Чыгуу 39:1-43 KYB2004 - Bible AI

1Алар ачык көк, ачык кызыл жана кочкул кызыл түстөгү жүндөн ыйык жайда кызмат кылганда кийиле турган ыйык кийимдерди да токушту. Теңир Мусага буйругандай, Арунга ыйык кийимдерди токушту.

2Эфодду алтындан, ачык көк, ачык кызыл жана кочкул кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан токушту.

3Алар алтынды жука жайып, андан жип жасап, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөрдүн, зыгыр буласынан чыйратылган жиптердин арасына кошуп, чеберчилик менен кездеме токушту.

4Эфоддун эки ийинине алды-артын бириктире турган чен жасашты, чендин эки учу эфоддун алды-артына бириктирилди.

5Эфоддун бел курчоосун эфоддукундай кылып алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөн жана чыйратылган зыгыр буласынан Теңир Мусага буйругандай кылып токушту.

6Оникс таштарына, мөөрдүн бетине чеккендей, Ысрайыл уулдарынын аттарын чегип жазып, аларды алтын оюктарга салышты.

7Теңир Ысрайыл уулдарын эсине алышы үчүн, Теңир Мусага буйругандай, аны эфоддун чендерине бекитишти.

8Эфодду токугандай эле, төш чөнтөктү да алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан чеберчилик менен токушту.

9Ал төрт чарчы эле. Төш чөнтөктү алар эки кат кылып токушту, анын узундугу бир карыш, туурасы бир карыш.

10Ага асыл таштарды төрт катар кылып салышты. Биринчи катарына лаал, топаз, зымырыт,

11экинчи катарына карбункул, сапфир, алмаз,

12үчүнчү катарына жакут, агат, аметист,

13төртүнчү катарына хризолит, оникс жана яспис салышты. Алар алтын оюктарга жаткырылды.

14Таштар Ысрайыл уулдарынын санына жараша болду. Алардын аттарынын саны он эки эле. Мөөрдүн бетине чеккендей, ар бир таштын бетине он эки уруунун аты бирден чегилип жазылды.

15Төш чөнтөк үчүн таза алтындан өрүлгөн чынжырчаларды жасашты.

16Алтындан эки оюк, эки шакекче жасап, эки шакекчени төш чөнтөктүн эки учуна бекитишти.

17Алтындан өрүлгөн чынжырчаларды төш чөнтөктүн эки учундагы шакекчелерге өткөрүштү.

18Ал эми эки чынжырчанын эки учун эфоддун ченинин сырткы бетине бекитишти.

19Дагы эки алтын шакекче жасап, аларды төш чөнтөктүн экинчи эки учуна, төш чөнтөктүн ички бетине бекитишти.

20Алтындан дагы эки шакекче жасап, эфоддун сыртына, эки чендин ылдый жагындагы эфоддун алды-арты бириккен жерине, бел курчоонун үстүнө бекитишти.

21Теңир Мусага буйругандай, төш чөнтөктүн шакекчелери менен эфоддун шакекчелерин ачык көк жүндөн чыйратылган боо менен байлашты, төш чөнтөктү эфоддон түшпөгүдөй кылып, бел курчоонун үстүнөн байлашты.

22Анан эфоддун ичинен кие турган чапанды ачык көк жүндөн токушту.

23Чапанга сооттукундай туюк жака чыгарып, айрылбашы үчүн жээгин кыюулап коюшту.

24Ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөн чапандын этегине тегерете чокторду жасашты.

25Таза алтындан жылаажындарды жасап, аларды чоктордун араларына, чапандын этегине кыдырата тагышты.

26Теңир Мусага буйругандай, жылаажындар менен чокторду ыйык кызмат кылганда кийиле турган чапандын этегине алмак-салмак, кыдырата тагышты.

27Арунга жана анын уулдарына зыгыр буласынан узун көйнөктөрдү токушту.

28Зыгыр буласынан кидарларды, баш кийимдерди, ич кийимдерди токушту.

29Теңир Мусага буйругандай, чыйратылган зыгыр буласынан, ачык көк, ачык кызыл жана кочкул кызыл түстөгү жүндөн кооздоп бел курчоо токушту.

30Таза алтынды жылмалап, ыйык таажы жасап, мөөрдүн бетине чеккендей, анын бетине «Бул Теңирге арналган» деп чегип жазышты.

31Теңир Мусага буйругандай, аны кидарга байлаш үчүн, ага ачык көк жүндөн боо бекитишти.

32Ошентип, жыйын чатырынын бардык жумуштары бүттү. Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары баарын так ошондой аткарышты.

33Анан алар Мусага жыйын чатырын, анын жабууларын, ага тиешелүү бардык нерселерди, анын илгичтерин, устундарын, шыргыйларын, мамыларын жана таканычтарын алып келишти.

34Кызылга боёлгон кой терисинен жасалган жабууну, деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабууну жана далдалай турган көшөгөнү,

35мыйзам салынган сандыкты, анын шыргыйларын, капкагын,

36үстөлдү жана ага тиешелүү бардык нерселерди, нан тартууларын,

37таза алтындан жасалган чырактанды, анын үстүнө коюлуучу чырактарды жана ага тиешелүү нерселердин баарын, чырактанды күйгүзүүчү зайтун майын,

38алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды, майлоочу майды, түтөтүлүүчү жыпар жыттуу заттарды жана жыйын чатырынын кире беришиндеги көшөгөнү,

39жезден жасалган курмандык чалынуучу жайды, анын жез торун, шыргыйларын, ага тиешелүү бардык нерселерди, жуунгучту жана анын түбүн,

40короонун жабууларын, мамыларын, алардын таканычтарын, короонун кире беришиндеги көшөгөнү, аркандарын, казыктарын жана жыйын чатырында кызмат кылганда керектелүүчү буюмдарды,

41ыйык жайда кызмат кылганда кийиле турган кийимдерди, ыйык кызмат кылуучу Арундун ыйык кийимдерин, Арундун уулдарынын ыйык кызмат кылганда кие турган кийимдерин алып келишти.

42Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары бардык жумушту так ошондой аткарышты.

43Муса алар аткарган жумуштун бардыгын карап чыгып, бардыгы Теңир буйругандай аткарылганын көрдү. Ошондо Муса аларга батасын берди.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>