1Теңир Мусага мындай деди: «Ташты жылмалап, мурункуга окшош эки лоок жаса. Мен ал лоокторго сен талкалаган мурунку таш лооктордогу сөздөрдү жазып берем.
2Эртең мененкиге чейин даяр бол. Синай тоосунун башына чыгып, Менин алдыма келип тур.
3Бирок сени менен тоого эч ким чыкпасын, бул тоодо эч ким көрүнбөсүн. Бул тоонун жанында майда мал да, бодо мал да жайылып жүрбөсүн».
4Муса таш жылмалап, мурунку таш лоокторго окшош эки таш лоок жасады. Эртең менен эрте туруп, Теңир буйругандай, Синай тоосуна чыкты. Колуна эки таш лоокту алып алды.
5Теңир булут ичинде төмөн түшүп, Мусанын жанына келип токтоп, Өзүнүн ысымын «Жахаба» деп жарыялады.
6Анан Теңир Мусанын бет алдынан өтүп, мындай деп сүйлөдү: «Теңир – пендесин сүйгөн, ырайымдуу, чыдамдуу, абдан боорукер, адилеттүү,
7миңинчи тукумга чейин ырайым кыла турган, айыбын, кылмышын жана күнөөсүн кечире турган, бирок жазасыз калтырбай турган, ата-бабаларынын айыбы үчүн үчүнчү жана төртүнчү тукумуна чейинки балдарын жана балдарынын балдарын жазалай турган Кудай-Теңир».
8Муса ошол замат жерге жыгылып, Кудайга таазим кылды.
9Анан мындай деди: «О Эгедерим! Эгерде мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, анда Эгедерим биз менен барсын, анткени бул эл – тоң моюн эл. Биздин мыйзамсыз иштерибиз менен күнөөлөрүбүздү кечир. Бизди Өз элиң кылып ал!»
10Ошондо Теңир мындай деди: «Мен мындай келишим түзөм: сенин бүткүл элиңдин алдында бүт жер жүзүндө болбогон жана эч бир элде жок кереметтерди көрсөтөм. Сен арасында жүргөн бүт эл Теңирдин иштерин көрөт, анткени Мен сен үчүн өтө коркунучтуу иш көрсөтөм.
11Азыр Мен сага берип жаткан буйруктарымды сакта. Мына, Мен аморлуктарды, канаандыктарды, хеттиктерди, периздиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды сенин алдыңдан кууп жатам.
12Сак бол, өзүң ээлей турган жердин тургундары менен байланыш түзбө, алар силер түшө турган тор болуп калбасын.
13Алардын курмандык чалынуучу жайларын талкалагыла, мамыларын кыйраткыла, мазар теректерин кыйгыла.
14Анткени сен Теңирден башка кудайга сыйынбашың керек, Анын ысымы – “Кызганчаак”. Ал – кызганчаак Кудай.
15Өз кудайларына табынып жатышканда жана кудайларына курмандык чалып жатышканда, сени да чакырбашы үчүн, сен да алардын курмандыктарынан жебешиң үчүн, ал жердин тургундары менен келишим түзбө.
16Алардын кыздары өз кудайларына табынып, сенин уулдарыңды да өз кудайларына табынууга азгырбашы үчүн, уулдарыңа алардын кыздарынан аял алып бербе.
17Өзүңө куйма кудайларды жасаба.
18Ачыткысыз нан майрамын өткөрүп тур. Мен сага буйругандай, белгиленген Абыт айында жети күн ачыткысыз нан же, анткени сен Мисирден Абыт айында чыккансың.
19Тун балдарыңдын баары Меники, ошондой эле бодо малыңдан тартып койлоруңа чейин, биринчи туулган эркек малыңдын баары Меники.
20Эшектердин биринчи төлүн козуга алмаштыр. Эгерде алмаштырбасаң, анда кунун төлө. Бардык тун уулдарыңдын кунун төлө. Эч ким Менин алдыма куру кол келбесин.
21Алты күн иштеп, жетинчи күнү эс ал. Себүү, оруу-жыюу убагында да жетинчи күнү эс ал.
22Буудайыңдын биринчи түшүмүн жыйнаганыңда, Жумалар майрамын, жыл аягында Түшүм жыйноо майрамын майрамда.
23Элиңдеги эркек аттуулардын баары жылына үч жолу Ысрайылдын Кудай-Теңиринин, Эгедердин, алдына келишсин.
24Анткени Мен сенин алдыңдан бул жердеги элди кууп чыгып, сенин чек араңды кеңейтем. Эгерде сен жылына үч жолу Кудай-Теңириңдин алдына келсең, эч ким сенин жериңди тартып албайт.
25Мага чалган курмандыгыңдын канын ачыткы кошулган нан менен бирге алып келбе. Пасах майрамына карата чалынган курмандык эртең мененкиге калбасын.
26Жериңден алган эң биринчи түшүмүңдү Кудай-Теңириңдин үйүнө алып кел. Улакты энесинин сүтүнө бышырба».
27Анан Теңир Мусага дагы мындай деди: «Бул сөздөрдү жазып ал, анткени бул сөздөрдүн негизинде Мен сени менен жана Ысрайыл эли менен келишим түзүп жатам».
28Ошентип, Муса Теңирдин жанында нан да жебей, суу да ичпей, кырк күн, кырк түн болду. Ошондо Кудай таш лоокторго келишим сөздөрүн – он осуятты жазды.
29Муса Синай тоосунан түшүп келе жатканда, анын колунда мыйзам жазылган эки таш лоок бар эле. Муса Кудай менен сүйлөшкөндүктөн, тоодон түшүп келе жатканда, жүзүнөн нур чачырап турганын өзү билген жок.
30Арун менен Ысрайылдын бардык уулдары Мусанын жүзүнөн нур чачырап турганын көрүп, жакын баруудан коркушту.
31Муса аларды өзүнө чакырды. Ошондо Арун менен жамааттын бардык башчылары келишти. Муса алар менен сүйлөштү.
32Андан кийин Ысрайылдын бүт уулдары келишти. Муса аларга Теңирдин Синай тоосунда айткан осуяттарынын баарын айтып берди.
33Муса алар менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин, бетине жабуу жаап алды.
34Ал Теңир менен сүйлөшүү үчүн, Анын алдына барганда, бетиндеги жабуусун алып салчу, кайра чыкканда жаап алчу. Чыккандан кийин Теңир берген осуяттын баарын Ысрайыл уулдарына айтып берчү.
35Ысрайыл уулдары анын жүзүнөн нур чачырап турганын көрүшчү. Теңир менен сүйлөшкөнү барганга чейин, ал кайрадан жүзүн жаап алчу.