Чыгуу 30:1-38 KYB2004 - Bible AI

1Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жай жаса, ал акация жыгачынан жасалсын.

2Ал төрт бурчтуу болсун: узундугу бир чыканак, туурасы бир чыканак, бийиктиги эки чыканак. Анын төрт бурчунан мүйүздөр чыгарылсын.

3Анын үстүн, капталдарын, мүйүздөрүн таза алтын менен каптап, таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жаса.

4Алтын ачакейдин астына, эки бурчуна алтындан эки шакек жаса. Алар анын эки тарабында болсун. Көтөрүп жүрүү үчүн, алар шыргыйлар киргизиле турган шакектер болот.

5Шыргыйларды акация жыгачынан жасап, алтын менен капта.

6Аны Мен сага ачылып бере турган келишим сандыгынын алдындагы көшөгөнүн жанына, сандыктын үстүндөгү капкактын тушуна кой.

7Арун анын үстүндө жыпар жыттуу заттарды түтөтөт. Күн сайын эртең менен чырактандарды даярдаганда, ал жыпар жыттуу заттарды түтөтөт.

8Арун кечинде чырактарды күйгүзгөндө да, анын үстүндө жыпар жыттуу заттарды түтөтөт. Теңирдин алдындагы бул жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жай силердин укум-тукумуңарга түбөлүк калсын.

9Анын үстүндө башка нерсе түтөтпөгүлө. Анын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты да, нан курмандыгын да өрттөбөгүлө, ага куюлуучу курмандыкты куйбагыла.

10Арун жылына бир жолу анын мүйүздөрүнүн үстүндө тазалоо расмисин кылат. Ал аны күнөөдөн тазалоочу курмандыктын каны менен жылына бир жолу тазалап турат. Бул – Теңир үчүн ыйык нерсе. Тазалоо расмиси силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калсын».

11Теңир Мусага мындай деди:

12«Ысрайыл уулдарынын санын билиш үчүн санап жатканыңда, алардын ар бири өз жанын куткарып алуу үчүн, Теңирге кун төлөсүн, ошондо алар кыргынга учурашпайт.

13Эсепке кирген ар бир адам ыйык делип эсептелген шекелдин жарымын берсин, бир шекел жыйырма герге барабар. Жарым шекел – Теңирге арналган курмандык.

14Эсепке кире турган жыйырма жана андан жогорку жаштагы ар бир адам Теңирге курмандык берүүгө милдеттүү.

15Өз жанын куткарып калуу үчүн Теңирге берген курмандык жарым шекел болуш керек. Байдыкы ашып кетпесин, жардыныкы кем болбосун.

16Ысрайыл уулдарынан өздөрүнүн жаны үчүн берген күмүшүн алып, аны жыйын чатырынын керегине жумша. Бул Ысрайыл уулдары үчүн, Теңир эсине алышы үчүн, силердин жаныңарды куткарып калуу үчүн болсун».

17Теңир Мусага дагы мындай деди:

18«Жуунуу үчүн жезден жуунгуч жаса, анын түбү да жез болсун. Аны жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын ортосуна коюп, ичине суу куюп кой.

19Арун жана анын уулдары ал жуунгучтан суу алып, колу-бутун жуушсун.

20Алар жыйын чатырына кирер алдында, же болбосо кызмат кылыш үчүн курмандык чалынуучу жайга жакын келерде, Теңирге курмандык чаларда, өлүп калбаш үчүн, сууга жуунушсун.

21Өлүп калбаш үчүн, алар колдорун, буттарын жуушсун. Бул мыйзам Арунга жана анын укум-тукумуна түбөлүккө калсын».

22Теңир Мусага дагы мындай деди:

23«Ыйык шекел менен эсептеп, эң жакшы жыттуу заттардан: суюк миррадан беш жүз, жыпар жыттуу жыгачтын кабыгынан эки жүз элүү, жыпар жыттуу камыштан эки жүз элүү,

24касийден беш жүз шекел ал, зайтун майынан бир гин ал.

25Ыйыктап майлоо үчүн, ушуларды чеберчилик менен аралаштырып, майлоочу май жаса. Бул – ыйыктап майлаш үчүн колдонулуучу май.

26Анан аны менен жыйын чатырын, келишим сандыгын,

27үстөлдү жана ага тиешелүү бардык нерселерди, чырактанды жана ага тиешелүү бардык нерселерди, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды,

28курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды жана ага тиешелүү бардык нерселерди, жуунгучту жана анын түбүн майлап чык.

29Аларды ыйыкта, ошондо алар эң ыйык болуп калат. Аларга тийгендердин баары ыйык болуп калышат.

30Ал май менен Арунду да, анын уулдарын да майлап, Мага ыйык кызмат кылуучу кылып дайында.

31Ал эми Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Ыйык майлоо үчүн колдонулган бул май Мага таандык. Бул силердин укум-тукумуңарга калсын.

32Аны менен башка адамдардын денесин майлабагыла, ага окшош май жасабагыла. Ал – ыйык май. Ал силер үчүн ыйык болсун.

33Ким ошондой май жасаса же аны менен башка бирөөнү майласа, ал өз элинин арасынан жок кылынат”».

34Анан Теңир Мусага дагы мындай деди: «Төмөндөгү жыпар жыттуу заттардан: стиракс, оних, халван жана таза ладандан бирдей өлчөмдө ал.

35Чеберчилик менен алардан түтөтүлө турган ыйык аралашма жаса. Ал туз менен аралаштырылган, таза жана ыйык болсун.

36Аны жанчып майдалап, Мен сага ачылып бере турган жыйын чатырындагы келишим сандыгынын алдына кой. Ал силер үчүн эң ыйык нерсе болот.

37Өзүңөргө ушундай заттардан турган түтөтүлүүчү аралашма жасабагыла, ал сенин Теңирге арнаган ыйык нерсең болсун.

38Түтөтүү үчүн ким ушундай аралашма жасаса, ал өз элинин арасынан жок кылынат».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>