1Курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды акация жыгачынан төрт бурчтуу кылып, узундугун беш чыканак, туурасын беш чыканак, бийиктигин үч чыканак кылып жасады.
2Анын төрт бурчунан мүйүз чыгарып, аны жез менен каптады.
3Курмандык чалынуучу жайга тиешелүү бардык нерселерди: күл сала турган идиштерди, калактарды, чараларды, айрыларды, чок салгычтарды, ага тиешелүү нерсенин баарын жезден жасады.
4Курмандык чалынуучу жай үчүн жезден арчындап тор жасады. Анан курмандык чалынуучу жайдын жарымын түзүп тургудай кылып, аны тегерете чыгып турган кырдын астына орнотту.
5Шыргыйларды киргизүү үчүн, тордун төрт бурчуна төрт шакек жасады.
6Шыргыйларды акация жыгачынан жасап, аларды жез менен каптады.
7Курмандык чалынуучу жайды көтөрүп жүрүү үчүн, шыргыйларды капталдарындагы шакектерге киргизди. Курмандык чалынуучу жайды тактайдан ичин бош кылып жасады.
8Жуунгучту жана анын түбүн жезден жасады, аларды жыйын чатырынын кире беришинде кызмат кылган аялдардын күзгүлөрү менен кооздоду.
9Короону мындай жасады: түштүк тарабына чыйратылган зыгыр буласынан узундугу жүз чыканак болгон жабуу жасады.
10Ал үчүн жыйырма мамы жана мамылардын астына жыйырма жез таканыч жасады. Мамылардын илгичтери менен мамыларды бириктирген шырыкты күмүштөн жасады.
11Түндүк жагына да узундугу жүз чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн жыйырма мамы, мамылардын астына жыйырма жез таканыч жасалды. Мамылардын илгичтери менен мамыларды бириктирген шырыктарды күмүш менен каптады.
12Батыш жагына да узундугу элүү чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн он мамы, мамылардын астына он таканыч жасады. Мамылардын илгичтери менен мамыларды бириктирген шырыктарды күмүш менен каптады.
13Короонун чыгыш жакты караган алдыңкы бетине узундугу элүү чыканак болгон жабуу жасады.
14Короонун эшигинин бир тарабына узундугу он беш чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жасалды.
15Эшиктин экинчи тарабына узундугу он беш чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жасалды.
16Короону айланта тартылган бардык жабуулар чыйратылган зыгыр буласынан жасалды.
17Ал эми мамылардын таканычтары жезден, илгичтери менен шырыктары күмүштөн жасалды. Мамылардын үстү күмүш менен капталды. Короонун бардык мамылары күмүш шырыктар менен бириктирилди.
18Короонун кире беришиндеги көшөгө ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана чыйратылган зыгыр буласынан саймаланып жасалды. Анын узундугу жыйырма чыканак, бийиктиги беш чыканак болуп, короонун жабуулары сыяктуу эле узатасынан тартылды.
19Ал үчүн төрт мамы орнотулуп, мамылардын астына жезден төрт таканыч куюлду. Мамылардын үстү күмүш менен капталды, алардын илгичтери жана аларды бириктирген шырыктар да күмүштөн жасалды.
20Жыйын чатырынын жана короонун тегерегиндеги казыктардын баары жезден куюлду.
21Мусанын буйругу боюнча, ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Итамардын жетекчилиги астында лебилер жыйын чатырына жумшалган нерселерди эсептешти.
22Теңир Мусага эмнени буйруса, ошонун баарын Жүйүт уруусундагы Хурдун уулу, Уринин уулу Бетселел жасады.
23Аны менен бирге Дан уруусундагы Акисамак уулу Алыйап иштеди. Ал таш чеккич, чебер токуучу, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөрдөн жана зыгыр буласынан жасалган кездемелерге сайма сайган саймачы эле.
24Ыйык жайдын бардык керектөөлөрүнө жумшалган, тартууга алып келинген алтын жыйырма тогуз талант болду. Ыйык шекелден жети жүз отуз шекел болду.
25Эсепке кирген элден жыйналган күмүш жүз талант жана бир миң жети жүз жетимиш беш ыйык шекел болду.
26Эсепке кирген, жыйырма жана андан жогорку жаштагы алты жүз үч миң беш жүз элүү кишинин ар бири ыйык шекелден жарым шекел берди.
27Жүз талант күмүш ыйык жайдын жана көшөгөлөрдүн таканычтарын куюуга жумшалды. Жүз таканычка жүз талант күмүш, бир таканычка бир талант күмүш жумшалды.
28Мамылардын илгичтерин, мамыларды бириктирген шырыктарды жасаганга жана мамылардын үстүн күмүш менен каптаганга бир миң жети жүз жетимиш беш шекел жумшалды.
29Тартууга алып келинген жез жетимиш талант, эки миң төрт жүз шекел болду.
30Ал жезден жыйын чатырынын кире беришиндеги мамылардын таканычтарын, курмандык чалынуучу жайды, анын жез торун жана курмандык чалынуучу жайдын бардык буюмдарын,
31короонун мамыларынын таканычтарын, эшиктин мамыларынын таканычтарын, жыйын чатырынын казыктарын, короонун тегерегиндеги бардык казыктарды жасады.