1Теңир Мусага мындай деди:
2«Ысрайыл уулдарына айт, алар Мага курмандыктарын алып келишсин. Ар бир адамдын чын жүрөктөн берген курмандыгын Мага алып келгиле.
3Силер алардан ала турган тартуулар булар: алтын, күмүш жана жез,
4ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөр, зыгыр буласы, эчкинин тыбыты,
5кызылга боёлгон кой терилери, деңиз жаныбарынын терилери, акация жыгачы,
6чырактан үчүн зайтун майы, майлоочу май үчүн жана түтөтүү үчүн жыпар жыттуу заттар,
7ыйык кызмат кылуучунун эфодуна, төш чөнтөгүнө салынуучу оникс ташы жана башка асыл таштар.
8Мага арнап ыйык жай курушсун, Мен алардын арасында жашайм.
9Жыйын чатырын, анын бардык идиштерин Мен сага көрсөтүп жаткан үлгү боюнча жасагыла.
10Акация жыгачынан таш лооктор салынуучу келишим сандыгын жасагыла. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак, бийиктиги бир жарым чыканак болсун.
11Анын ичи-тышын таза алтын менен капта, үстүнө таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жасап чык.
12Ал сандык үчүн алтындан төрт шакекче куюп, аларды ылдыйкы төрт бурчуна бекит: эки шакекти бир жагына, эки шакекти экинчи жагына бекит.
13Акация жыгачынан эки шыргый жасап, аларды алтын менен капта.
14Ал шыргыйларды сандыктын эки жагындагы шакекчелерге киргизип кой, сандыкты ошол шыргыйлар менен көтөрүп жүрүшсүн.
15Сандыктын шакекчелерине шыргыйлар киргизилип турсун жана андан чыгарылбасын.
16Мен сага бере турган келишим жазуусун келишим сандыгына салып кой.
17Капкагын да таза алтындан жаса. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак болсун.
18Алтындан эки керуп чегип жасап, аларды сандыктын капкагынын эки четине орнот.
19Бир керупту бир четине, экинчи керупту экинчи четине орнот, алар капкактын эки четинен чыгып турсун.
20Ал керуптардын канаттары капкакты жаап тургудай болуп, жогору жайылып турсун. Алар маңдай-тескей туруп, жүздөрү капкакты карап турсун.
21Капкакты келишим сандыгынын үстүнө кой. Мен сага бере турган келишим жазуусун келишим сандыгына салып кой.
22Ошол жерде Мен сага ачылып берип турам, мыйзам салынган сандыктын капкагынын үстүндө турган эки керуптун ортосунан Мен Ысрайыл уулдарына сен аркылуу эмнени осуяттай турган болсом, ошолордун баарын сага айтып, сени менен сүйлөшүп турам.
23Анан акация жыгачынан үстөл жаса, анын узундугу эки чыканак, туурасы бир чыканак, ал эми бийиктиги бир жарым чыканак болсун.
24Аны таза алтын менен капта, үстүнө таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жасап чык.
25Анын капталдарына алакандын эниндей жээк чыгарып, таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жасап чык.
26Ал үстөл үчүн алтындан төрт шакекче жасап, аларды үстөлдүн төрт бурчундагы төрт бутуна бекит.
27Үстөлдү көтөрүп жүрүү үчүн, анын капталдарында шыргый кийгизиле турган шакекчелер болсун.
28Ал шыргыйларды акация жыгачынан жасап, аларды алтын менен капта, үстөлдү ошол шыргыйлар менен көтөрүп жүрүшсүн.
29Ал үстөл үчүн табактарды, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди, кумгандарды жана чөйчөктөрдү жаса. Алардын баарын таза алтындан жаса.
30Дайыма Менин алдымда болушу үчүн, ал үстөлгө нан тартууларын коюп тур.
31Анан таза алтындан чырактан жаса. Ал чырактан чегилип жасалсын. Анын өзөгү, бутактары, чөйчөкчөлөрү – мөмөчөлөрү менен гүлдөрү өзүнөн чыксын.
32Анын эки капталынан алты бутак чыгып турсун: бир капталынан үч бутак, экинчи капталынан үч бутак.
33Бир бутакта бадам гүлүнө окшош үч чөйчөкчө мөмөчөсү жана гүлдөрү менен, экинчи бутакта бадам гүлүнө окшош үч чөйчөкчө мөмөчөсү жана гүлдөрү менен болсун. Чырактандан чыгып турган алты бутактын баары ошондой болсун.
34Ал эми чырактандын өзөгүндө бадам гүлүнө окшогон төрт чөйчөкчө мөмөчөлөрү жана гүлдөрү менен болсун.
35Өзөктөн чыгып турган алты бутактын экөөнүн астында да, экинчи экөөнүн астында да, үчүнчү эки бутактын астында да мөмөчө болсун.
36Мөмөчөлөрү менен бутактары анын өзүнөн чыгып турсун. Ал бүт бойдон таза алтындан чегилип жасалсын.
37Ага жети чырак жаса, алды жагына жарык бере тургандай кылып, аларды чырактандын үстүнө орнот.
38Анын кычкачтары менен чырак өчүргүчтөрүн таза алтындан жаса.
39Чырактанды жана ага тиешелүү нерселердин баарын бир талант таза алтындан жаса.
40Байкагын, аларды Мен сага тоодо көрсөткөн үлгү боюнча жаса.