Чыгуу 27:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Акация жыгачынан узундугу беш чыканак, туурасы беш чыканак, бийиктиги үч чыканак болгон төрт бурчтуу курмандык чалынуучу жай жаса.

2Анын төрт бурчундагы төрт мүйүздү да өзүнөн чыгар, аны жез менен капта.

3Күл сала турган идиштерди, калактарды, чараларды, айрыларды жана чок салгычтарды жаса. Ага тиешелүү нерселердин бардыгын жезден жаса.

4Жезден арчындап тор жаса, анын төрт бурчуна жезден төрт шакек жаса.

5Ал тор курмандык чалынуучу жайдын ичиндеги тегерете чыгып турган кырдын астына коюлуп, курмандык чалынуучу жайдын жарымын түзүп турсун.

6Курмандык чалынуучу жайга акация жыгачынан шыргыйларды жаса. Аларды да жез менен капта.

7Шыргыйларды шакектерге киргизип кой, курмандык чалынуучу жайды көтөрүп жүрүү үчүн, алар анын эки жагында болсун.

8Курмандык чалынуучу жайды тактайдан ичин бош кылып жаса. Аны Мен сага тоодо көрсөткөндөй кылып жасашсын.

9Жыйын чатырынын короосун мындай жаса: короонун түштүк тарабына чыйратылган зыгыр буласынан жабууларды жаса, узундугу жүз чыканак болсун.

10Ал жабуулар үчүн жыйырма мамы, алардын астына жезден жыйырма таканыч жаса. Мамылардын илгичтери жана мамыларды бириктирген шырыктар күмүштөн жасалсын.

11Короонун түндүк тарабындагы жабуулардын узундугу жүз чыканак болсун. Алар үчүн да жыйырма мамы, алардын астына жезден жыйырма таканыч жаса. Мамылардын илгичтери жана мамыларды бириктирген шырыктар күмүштөн жасалсын.

12Короонун батыш тарабындагы, туурасындагы жабуулары элүү чыканак болсун. Алар үчүн он мамы, алардын астына он таканыч жаса.

13Короонун чыгыш тарабындагы, туурасындагы алдыңкы жабуулары элүү чыканак болсун.

14Короонун бир тарабындагы жабуулар он беш чыканак болсун. Алар үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жаса.

15Короонун экинчи тарабындагы жабуулар он беш чыканак болсун. Алар үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жаса.

16Ал эми короонун эшиги үчүн жасала турган көшөгө жыйырма чыканак болсун. Ал ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү ийрилген жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан саймаланып жасалсын. Ал үчүн төрт мамы, анын астына төрт таканыч жаса.

17Короону айланта курчаган бардык мамылар күмүш шырыктар менен бириктирилсин. Алардын илгичтери күмүштөн, ал эми таканычтары жезден жасалсын.

18Короонун узундугу жүз чыканак, туурасы элүү чыканак, бийиктиги беш чыканак болсун. Жабуулары чыйратылган зыгыр буласынан, ал эми мамылардын таканычтары жезден болсун.

19Жыйын чатырынын ар кандай жумуштарында колдонула турган нерселердин баары жана жыйын чатырынын, короонун бардык казыктары жезден жасалсын.

20Анан Ысрайыл уулдарына буйрук бер, чырактан дайыма күйүп турушу үчүн, алар сага таза зайтун майынан алып келип турушсун.

21Арун жана анын уулдары жыйын чатырындагы келишим сандыгы турган көшөгөнүн сыртында, Теңирдин алдында кеч киргенден таң атканга чейин ал май менен чырактанды күйгүзүп турушат. Бул мыйзам Ысрайыл уулдарынан алардын укум-тукумуна түбөлүккө калсын.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>