Чыгуу 36:1-38 KYB2004 - Bible AI

1Бетселел менен Алыйап жана Теңир акылмандык берген акылман адамдардын баары Теңир буйругандай иштей башташты. Теңир аларга ыйык жайда иштеш үчүн керек болгон акылмандыкты жана түшүнүктү берди.

2Анан Муса Теңир акылмандык берген Бетселел менен Алыйапты, бардык акылман адамдарды, жүрөгү бул жумушка тартылгандарды чакырды.

3Алар ыйык жайда иштеш үчүн керек болгон, Ысрайыл уулдары алып келген тартуулардын баарын Мусанын колунан алышты. Ошол эле учурда күн сайын эртең менен тартуулар үзүлбөй келип жатты.

4Ошондо ыйык жайда иштеп жаткан акылман адамдардын бардыгы өз иштерин токтотуп,

5Мусага келип: «Теңир буйруган жумуштар үчүн керек болгон нерселерди эл ашыкча алып келип жатышат», – дешти.

6Ошондо Муса буйрук берди. Анын мындай буйругу станда жарыяланды: «Эркектер да, аялдар да ыйык жайга эми эч кандай тартуу алып келишпесин». Ошондон кийин эл тартуу алып келүүнү токтотту.

7Жумушка керектүү нерселердин баары жетип, атүгүл, артып да калды.

8Жыйын чатырында иштеген акылман адамдар чыйратылган зыгыр буласынан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн он жабуу жасап, аларга чеберчилик менен керуптарды түшүрүштү.

9Ар бир жабуунун узундугу жыйырма сегиз чыканак, туурасы төрт чыканак. Бардык жабуулар бирдей өлчөмдө эле.

10Бетселел биринчи беш жабууну бири-бирине бириктирди, экинчи беш жабууну да бири-бирине бириктирди.

11Биринчи беш жабуунун экинчи беш жабуу менен бириге турган жерине ачык көк жиптен илмек, ошондой эле экинчи беш жабуунун биринчи беш жабуу менен бириге турган четине ачык көк жиптен илмек жасады.

12Биринчи беш жабуунун акыркы жабуусунун четине элүү илмек жасады, экинчи беш жабуунун биринчи беш жабуу менен бириге турган жерине да элүү илмек жасады. Илмектер бири-бирине дал келди.

13Анан элүү алтын илгич жасап, илгичтер менен жабууларды бири-бирине бириктирди. Ошондо жыйын чатыры бир бүтүн чатыр болуп калды.

14Анан жыйын чатырынын үстүн жабуу үчүн, эчкинин тыбытынан жабуу жасады. Андай жабуудан он бирди жасады.

15Ар бир жабуунун узундугу отуз чыканак, туурасы төрт чыканак болду. Бул он бир жабуунун өлчөмү бирдей болду.

16Беш жабууну өзүнчө, алты жабууну өзүнчө бириктирди.

17Беш жабуунун акыркы жабуусунун четине элүү илмек, алты жабуунун акыркы жабуусунун четине элүү илмек жасады.

18Бир бүтүн жабуу болушу үчүн, жабууларды бири-бирине бириктиргенге элүү жез илгич жасады.

19Жыйын чатырынын үстүн жабуу үчүн, кызылга боёлгон кой терисинен жабуу жасады, анын үстүнөн жабуу үчүн, деңиз жаныбарынын терисинен жабуу жасады.

20Жыйын чатырын тургузуу үчүн, акация жыгачынан тикесинен коюла турган төрт кырдуу устундарды жасады.

21Ар бир устундун узундугу он чыканак, туурасы бир жарым чыканак болду.

22Ар бир устунга экиден, бири-бирине тушташ шакектерди жасады. Бардык устундарды ушундай жасады.

23Жыйын чатырынын түштүк тарабына ушундай устундан жыйырманы жасашты.

24Жыйырма устундун астына күмүштөн кырк таканыч жасашты. Ар бир устундун астына экиден таканыч.

25Жыйын чатырынын түндүк тарабына жыйырма устун жасады.

26Бардыгы болуп кырк күмүш таканыч жасады. Ар бир устундун астындагы ашталуучу эки тээкке экиден таканыч,

27ал эми жыйын чатырынын арт жагына, батыш жагына алты устун жасады.

28Жыйын чатырынын арт жагындагы эки бурчу үчүн эки устун жасады.

29Ал эки устунду ылдый жагынан бекитип, өйдө жагынан бир шакекке бекитти. Эки бурчуна эки устунду ушундай кылып орнотту.

30Ушул сегиз устун үчүн он алты күмүш таканыч жасады, ар бир устундун астына экиден таканыч болду.

31Акация жыгачынан шыргый жасады. Жыйын чатырынын бир жагындагы устундар үчүн беш шыргый,

32экинчи жагындагы устундар үчүн беш шыргый, арт жагындагы устундар үчүн беш шыргый жасады.

33Устундардын дал ортосунан өтө турган шыргыйды бир башынан экинчи башына жете тургандай кылып жасады.

34Устундарды алтын менен каптады, шыргыйлар киргизилүүчү шакектерди да алтындан жасады, шыргыйларды да алтын менен каптады.

35Ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан көшөгө жасап, ага чеберчилик менен керуптарды түшүрүдү.

36Ал көшөгө үчүн акация жыгачынан төрт мамы жасап, аларды алтын менен каптап, алтын илгичтерди такты. Мамылардын астына күмүштөн төрт таканыч куйду.

37Ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан жыйын чатырынын кире беришине саймалуу көшөгө жасады.

38Ал көшөгө үчүн илгичтери бар беш мамы жасап, алардын үстүн жана аларды бириктирген шырыктарды алтын менен каптады. Мамылардын астына жезден беш таканыч куйду.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>