1Ысрайыл уулдарынын ичинен Мага ыйык кызмат кылышы үчүн, бир тууганың Арунду жаныңа ал. Арунду жана анын уулдары: Надапты, Абыйутту, Элазарды жана Итамарды ал.
2Бир тууганың Арунга ызат көрсөтүлүшү үчүн жана ага жарашыктуу болушу үчүн, ыйык кийим даярда.
3Мен акылмандык рухуна толтурган даанышман адамдардын бардыгына айт. Арун Мага ыйык кызмат кылганда кие турган кийимди алар даярдап беришсин.
4Алар даярдай турган кийимдер булар: төш чөнтөк, эфод, сырткы чапан, узун көйнөк, кидар жана бел курчоо. Алар бир тууганың Арунга жана анын уулдарына Мага ыйык кызмат кылганда кие турган ыйык кийим даярдап беришсин.
5Алар алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана зыгыр буласынан алып,
6алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан чеберчилик менен эфод токушсун.
7Ийининде эфоддун эки учун бириктире турган чени болсун.
8Эфоддун сыртынан байлана турган бел курчоо эфод токулгандай эле, алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана чыйратылган зыгыр буласынан токулсун.
9Оникс ташынан экини алып, алардын бетине Ысрайыл уулдарынын аттарын чегип жаз.
10Алардын жашына жараша, алтоонун атын бир ташка, калган алтоонун атын экинчи ташка чегип жаз.
11Таш чеккичтер ташты чеккендей, мөөрдү чегип жасагандай, Ысрайыл уулдарынын аттарын эки ташка чегип жаз, аларды алтын оюктарга сал.
12Ошол эки ташты эфоддун чендерине сал, ал таштар Ысрайыл уулдарын Теңир эсине алышы үчүн салынсын. Алардын аттарын Теңир эсине алышы үчүн, аларды Арун эки ийининде алып жүрсүн.
13Алтындан оюк жаса.
14Таза алтындан эки чынжырча жаса, аларды өрүп жаса, өрүлгөн чынжырчаларды оюктарга бекит.
15Кудайдын өкүмүн билдирип турган төш чөнтөктү чеберчилик менен току. Эфодду токугандай эле, аны алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана чыйратылган зыгыр буласынан току.
16Ал төрт бурчтуу, эки кат, узуну бир карыш, туурасы бир карыш болсун.
17Ага оюкка жаткырылган асыл таштарды төрт катар кылып сал, алар катары менен жатсын. Биринчи катарында лаал, топаз, зымырыт,
18экинчи катарында карбункул, сапфир, алмаз,
19үчүнчү катарында жакут, агат жана аметист,
20төртүнчү катарында хризолит, оникс, яспис жатсын. Алар алтын оюктарга салынсын.
21Ал таштардын саны Ысрайыл уулдарынын санына жараша, аттарына жараша он эки болсун. Мөөрдүн бетине чеккендей, ар бир таштын бетине он эки уруунун аты бирден чегилип жазылсын.
22Төш чөнтөк үчүн таза алтындан өрүлгөн чынжырчаларды жаса.
23Алтындан эки шакекче жасап, аларды төш чөнтөктүн эки учуна бекит.
24Өрүлгөн алтын чынжырчаларды төш чөнтөктүн эки учундагы шакекчелерге өткөз.
25Ал эми эки чынжырчанын экинчи учтарын эки оюкка, эфоддун ченинин сырткы бетине байла.
26Дагы эки алтын шакекче жасап, аларды төш чөнтөктүн башка эки учуна, төш чөнтөктүн ички бетине бекит.
27Алтындан дагы эки шакекче жасап, эфоддун сыртына, эки чендин ылдый жагындагы эфоддун алды-арты бириккен жерине, бел курчоонун үстүнө бекит.
28Төш чөнтөктүн шакекчелери менен эфоддун шакекчелерин ачык көк жүндөн чыйратылган боо менен байла, төш чөнтөктү эфоддон түшпөгүдөй кылып, бел курчоонун үстүнө байла.
29Ысрайыл уулдарынын аттарын Теңир дайыма эсине алышы үчүн, Арун ыйык жайга киргенде, Ысрайыл уулдарынын аттары жазылган төш чөнтөктү өз жүрөгүнүн тушунда алып жүрсүн.
30Кудайдын өкүмүн билдирип турган төш чөнтөккө урим менен тумимди салып кой. Арун Теңирдин алдына барганда, алар анын жүрөк тушунда болот. Ысрайыл уулдарына чыгарылган өкүмдү Арун ар дайым өз жүрөгүнүн тушунда Теңирдин алдында алып жүрөт.
31Эфоддун ичинен кие турган сырткы чапан ачык көк жүндөн токулсун.
32Чапанга туюк жака чыгарылсын, ал айрылбашы үчүн, сооттуку сыяктуу кездеме менен кыюулансын.
33Ачык көк, жакут, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жиптерден анын этегине тегерете чок жасап, чоктордун араларына алтын жылаажындарды тагып кой.
34Алтын жылаажындар менен чоктор чапандын этегине алмак-салмак, кыдырата тагылсын.
35Арун ал чапанды Теңирге ийбадат кылып жатканда кийсин. Ал Теңирдин алдына, ыйык жайга кирип-чыкканда өлүп калбаш үчүн, жылаажындардын шыңгыраганы угулуп турсун.
36Таза алтынды жылмалап, тактайча жасап, мөөрдүн бетине чеккендей, анын бетине “Теңирге арналган” деп чегип жаз.
37Аны ачык көк жип менен кидарга байла, ал кидардын алды жагында болсун.
38Ал Арундун чекесинде дайыма байланып турсун. Ысрайыл уулдарынын Теңирге арнап алып келген курмандыктарынын жана тартууларынын кемчиликтерин ал өз мойнуна көтөрөт. Теңир алардын курмандыктарын кабыл алышы үчүн, ал ар дайым анын чекесинде болсун.
39Зыгыр буласынан узун көйнөк току, ошондой эле зыгыр буласынан кидар жана саймалуу бел курчоо жаса.
40Ызат көрсөтүлүшү үчүн жана аларга жарашыктуу болушу үчүн, Арундун уулдарына да узун көйнөк, бел курчоо, ыйык баш кийим даярда.
41Аларды бир тууганың Арунга жана анын уулдарына кийгизип, аларды майлап, аларга укук берип, ыйык кызмат кылуучулукка арна, ошондо алар Мага ыйык кызмат кылышат.
42Аларга зыгыр буласынан белинен тизесине чейин жеткен, жылаңач этин жаба турган ич кийим току.
43Ал кийимдерди Арун жана анын уулдары жыйын чатырына кирерде же ыйык жайда ийбадат кылуу үчүн, курмандык чалынуучу жайга жакын келерде, күнөөлүү болуп өлүп калбаш үчүн кийип жүрүшсүн. Бул мыйзам ага жана анын укум-тукумуна түбөлүккө калсын.