1Теңир Мусага дагы мындай деди:
2«Билип ал, Мен Жүйүт уруусундагы Хурдун уулу, Уринин уулу Бетселелдин так өзүн дайындадым.
3Мен аны Кудайдын Рухуна толтурдум, ага даанышмандык, түшүнүк, билгичтик жана ар кандай өнөр бердим.
4Мен ага алтындан, күмүштөн, жезден буюм жасаганды,
5оюкка салынуучу таштарды кескенди, жыгач сомдогонду, бардык ишти жасай билүүнү үйрөттүм.
6Мен ага Дан уруусундагы Акисамак уулу Алыйапты жардамчы кылып дайындадым. Ар бир акылдуу адамдын жүрөгүнө акылмандык салам, ошондо алар Мен сага буйругандын бардыгын жасашат.
7Алар жыйын чатырын, келишим сандыгын жана анын капкагын, жыйын чатырына тиешелүү болгон бардык нерселерди,
8үстөлдү жана ага тиешелүү болгон бардык нерселерди, таза алтындан чырактан жана ага тиешелүү болгон бардык нерселерди, ошондой эле жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды,
9курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды, ага тиешелүү болгон бардык нерселерди, жуунгучту жана анын түбүн,
10кызматчылардын ыйык кызмат кыларда кие турган кийимдерин, ыйык кызмат кылуучу Арундун ыйык кийимдерин, анын уулдарынын ыйык кийимдерин даярдап,
11ыйык жай үчүн майлоочу май жана түтөтүү үчүн жыпар жыттуу аралашма жасашсын. Алар мына ушулардын бардыгын Мен сага буйругандай жасашсын».
12Теңир Мусага дагы мындай деди:
13«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Менин ишемби күнүмдү ыйык туткула, анткени ал күн – силерди ыйык эл кылган Теңириңер Мен экенимди билип жүрүүңөр үчүн, Мени менен силердин жана укум-тукумуңардын ортосунда белги болгон күн.
14Ишемби күндү ыйык туткула, анткени ал силер үчүн ыйык. Ким аны ыйык тутпаса, ал өлүм жазасына тартылсын. Ким ошол күнү жумуш кылса, ал өз элинин арасынан жок кылынсын”.
15Алты күн иш кылышсын, ал эми жетинчи күн – Теңирге арналган эс алуучу ишемби күн. Ким ишемби күнү иш кылса, ал өлүм жазасына тартылсын.
16Ысрайыл уулдары ишемби күндү ыйык тутсун, түбөлүк келишим катары алардын укум-тукуму ишемби күндү майрамдасын.
17Бул – Мени менен Ысрайыл уулдарынын ортосундагы түбөлүк белги, анткени Теңир алты күндө асман менен жерди жараткан, ал эми жетинчи күнү тынч алып, эс алган».
18Кудай Муса менен Синай тоосунда сүйлөшүп бүткөндөн кийин, ага мыйзам жазылган эки лоокту – Өз колу менен жазган таш лоокторду берди.