кой болобу, уурунун колунан тирүү табылса, анда эки эселеп төлөсүн.
5Эгерде кимдир бирөө малын коё берип, бирөөнүн талаасын же жүзүмзарын тепсетип талкаласа, анда ал ага өзүнүн талаасынын же жүзүмзарынын түшүмүнүн эң жакшысын берсин.
6Эгерде өрт чыгып, тикендүү жыгачты каптап, бирөөнүн чөмөлөсү, же эгини, же талаасы күйүп кетсе, анда өрт чыгарган адам аны төлөп берсин.
7Эгерде кимдир бирөө жакынына күмүшүн же буюмдарын сактап турууга берсе, алар анын үйүнөн уурдалып кетсе, бирок ууру табылса, ал эки эселеп төлөп берсин.
8Эгерде ууру табылбаса, анда үйдүн ээси соттордун алдына келип, жакынынын менчигине тийбегендигин айтып каргансын.
9Эгерде кимдир бирөө талаш-тартыштуу бир нерсесин: өгүзүн, же эшегин, же коюн, же кийимин, же жоготкон нерсесин жакын адамынан таап алып, “меники” десе, анда экөө тең сотко келсин. Сот кимди күнөөлүү деп тапса, ал жакынына эки эселеп төлөп берсин.
10Ким өз жакынына эшегин, же өгүзүн, же коюн, же башка бир малын багып берүүгө берсе, анан ал өлүп калса, же майып болсо, же уурдалып кетсе, бирок эч ким көрбөсө,
11анда ал жакынынын менчигине тийбегендигин айтып, Кудайдын алдында каргансын. Мал ээси анын карганганына ишенсин, ошондо жакыны эч нерсе төлөбөйт.
12Эгерде уурдалып кетсе, анда ал мал ээсине төлөп берсин.
13Эгерде жырткыч жара тартып кетсе, анда далил үчүн жара тартылган өлүктү көрсөтсүн. Жырткыч жара тартып кеткен малды ал төлөбөйт.
14Эгерде кимдир бирөө өз жакынынын малын пайдаланганга алса, ал мал ээси жокто майып болсо же өлүп калса, анда ал төлөп берсин.
15Эгерде малдын ээси жанында болсо, анда ал төлөбөйт. Эгерде малды акысын берип жалдап алса, анда ошол акы жалданган малдын ордуна эсептелсин.
16Эгерде кимдир бирөө эч ким менен убадалаша элек кызды азгырып, аны менен жатса, анда калыңын төлөп, кызды аялдыкка алсын.
17Эгерде атасы ага кызын бербей койсо, анда кыздар үчүн канча калың берилсе, ошончо күмүш төлөсүн.
18Балчы-сыйкырчыларды тирүү калтырба.
19Мал менен жанашкан адам өлүм жазасына тартылсын.
20Теңирден башка кудайларга курмандык чалгандар жок кылынсын.
21Келгинди кысымга алба, кордобо, анткени силер өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгонсуңар.
22Жесирди да, жетимди да кысымга алба.
23Эгерде аларды кысымга алып кордосоң, алар Мага боздоп кайрылышат. Ошондо Мен алардын ыйын угам.
24Мен каарданып, силерди кылычтап кырам, аялыңар жесир, балдарыңар жетим калат.
25Эгерде сен Менин элимдин жардыларына карызга акча берсең, анда аны кысымга алып, үстөк кошуп алба.
26Эгерде жакыныңдын кийимин күрөөгө алсаң, күн батканча кайрып бер.
27Анткени ал кийим – анын жалгыз жамынчысы, ал – анын денесин жаба турган кийими. Ал эмнени кийип жатат? Ал Мага ыйлап кайрылганда, Мен угам, анткени Мен боорукермин.
28Кудайга акарат келтирбе, өз элиңдин башчыларына тил тийгизбе.
29Эгиниңдин биринчи түшүмүн, жүзүмүңдүн биринчи ширесин Мага кечиктирбей алып кел, уулдарыңдын ичинен тунун Мага бер.
30Бодо малыңдын да, коюңдун да биринчи төлүн Мага бер. Жети күн алар өз энелеринин жанында болсун, сегизинчи күнү аларды Мага бер.
31Ошондо силер Менин ыйык элим болосуңар. Талаадан жырткыч жара тартып кеткен малдын этин жебегиле. Аны иттерге ыргытып жибергиле.