Чыгуу 4:1-31 KYB2004 - Bible AI

1Муса мындай деп жооп берди: «Эгерде алар мага ишенбей, менин үнүмдү укпай: “Теңир сага келген жок”, – дешсечи?»

2Теңир андан: «Колуңдагы эмне?» – деп сурады. Ал: «Таяк», – деп жооп берди.

3Теңир ага: «Аны жерге ташта», – деди. Ал аны жерге таштаганда, таяк жыланга айланды. Муса андан качты.

4Теңир Мусага: «Колуңду сунуп, аны куйругунан карма», – деди. Ал колун сунуп, жыланды кармады. Ошондо ал анын колунда кайрадан таяк болуп калды.

5Ошондо Теңир ага: «Бул жышаан аларга өздөрүнүн ата-бабаларынын Кудайы – Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайы сага келгендигине ишениши үчүн көрсөтүлсүн», – деди.

6Теңир ага дагы мындай деди: «Колуңду койнуңа сал». Ал колун койнуна салып, кайра чыгарганда, колу пес оорусунан кардай агарып калды.

7Теңир дагы: «Колуңду кайрадан койнуңа сал», – деди. Ал колун койнуна салып, кайра чыгарганда, мурунку калыбына келди.

8Ошондо Теңир ага дагы мындай деди: «Эгерде алар сага, биринчи жышаанга ишенбей коюшса, анда экинчи жышаанга ишенишет.

9Эгерде алар бул эки жышаанга да ишенбей, сени укпай коюшса, анда дарыядан суу сузуп алып, жерге төк. Жерге төгүлгөн суу канга айланат».

10Ошондо Муса Теңирге: «О, Теңир! Мен мурун эле сөзгө чечен эмес болчумун. Сен Өзүңдүн кулуң – мени менен сүйлөшүп жаткан учурда да, мен ошондой элемин. Мен кыйналып сүйлөйм, мен кекечмин», – деди.

11Теңир ага: «Адамга ооз берген ким? Аны дудук же дүлөй, көздүү же сокур кылган ким? Ошенткен Теңир Мен эмесминби?

12Демек, баргын. Мен сага айтып турам, эмнени айтууну үйрөтүп турам», – деди.

13Муса мындай деди: «Теңир, менден башканы жибер».

14Ошондо Теңир Мусага каарданып, мындай деди: «Леби уруусундагы Арун деген бир тууганыңчы? Мен анын сүйлөй аларын билем. Азыр ал сенин алдыңдан чыгат, сени көргөндө, сүйүнүп кетет.

15Сен ага айтып турасың, эмнени айтууну үйрөтүп турасың. Мен болсо сага да, ага да эмне деш керек экениңерди айтып турам, эмне кылууну үйрөтүп турам.

16Ал сенин ордуңа элге чыгып сүйлөйт. Ошондуктан ал сенин оозуң болот, сен болсо ал үчүн Кудай ордуна болосуң.

17Бул таякты да колуңа ал, муну менен керемет көрсөтөсүң».

18Муса ал жерден кетти. Анан ал кайнатасы Итрого келип, мындай деди: «Мен кетейин, Мисирдеги бир туугандарыма кайра барайын, алар тирүү бекен, көрүп келейин». Итро Мусага: «Тынчтык менен бара бер», – деди.

19Мидиан жеринде Теңир Мусага: «Жөнө, Мисирге кайра бар, анткени сени өлтүрүүнү каалагандардын баары өлүшкөн», – деди.

20Ошондо Муса аялы менен уулдарын эшекке мингизип, Мисир жерине жөнөп кетти. Муса Кудайдын таягын да колуна алды.

21Теңир Мусага мындай деди: «Мисир жерине кайра барганыңда, байкагын, Мен сага айткан кереметтердин баарын фараондун алдында көрсөт. Мен болсо анын жүрөгүн катуулантып коём, ошондо ал элди коё бербейт.

22Фараонго мындай деп айт: Теңир мындай дейт: “Ысрайыл Менин уулум, тун уулум.

23Мен сага айтып жатам: Менин уулумду коё бер, ал Мага ийбадат кылсын. Эгерде коё бербесең, анда Мен сенин уулуңду, тун уулуңду өлтүрөм”».

24Жолдо түнөгөн жерде Теңир Мусага жолугуп, аны өлтүргүсү келди.

25Ошондо Сипор таш бычакты алып, уулунун сүннөтүн кесип, Мусанын бут алдына таштады да: «Эми сен менин кан күйөөмсүң», – деди.

26Ошондо Теңир андан кетти. Сипор ага: «Сүннөткө отургузуу аркылуу сен менин кан күйөөмсүң», – деди.

27Теңир Арунга: «Чөлгө барып, Мусаны тосуп ал», – деди. Ал жолго чыгып, Кудайдын тоосунун жанынан Мусага жолугуп, аны бетинен өптү.

28Муса Арунга өзүн жиберген Теңирдин бардык сөздөрүн, Ал осуят кылган бардык кереметтер жөнүндө айтып берди.

29Анан Муса Арун менен барып, Ысрайыл уулдарынын бардык аксакалдарын чогултту.

30Арун аларга Теңирдин Мусага айткан сөздөрүнүн баарын айтып берди. Муса болсо элдин көз алдында кереметтерди көрсөттү.

31Ошондо эл ишенди. Алар Теңирдин Ысрайыл уулдарына келгенин, алардын тарткан азабын көргөнүн угушканда, тизе бүгүп таазим этишти.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>