1Ушак таратпа, жалган күбө болбош үчүн, кудайсызга кол сунба.
2Көпчүлүктү ээрчип жамандыкка барба, талаш-тартышты көпчүлүккө карап чечпе, чындыктан четтебе.
3Жардынын ишин жардылыгына карап коргобо.
4Эгерде душманыңдын адашкан өгүзүн же эшегин тапсаң, аны ээсине алып барып бер.
5Эгерде душманыңдын эшеги жыгылып, көтөргөн жүгүнүн астында калганын көрсөң, талаага таштабай, анын жүгүн чечиш.
6Жакырдын ишин туура эмес соттобо.
7Калптан кач, айыпсызды, адилеттүүнү өлтүрбө, анткени Мен мыйзамсыздык кылган адамды актабайм.
8Пара алба, анткени пара көздүүнү сокур кылып, актын ишин бурмалайт.
9Келгинди таарынтпа, анткени силер келгин болгон кандай экенин билесиңер, анткени өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгонсуңар.
10Жериңди алты жыл иштетип, түшүмүн ал.
11Ал эми жетинчи жылы жериң эс алсын, элиңдин жакырлары жанын баксын, алардан калганын талаадагы жаныбарлар жесин. Жүзүмзарың менен зайтун дарагыңды да ошондой кыл.
12Алты күн иштеп, жетинчи күнү эс ал. Ошондо өгүзүң да, эшегиң да, күңүңдүн баласы да, келгин да эс алат.
13Силерге айтканымдын баарын аткаргыла. Башка кудайлардын аттарын атабагыла, алардын аттарын оозуңарга албагыла.
14Мага арнап, бир жылда үч жолу майрам өткөр.
15Ачыткысыз нан майрамын өткөрүп тур. Мен сага буйругандай, Абыт айынын белгиленген убагында жети күн ачыткысыз нан же, анткени ошол убакта Мисирден чыккансың. Эч ким Менин алдыма куру кол келбесин.
16Талаага эккен эгиниңдин биринчи түшүмүн жыйнаганыңда, Эгин жыйноо майрамын өткөр; жыл аягында түшүм жыйнаганыңда, Түшүм майрамын өткөр.
17Бардык эркек аттууларың Эгедер Теңирдин алдына жылына үч жолу келишсин.
18Мага арнап чалган курмандыгыңдын канын ачыткы кошулган нан менен бирге алып келбе. Мага арнап чалган майрамдык курмандыктын майы эртең мененкиге калбасын.
19Жериңден алган биринчи түшүмүңдү Кудай-Теңириңдин үйүнө алып кел. Улакты энесинин сүтүнө бышырба.
20Мен даярдап койгон жерге сени жолдо сактап жеткириш үчүн, алдыңа бир периштени жиберип жатам.
21Анын алдында абайлап жүр, анын үнүнө кулак сал, ага каршы чыкпа. Эгерде каршы чыксаңар, ал силердин күнөөңөрдү кечирбейт, анткени Менин ысымым анда.
22Эгерде анын үнүнө кулак салып, Мен айткандын баарын аткарсаң, анда сенин душмандарыңа душман, кастарыңа кас болом.
23Менин периштем алдыңа түшүп, сени аморлуктардын, хеттиктердин, периздиктердин, канаандыктардын, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып барганда, Мен аларды жок кылганда,
24алардын кудайларына табынба, аларга кызмат кылба, алардын иштерин туураба, тескерисинче, аларды талкала, мамыларын кыйрат.
25Өз Кудай-Теңириңе кызмат кыл, ошондо Ал жеген наныңа, ичкен сууңа батасын берет. Мен сага оору-сыркоо жолотпойм.
26Сенин жериңде ара төрөгөндөр жана төрөбөгөндөр болбойт. Өмүрүңдү узун кылам.
27Сенин алдыңан Өзүмдүн коркунучумду жиберем, сен арасына барган элдердин баарын дүрбөлөңгө түшүрөм, бардык душмандарыңды сенден качырам.
28Сенин алдыңан чоң аарыларды жиберем, алар сенден хибиликтерди, канаандыктарды жана хеттиктерди кууп чыгат.
29Жер ээн калып, жырткыч айбандар көбөйүп, сага кол салбашы үчүн, Мен аларды сенден бир эле жылдын ичинде кууп чыгарбайм.
30Сен тукумдап көбөйүп, ал жерди ээлемейинче, ал элдерди сенден аз-аздан кууп чыгып турам.
31Сенин чек араңды Кызыл деңизден Пелишти деңизине чейин жана чөлдөн дарыяга чейин жеткирем. Ал жердин тургундарын сенин колуңа берем, сен аларды кууп чыгасың.
32Алар менен да, алардын кудайлары менен да байланыш түзбө.
33Алар сени Мага каршы күнөөгө түртпөшү үчүн, сенин жериңде жашабасын. Анткени сен алардын кудайларына кызмат кылсаң, анда алар сен үчүн жайылган тор болот».