1Муса мидиандык буткана кызматчысы, кайнатасы Итронун койлорун кайтарып жүрдү. Бир күнү ал койлорду алыс жактагы чөлгө айдап барып, Кудайдын тоосу Хорепке келди.
2Ошондо ага күйүп жаткан тикенектүү бадалдын арасынан, оттун жалынынан Теңирдин периштеси көрүндү. Муса тикенектүү бадалдын жалындап күйүп жатканын, бирок күйүп кетпегенин көрдү.
3«Эмне үчүн бадал күйүп кетпейт? Барып, бул укмуштуу кубулушту көрүп келейинчи», – деди ал.
4Теңир анын көргөнү келе жатканын көрүп, бадал ичинен аны: «Муса! Муса!» – деп чакырды. Ал: «Мына мен!» – деп жооп берди.
5Кудай ага: «Бул жерге жакындаба. Бут кийимиңди чеч, анткени сен турган жер – ыйык жер.
6Мен сенин ата-бабаңдын Кудайымын, Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын», – деди. Муса бетин жаап алды, анткени Кудайды карагандан коркту.
7Теңир мындай деди: «Мен Өз элимдин Мисирде тарткан азабын көрдүм, башкаруучулардан кордук көрүп, боздогон үнүн уктум. Мен анын кайгысын билем.
8Мен аны мисирликтердин колунан куткаруу үчүн, бул жерден алып чыгып, сүт менен бал аккан жакшы, кенен жерге, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып баруу үчүн келдим.
9Ысрайыл уулдарынын боздогон үнү Мага жетти, аларды мисирликтер кантип эзип жатканын көрүп турам.
10Ошондуктан баргын, Мен сени фараонго жиберем. Мисирден Менин элимди, Ысрайыл уулдарын, алып чык».
11Муса Кудайга: «Фараонго барып, Мисирден Ысрайыл уулдарын алып чыккыдай, мен киммин?» – деди.
12Ошондо Кудай ага: «Мен сени менен болом, сени Мен жибергендигимдин белгиси мындай: сен элди Мисирден алып чыккандан кийин, ушул тоонун үстүндө Кудайга ийбадат кыласыңар», – деди.
13Муса Кудайга: «Мен азыр Ысрайыл уулдарына барып: “Силердин ата-бабаңардын Кудайы мени силерге жиберди”, – десем, алар менден: “Анын аты ким?” – деп сурашса, эмне деп жооп беришим керек?» – деди.
14Кудай Мусага: «Мен Бар Болуп Туруучумун (Жахабамын). Ысрайыл уулдарына: Мени силерге Бар Болуп Туруучу Өзү жиберди деп айт», – деди.
15Кудай Мусага дагы мындай деди: «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Теңир, силердин ата-бабаңардын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы мени силерге жиберди”. Бул Менин кылымдан кылымга, укумдан-тукумга белгилүү болгон ысымым.
16Барып, Ысрайыл аксакалдарын чогултуп, аларга мындай деп айт: “Теңир, силердин ата-бабаңардын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы мага келип, мындай деди: «Мен силерге келип, Мисирде силерди эмне кылып жатышканын көрдүм.
17Мен силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарып, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине, сүт менен бал аккан жерге алып барам»”.
18Ошондо алар сени угушат. Сен болсо Ысрайыл аксакалдары менен бирге Мисир падышасына барып, ага мындай деп айтасың: “Теңир, эврейлердин Кудайы, бизди чакырып жатат, ошондуктан бизди чөлгө, үч күндүк жолго коё бер, Кудай-Теңирибизге курмандык чалалы”.
19Мисир падышасын зор күч менен мажбурлабаса, силерге уруксат бербестигин билем.
20Мен Өзүмдүн күчүмдү колдонуп, Мисирди кереметтерим менен кыйратам. Ал силерди ошондон кийин гана коё берет.
21Мен бул элге мисирликтердин көз алдында ырайым кылам. Силер кетип бара жатканда, куру кол кетпейсиңер.
22Ар бир эврей аял мисирлик коңшусунан жана үйүндө жашаган мисирлик аялдардан алтын-күмүш буюмдарын, кийимдерин сурап алат. Аларды уул-кыздарыңарга кийгизесиңер, ошентип, мисирликтерди тоноп аласыңар».