1Жыйын чатырын болсо чыйратылган зыгыр буласынан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөрдөн токулган он жабуу менен жап. Жабууларга чеберчилик менен керуптарды түшүр.
2Ар бир жабуунун узундугу жыйырма сегиз чыканак, туурасы төрт чыканак болсун. Бардык жабуулардын өлчөмү бирдей болсун.
3Беш жабуу бири-бирине, калган беш жабуу бири-бирине бириктирилсин.
4Биринчи беш жабуунун экинчи беш жабуу менен бириге турган четине ачык көк жиптен илмек жаса. Ошондой эле экинчи беш жабуунун биринчи беш жабуу менен бириге турган четине ачык көк жиптен илмек жаса.
5Биринчи беш жабуунун акыркы жабуусунун четине элүү илмек жана экинчи беш жабуунун биринчи беш жабуу менен бириге турган жабуусунун четине элүү илмек жаса. Илмектер бири-бирине дал келиши керек.
6Алтындан элүү илгич жасап, жабууларды илгичтер менен бири-бирине бириктир, ошондо бир бүтүн чатыр болуп калат.
7Эчкинин тыбытынан жыйын чатырынын үстүн жаба турган жабууларды току. Ошондой жабуудан он бирди жаса.
8Бир жабуунун узундугу отуз чыканак, туурасы төрт чыканак болсун. Он бир жабуунун өлчөмү бирдей болсун.
9Беш жабууну өзүнчө, алты жабууну өзүнчө бириктир. Алтынчы жабууну жыйын чатырынын алды жагынан каттап бүктөп кой.
10Беш жабуунун акыркы жабуусунун четине жана алты жабуунун акыркы жабуусунун четине бири-бирине бириктирүү үчүн элүү илмек жаса.
11Анан жезден элүү илгич жасап, аларды илмектерге киргизип, бир жабуу болгудай кылып, бардык жабууларды бириктир.
12Ал эми жыйын чатырынын акыркы жабуусунун жартысы жыйын чатырынын арт жагынан ашып турсун.
13Ал эми жабуулар жыйын чатырынын эки капталын жаап, астынкы жабуулардын бир жагынан бир чыканак, экинчи жагынан бир чыканак ашып турсун.
14Жыйын чатырынын үстүн жабуу үчүн, кызылга боёлгон кой терисинен жабуу жаса, анын үстүнөн жабуу үчүн, деңиз жаныбарынын терисинен жабуу жаса.
15Жыйын чатырын тургузуу үчүн, акация жыгачынан төрт кырдуу устундарды жаса.
16Устундардын узундугу он чыканак, туурасы бир жарым чыканак болсун.
17Ар бир устундун бири-бирине тушташ экиден шакекчеси болсун. Жыйын чатырынын бүт устундарында ошондой болсун.
18Жыйын чатырынын устундарын ушундай жаса: түштүк жагына жыйырма устун жаса.
19Ал жыйырма устундун астына күмүштөн кырк таканыч жаса. Ар бир устундун астындагы ашталуучу эки тээкке экиден таканыч болсун.
20Жыйын чатырынын түндүк жагына да жыйырма устун жаса.
21Алар үчүн да кырк күмүш таканыч жаса. Ар бир устундун астындагы ашталуучу эки тээкке экиден таканыч болсун.
22Жыйын чатырынын арт жагына, батыш жакка алты устун орнот.
23Жыйын чатырынын арт жагындагы эки бурчуна эки устун орнот.
24Алар ылдый жагынан бекитилип, өйдө жагынан бир шакекке бекитилсин: экөө тең ушундай болсун. Алар жыйын чатырынын эки бурчу үчүн бекитилсин.
25Ошондо сегиз устун болот, алар үчүн он алты күмүш таканыч болот. Ар бир устундун астында экиден таканыч болот.
26Акация жыгачынан шыргый сомдо: жыйын чатырынын бир жагындагы устундар үчүн беш шыргый,
27жыйын чатырынын экинчи жагындагы устундар үчүн беш шыргый, арт жагындагы, батыш жагындагы устундар үчүн беш шыргый.
28Ички шыргый болсо бир башынан экинчи башына чейин устундардын ортосунан өтөт.
29Устундарды алтын менен капта, шыргый кийгизиле турган шакектерин да алтындан жаса, шыргыйларды да алтын менен капта.
30Ошентип, жыйын чатырын Мен сага тоодо көрсөткөн үлгү боюнча тургуз.
31Ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөрдөн, чыйратылган зыгыр буласынан көшөгө жаса. Ага чеберчилик менен керуптар түшүрүлсүн.
32Ал көшөгөнү күмүштөн жасалган төрт таканычтын үстүндө турган, акация жыгачынан жасалган, алтын менен капталган, алтын илгичтүү төрт мамыга илип кой.
33Көшөгөнү илгичтерге илип, ичине келишим сандыгын алып кир. Ал көшөгө ыйык жайды ыйыктын ыйыгынан бөлүп турат.
34Ыйыктын ыйыгындагы келишим сандыгына капкак жап.
35Көшөгөнүн сыртына үстөл кой, чырактанды үстөлдүн каршысына, жыйын чатырынын түштүк жагына кой. Yстөлдү болсо түндүк жагына кой.
36Анан жыйын чатырынын эшигине ачык көк, кочкул кызыл жана ачык кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан саймалуу көшөгө жаса.
37Ал көшөгө үчүн акация жыгачынан беш мамы орнотуп, аларды алтын менен капта. Көшөгөнүн илгичтери алтындан болсун, беш мамынын беш таканычын жезден куй.