1Анан Теңир Мусага мындай деди: «Арунду, Надапты, Абыйутту жана Ысрайылдын жетимиш аксакалын алып, тоого чыгып, Мага алыс туруп таазим кылгыла.
2Теңирге Муса гана жакындасын. Ал эми тигилер жакындабасын, эл аларга кошулуп келбесин».
3Муса келип, Теңирдин сөздөрү менен мыйзамдарынын баарын элге айтып берди. Ошондо бүт эл бир ооздон: «Теңир эмнени айтса, ошону аткарабыз», – деди.
4Муса Теңирдин бардык сөздөрүн жазып алды. Эртеси эртең менен эрте туруп, тоонун түбүнө курмандык чалынуучу жай куруп, Ысрайылдын он эки уруусу үчүн он эки таш тизди.
5Анан ал Ысрайыл уулдарынан уландарды жөнөттү. Алар Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалышты жана тынчтык курмандыгына букачарларды союшту.
6Муса кандын жарымын чараларга куюп, жарымын курмандык чалынуучу жайга чачты.
7Анан келишим жазылган китепти алып, элге угуза окуп берди. Ошондо эл: «Теңир эмнени айтса, ошонун бардыгын аткарабыз, тил алабыз», – деди.
8Муса элге кан чачып, мындай деди: «Бул кан – ушул сөздөрдүн негизинде Теңирдин силер менен түзгөн келишимин беките турган кан».
9Андан кийин Муса менен Арун, Надап менен Абыйут жана Ысрайылдын жетимиш аксакалы тоонун башына чыгышты.
10Ошондо алар Ысрайылдын Кудайын көрүштү. Анын бутунун астында таза сапфирден жасалгандай болгон, ачык асман түстүү нерсе жаткан эле.
11Ал Ысрайылдын тандалган уулдарын өлтүргөн жок. Алар Кудайды көрүштү, ичип-жешти.
12Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Тоого чыгып, Мага кел да, ошол жерде бол. Аларды үйрөтүш үчүн, Мен сага таш лоокторду жана Өзүм жазган мыйзам менен осуяттарды берем».
13Муса жана анын кызматчысы Жашыя ордунан турушту. Муса Кудайдын тоосуна жөнөдү.
14Аксакалдарга: «Биз кайрылып келгиче, ушул жерде болгула. Арун менен Хур силер менен болот. Кимдин жумушу болсо, ошолорго келсин», – деди.
15Муса тоого чыгары менен тоону булут каптады.
16Теңирдин даңкы Синай тоосун чулгады. Булут тоону алты күн каптап турду, ал эми жетинчи күнү Теңир булуттун арасынан Мусаны чакырды.
17Тоонун башындагы Теңирдин даңкы Ысрайыл уулдарынын көзүнө бардыгын жалмап салуучу оттой болуп көрүндү.
18Муса булуттун ичине кирип, тоонун башына чыкты. Муса ал тоодо кырк күн, кырк түн болду.