1Муса Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатын чогултуп, аларга мындай деди: «Теңир силерге мындай осуят берди:
2“Алты күн иштегиле, ал эми жетинчи күн силер үчүн ыйык күн болсун. Ал күн – Теңирге арналган эс алуу күнү. Ким ал күнү жумуш кылса, өлүм жазасына тартылат.
3Ишемби күнү эч кимиңер үйүңөргө от жакпагыла”».
4Муса Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына дагы мындай деди: «Теңир силерге мындай осуят берди:
5Ар ким өз атынан, өз ыктыяры менен Теңирге алтын, күмүш, жез,
6ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүн, зыгыр буласын, эчкинин тыбытын,
7кызылга боёлгон кой терилерин, деңиз жаныбарынын терилерин, акация жыгачтарын,
8чырактан үчүн зайтун майын, майлоочу май үчүн, түтөтүү үчүн жыпар жыттуу заттарды,
9эфод менен төш чөнтөккө салынуучу оникс ташын жана башка асыл таштарды тартуу кылсын.
10Араңардагы акылмандардын баары келип, Теңирдин буйругандарын аткарышсын:
11жыйын чатырын, анын жабуусун, эң үстүнкү жабуусун, илгичтери менен устундарын, шыргыйлары менен мамыларын жана таканычтарын,
12келишим сандыгын, анын шыргыйларын, капкагын жана бөлүп турган көшөгөнү,
13үстөлдү, анын шыргыйларын, ага тиешелүү бардык нерселерди, нан тартууларын,
14жарык берүүчү чырактанды жана ага тиешелүү бардык нерселерди, анын чырактарын, күйгүзө турган зайтун майын,
15жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды, анын шыргыйларын, майлоочу майды, түтөтүү үчүн жыпар жыттуу заттарды, жыйын чатырынын кире беришиндеги көшөгөнү,
16курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды, анын жез торун, шыргыйларын, ага тиешелүү бардык нерселерди, жуунгучту жана анын түбүн,
17короонун жабууларын, анын мамыларын жана таканычтарын, короонун эшигиндеги көшөгөнү,
18жыйын чатырынын казыктары менен короонун казыктарын жана алардын аркандарын,
19ыйык жайда кызмат кылганда кийиле турган кийимдерди, ыйык кызмат кылуучу Арундун жана анын уулдарынын ыйык кызмат кылганда кие турган кийимдерин даярдашсын».
20Анан Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Мусанын жанынан кетишти.
21Бул ишке жүрөгү тарткандардын бардыгы, өз каалоосу менен бергиси келгендердин бардыгы жыйын чатырын орнотуш үчүн, анын бардык керектөөлөрү үчүн жана ыйык кийимдер үчүн Теңирге арнаган тартууларын алып келишти.
22Күйөөлөрү аялдары менен келишти, бардыгы өз каалоолору менен шакектерин, сыргаларын, асыл таштуу шакектерин, чынжырларын жана ким алтын буюмдарын арнагысы келсе, аларды Теңирге арнап алып келишти.
23Кимдин ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүнү, зыгыр буласы, эчкинин тыбыты, кызылга боёлгон кой териси, деңиз жаныбарынын териси бар болсо, ошолорду алып келип жатышты.
24Ким күмүш же жез бергиси келсе, аны Теңирге арнап алып келди. Кимдин акация жыгачы болсо, аны да жыйын чатырынын ар кандай керектөөсү үчүн берди.
25Акылман аялдар ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана зыгыр буласынан өз колдору менен ийирген түрмөк жиптерин алып келишти.
26Бул ишке жүрөгү тарткан, жип ийиргенди билген аялдар эчкинин тыбытынан жип ийиришти.
27Төрөлөр болсо эфод менен төш чөнтөккө салынуучу оникс ташын жана башка асыл таштарды,
28ошондой эле жыпар жыттуу заттарды, чырактанды күйгүзүүчү майды, майлоочу май үчүн, түтөтүү үчүн жыпар жыттуу заттарды алып келип жатышты.
29Ошентип, Ысрайыл уулдарынын эркектери менен аялдары Теңирдин Муса аркылуу жасоого тапшырган бардык иштеринин кайсынысына жүрөгү тартса, ошол иш үчүн, Теңирге өз ыктыярлары менен тартуу алып келип жатышты.
30Муса Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Билип алгыла, Теңир Жүйүт уруусунан Хурдун уулу, Уринин уулу Бетселелдин так өзүн дайындады.
31Аны Кудайдын Рухуна толтурду, ага даанышмандык, түшүнүк, билгичтик, ар кандай өнөр берди,
32алтындан, күмүштөн, жезден буюм жасаганды,
33оюкка салынуучу таштарды кескенди, жыгач сомдогонду жана ар кандай көркөмдөө иштерин кылганды үйрөттү.
34Теңир Бетселелдин жана Дан уруусундагы Акисамак уулу Алыйаптын жүрөгүнө башкаларды да үйрөтүү жөндөмдүүлүгүн салды.
35Теңир аларга акылмандык берип, таш чеккичтин бардык иштерин, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана зыгыр буласынан кездеме токуган токуучунун жана чебер саймачынын ишин үйрөттү. Ошондой эле чеберчилик менен кездеме токуганды билген токуучунун бардык иштерин үйрөттү».