1Менин ыйык кызмат кылуучуларым болушу үчүн, аларды ыйыктоодо мындай кылышың керек: бир букачар, кемчилиги жок эки кочкор,
2ошондой эле буудай унунан жасалган ачыткысыз нан, зайтун майы кошулган ачыткысыз нан, үстүнө зайтун майы сыйпалган ачыткысыз токоч алып,
3аларды бир себетке салып, себети менен алып кел, алар менен кошо букачарды, эки кочкорду ала кел.
4Арунду уулдары менен жыйын чатырынын эшигинин алдына алып келип, сууга жуунт.
5Кийимдерди алып, Арунга узун көйнөктү, сырткы чапанды, эфодду кийгизип, төш чөнтөктү тагып, эфоддун сыртынан бел курчоо менен курча.
6Башына кидарды кийгизип, ага ыйык таажыны так.
7Майлоочу майды алып, башына куюп, аны майла.
8Анын уулдарын да алып келип, аларга узун көйнөк кийгиз.
9Арунга, анын уулдарына бел курчоо курчап, баштарына баш кийим кийгиз, ошондо ыйык кызмат мыйзам боюнча түбөлүккө аларга таандык болот. Арунга жана анын уулдарына ыйык кызмат кылуучунун укугун бер.
10Анан жыйын чатырынын алдына букачарды алып кел. Арун менен анын уулдары букачардын башына колдорун коюшсун.
11Букачарды Теңирдин алдында, жыйын чатырынын эшигинин алдында сой.
12Букачардын канынан алып, сөөмөйүң менен курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүнө сыйпа, калган канды курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төк.
13Букачардын бүт ич майын, боор майын, эки бөйрөгүн жана бөйрөк майын алып, курмандык чалынуучу жайда өрттө.
14Ал эми этин, терисин жана кан-жинин стандын сыртында өрттө. Бул – күнөө үчүн чалынган курмандык.
15Анан бир кочкорду жетелеп кел. Арун менен анын уулдары анын башына колдорун коюшсун.
16Ал кочкорду мууздап, канынан алып, курмандык чалынуучу жайга тегерете чач.
17Кочкордун этин жиликтеп бөлүп, ичеги-карыны менен шыйрактарын жууп, аларды жиликтердин жана баштын үстүнө кой.
18Анан кочкорду бүт бойдон курмандык чалынуучу жайда өрттө. Бул – Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык, жыты Теңирге жаккан курмандык.
19Экинчи кочкорду да жетелеп кел, анын башына да Арун менен уулдары колдорун коюшсун.
20Анан кочкорду союп, канынан алып, Арундун оң кулагынын көнчөгүнө жана уулдарынын оң кулактарынын көнчөгүнө, алардын оң колдорунун бармагына жана оң буттарынын бармагына сыйпа, кандан алып, курмандык чалынуучу жайга тегерете чач.
21Курмандык чалынуучу жайдагы кандан жана майлоочу майдан алып, Арунга, анын кийимдерине, уулдарына, алардын кийимдерине чач. Ошондо анын өзү да, кийимдери да, анын уулдары да, алардын кийимдери да ыйыкталат.
22Кочкордун майы менен куйрук майын, ич майын, боор майын, эки бөйрөгүн, бөйрөк майын, оң санын ал.
23Теңирдин алдындагы себеттен бир тоголок нан, зайтун майы кошулган бир токоч, ачыткысыз бир нан ал.
24Алардын баарын Арун менен уулдарынын колуна бер, алар аны Теңирдин алдында силкилдетишсин.
25Анан аны алардын колдорунан алып, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен кошо курмандык чалынуучу жайда өрттө. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.
26Арунду ыйык кызматка дайындоо расмисине арналган кочкордун төш этин Теңирдин алдында силкилдет. Бул сенин энчиң болот.
27Ошол кочкордун Арунга жана анын уулдарына тиешелүү бөлүгүн: силкилдетилген төшү менен өйдө көтөрүлгөн сан этин ыйыкта.
28Булар – Арун менен анын уулдарына ар дайым Ысрайыл уулдары алып келген курмандыктардан бериле турган бөлүк, анткени бул – алардын Теңирдин алдында өйдө көтөргөн курмандыгы. Ысрайыл уулдарынын тынчтык курмандыктары Теңирге арналуучу курмандыктар болуп эсептелет.
29Ал эми Арундун ыйык кийимдери, көзү өткөндөн кийин, уулдарына өтөт. Ошондо алар ыйык кызмат кылуучулукка майланып, кызматка дайындала алат.
30Анын ордун баса турган, ыйык жайда кызмат кылуу үчүн жыйын чатырына кире турган, анын уулдарынан чыккан ыйык кызмат кылуучу ал кийимдерди жети күн кийип жүрүшү керек.
31Арналган кочкорду алып, этин ыйык жерде бышыр.
32Ошол кочкордун этин Арун жана анын уулдары себеттеги нандар менен кошо жыйын чатырынын эшигинин алдында жешсин.
33Анткени бул курмандыктар – ыйык кызматка дайындап жатканда, аларды ыйыктоого арналган курмандыктар. Аларды башка адам жебеши керек, анткени алар ыйык.
34Эгерде ыйык кызматка дайындоого арналган эт менен нандан эртең мененкиге калып калса, анда аларды өрттөп жибер. Аларды жегенге болбойт, анткени алар ыйык.
35Арунга жана анын уулдарына Мен сага буйругандай кыл. Аларды ыйык кызматка дайындоо расмисин жети күн өткөр.
36Күнөөдөн тазалоо үчүн, күн сайын бирден букачар алып келип, курмандык чалынуучу жайда чал, аны ыйыктоо үчүн, майлоочу май менен майла.
37Жети күн курмандык чалынуучу жайды тазала, аны ыйыкта, ошондо курмандык чалынуучу жай эң ыйык жай болот. Ага тийгендин баары ыйык болуп калат.
38Курмандык чалынуучу жайда сен күн сайын бир жылдык эки козуну курмандыкка чаласың.
39Бир козуну эртең менен, бир козуну кечинде чал.
40Бир козу менен кошо гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк сыгылган зайтун майы кошулган эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун, ал эми үстүнө куюу үчүн, гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк шарап алып кел.
41Экинчи козуну курмандыкка кечинде алып кел. Эртең мененкидей эле уну менен болсун, жагымдуу жыт болушу үчүн, куюлуучу курмандыгы менен болсун.
42Бул – Теңирдин алдында, жыйын чатырынын эшигинин алдында силердин укум-тукумуңар дайыма өрттөй турган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык. Сени менен сүйлөшүү үчүн, Мен силерге ошол жерде ачылам.
43Ошол жерде Мен Ысрайыл уулдарына ачылам, ошол жер Менин даңкым менен ыйыкталат.
44Жыйын чатырын жана курмандык чалынуучу жайды ыйыктайм. Мага ыйык кызмат кылышы үчүн, Арунду жана анын уулдарын ыйыктайм.
45Ысрайыл уулдарынын арасында жашап, алардын Кудайы болом.
46Ошондо алар Менин өздөрүнүн Кудай-Теңири экенимди билишет. Алардын арасында болуу үчүн, Мен аларды Мисир жеринен алып чыккам. Мен алардын Кудай-Теңиримин.