1Теңир Мусага мындай деди: «Сен бул жерден Мисир жеринен алып чыккан элиң менен кошо Мен Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка “Сенин тукумуңа берем” деп убада кылган жерге жөнө.
2Алдыңа периштемди жиберип, ал жерден канаандыктарды, аморлуктарды, хеттиктерди, периздиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды кууп чыгам.
3Ал силерди сүт менен бал аккан жерге алып барат. Силерди жолдо кырып салбашым үчүн, Өзүм силер менен барбайм, анткени силер тоң моюн элсиңер».
4Эл бул каардуу сөздү укканда, боздоп ыйлады, эч ким жасалгасын тагынган жок.
5Анткени Теңир Мусага мындай деген эле: «Ысрайыл уулдарына айт: “Силер тоң моюн элсиңер. Эгерде Мен силер менен барсам, анда силерди бир заматта жок кылам, ошондуктан жасалгаларыңарды чечкиле. Силерге эмне кылышты байкап көрөм”».
6Ошентип, Ысрайыл уулдары Хореп тоосунун жанында жасалгаларын чечишти.
7Муса болсо стандын сыртына, стандан обочо жерге чатыр тигип, аны «жыйын чатыры» деп атады. Теңирди издеген адамдардын баары стандын сыртындагы жыйын чатырына келишчү.
8Муса жыйын чатырына бара жатканда, элдин баары ордунан туруп, өз-өз чатырынын кире беришинде Муса жыйын чатырына киргенче карап турушчу.
9Муса жыйын чатырына киргенде, асмандан булут мамы түшүп, жыйын чатырынын кире беришине келип турчу, ошондо Теңир Муса менен сүйлөшчү.
10Эл жыйын чатырынын кире беришинде турган булут мамыны көрүп, ордунан туруп, өз чатырларынын кире беришинде таазим кылчу.
11Ошондо Теңир Муса менен досу менен сүйлөшкөндөй, бетме-бет сүйлөшчү. Ошондон кийин Муса станга кайрылып келчү, ал эми анын кызматчысы Нундун уулу Жашыя жыйын чатырынан карыш жылчу эмес.
12Муса Теңирге мындай деди: «Сен мага: “Бул элди баштап бар, Мен сени атыңдан билем, сен Менин алдымда ырайым таптың”, – десең да, мени менен кимди жиберериңди ачып бербедиң.
13Эгерде мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, анда өтүнөм: Сени таанып билишим үчүн, Сенин алдыңда ырайым табышым үчүн, мага Өз жолуңду ач. Бул эл Өз элиң экенин унутпа».
14Ошондо Теңир ага: «Мен Өзүм барам, сени бейпил жерге жеткирем», – деди.
15Муса Теңирге: «Эгерде биз менен Сен Өзүң барбасаң, анда бизди бул жерден алып чыкпа.
16Мен да, Сенин элиң да Сенин алдыңда ырайым тапканыбызды кантип билебиз? Сенин биз менен барганыңдан эмеспи? Ошондо мен да, Сенин элиң да жер жүзүндөгү бардык элдерден атактуу болобуз», – деди.
17Ошондо Теңир Мусага: «Сенин азыркы айтканыңды аткарам, анткени сен Менин алдымда ырайым таптың, Мен сени атыңдан билем», – деди.
18Муса Ага: «Мага Өз даңкыңды көрсөтчү», – деди.
19Ошондо Теңир ага мындай деди: «Мен сенин алдыңдан бардык жакшылыктарымды өткөрүп, Теңирдин ысымын сенин алдыңда жарыя кылам. Мен кимге ырайым кылгым келсе, ага ырайым кылам; кимди аягым келсе, аны аяйм».
20Анан Ал дагы мындай деди: «Сага Менин жүзүмдү көрүүгө болбойт, анткени Менин жүзүмдү көргөн адам тирүү калбайт».
21Теңир дагы мындай деди: «Менин жанымда аска бар, ошол асканын үстүндө тур.
22Менин даңкым өтүп бара жатканда, сени асканын жаракасына коём, өтүп кеткенге чейин, сени колум менен калкалап турам.
23Мен колумду тартып алгандан кийин, Мени артыман көрөсүң, Менин жүзүмдү көрбөйсүң».