Чыгуу 37:1-29 KYB2004 - Bible AI

1Бетселел сандыкты акация жыгачынан жасады. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак, бийиктиги бир жарым чыканак болду.

2Анын ичин да, сыртын да таза алтын менен каптады, таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра курчады.

3Анын төмөн жагындагы төрт бурчуна төрт алтын шакек куйду. Бир жагына эки шакек, экинчи жагына эки шакек.

4Акация жыгачынан шыргыйларды жасап, аларды алтын менен каптады.

5Сандыкты көтөрүп жүрүү үчүн, шыргыйларды сандыктын эки жагындагы шакектерге киргизди.

6Анан таза алтындан капкак жасады. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак болду.

7Алтындан эки керуп жасап, аларды чегип чыкты, аларды капкактын эки четине орнотту.

8Капкактын бир четинен бир керупту, экинчи четинен экинчи керупту чыгарды, керуптар капкактын эки четинен чыгып турду.

9Керуптардын канаттары асманга жайылып, капкакты жаап турду. Алар маңдай-тескей туруп, жүздөрү капкакты карап турду.

10Анан акация жыгачынан узундугу эки чыканак, туурасы бир чыканак, бийиктиги бир жарым чыканак үстөл жасады.

11Аны таза алтын менен каптап, үстүнө таажыныкындай кылып, айландыра алтын ачакей жасап чыкты.

12Анан алакандын эниндей жээк чыгарып, таажыныкындай кылып, айландыра алтын ачакей жасап чыкты.

13Ал үстөл үчүн төрт алтын шакек куюп, шакектерди анын төрт бурчундагы төрт бутуна орнотту.

14Yстөлдү көтөрүп жүрүү үчүн, жээктердин астына шыргыйларды сала турган шакектерди жасады.

15Yстөлдү көтөрүп жүрүү үчүн, акация жыгачынан шыргыйларды жасап, аларды алтын менен каптады.

16Андан кийин үстөлгө керектүү идиштерди: табактарды, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди, чөйчөктөрдү жана кумгандарды таза алтындан жасады.

17Таза алтындан чырактан жасап, чегип чыкты. Анын өзөгү, бутактары, чөйчөкчөлөрү – мөмөчөлөрү менен гүлдөрү өзүнөн чыгарылып жасалды.

18Анын эки капталынан алты бутак чыгарылды: үч бутагы бир капталынан, үч бутагы экинчи капталынан чыгарылды.

19Бир бутагынан бадам гүлүнө окшогон үч чөйчөкчө – мөмөчөлөр менен гүлдөр, экинчи бутактан да бадам гүлүнө окшогон үч чөйчөкчө – мөмөчөлөр менен гүлдөр чыгарылды. Чырактандан чыгып турган алты бутактын баары так ушундай эле.

20Ал эми чырактандын өзөгүнөн да бадам гүлүнө окшогон төрт чөйчөкчө – мөмөчөлөр менен гүлдөр чыгарылды.

21Өзүнөн чыгып турган алты бутактын астынан мөмөчөлөр чыгарылды. Биринчи эки бутактын астынан бир мөмөчө, экинчи эки бутактын астынан бир мөмөчө, үчүнчү эки бутактын астынан бир мөмөчө чыгарылды.

22Мөмөчөлөрү менен бутактары өзөктүн өзүнөн чыгарылып, бардыгы таза алтындан бир бүтүн болуп жасалып, чегилди.

23Чырактандын жети чырагын, кычкачын, чырак өчүргүчтөрүн таза алтындан жасады.

24Чырактанды жана ага тиешелүү бардык нерселерди бир талант таза алтындан жасады.

25Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды акация жыгачынан төрт бурчтуу кылып жасады. Анын узундугу бир чыканак, туурасы бир чыканак, бийиктиги эки чыканак болду. Анын төрт бурчунан мүйүздөр чыгарылды.

26Анын өзүн, үстүн, капталдарын, мүйүздөрүн таза алтын менен каптап, таажыныкындай кылып, айландыра алтын ачакей жасады.

27Ачакейдин астындагы эки бурчуна эки алтын шакек жасады. Шыргый салып көтөрүп жүрүү үчүн, аларды эки жагына жасады.

28Шыргыйларды акация жыгачынан жасап, аларды алтын менен каптады.

29Майлоочу майды, түтөтүү үчүн жыпар жыттуу таза заттарды, аралашма жасаган адамдай, чеберчилик менен жасады.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>